• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 08-13.07.2019

Аналитика 0

Бул жума өлкө экономикасына байланышкан ири эл аралык иш-чаралар менен сыпатталды. КР президентинин Швейцарияга болгон визити эки өлкө ортосунда бизнес жаатындагы келишимдерге кол коюу менен коштолду. Ошондой эле коңшу Казакстандын өкмөт башчысынын Кыргызстанга болгон визити да жакшы жыйынтыкталып, бир катар документтерге кол коюлду. Андан тышкары, дагы бир маанилүү жаңылык - Евразия өнүктүрүү банкы сактыктын өсүп жаткандыгын билдирди, бул Кыргызстандан үчүн жакшы индикатор болуп саналат. Аптанын дагы бир жакшы жаңылыгы - үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өлкө ИДПнын өсүшү болду. Мындай өсүш көптөн бери байкала элек болчу.

Маммүлктү башкаруу. Бүгүнкү күндөгү Мамлекеттик мүлктү башкаруунун колдонуудагы системасы - мамлекеттик активдерди пайдалануудан түшкөн кирешелерди максимизациялоого жана мамлекеттик компанияларды тармактык жөнгө салуу боюнча функцияларга кызыкдар болгон, төмөн натыйжа менен жана менчик ээси катары мамлекеттин функцияларынын ортосундагы ички карама-каршылыктардын болушу менен мүнөздөлөт.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо боюнча төмөнкү чараларды көрүү сунушталат:

- ата мекендик экономиканын ар кандай чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш болгон Улуттук башкаруучу компанияларды түзүү;

- мамлекеттик компанияларды корпоративдик башкаруунун заманбап системасын киргизүү жана алардын капиталын динамикалык өстүрүү үчүн шарттарды түзүү;

- бул тармактагы мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык, мамлекеттик компаниялар ички контролдук системасын өнүктүрүү үчүн негиз түзүү;

- тармактык мамлекеттик органдарга мамлекеттик компанияларда зарыл болгон тармактык саясатты жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү так механизмдерди орнотуу.

Ушуга байланыштуу, Өкмөт тарабынан жогоруда аталган чараларды ишке ашырууга багытталган “Кыргыз Республикасындагы Улуттук башкаруу компаниялары жөнүндө” Мыйзам долбоору демилгеленген.

ЕАӨБдүн портфели өстү. Бул жумада 2019-жылдын 1-июлуна карата Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) инвестициялык портфели 8 млрд. 25 млн. АКШ долларын түзүп, жыл башынан бери 625 млн. долларга өскөндүгү маалым болду.

Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельяниновдун айтуусунда, былтыр ушул эле мезгилде көрсөткүч 6,9 млрд. долларды түзгөн болчу.

"Учурдагы инвестициялык портфель 3 млрд. 708 млн. долларды түзөт. Алгачкы күндөгү иштердин жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын июлунда учурдагы инвестициялык портфель 272 млн. долларга өсүп, 3 млрд. 980 млн. долларды түздү. ЕАӨБнын топтогон инвестициялык портфели 8 млрд. 280 млн. доллар", - деп билдирди Бельянинов.

Андан тышкары, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАӨБнын таза кирешеси 39,1 млн. долларды түзгөн, былтыр ушул эле мезгилде - 37, 5 млн. доллар.

"Самрук-Казына" фонду жана КР. Казакстандын "Самрук-Казына" улуттук фонду" Кыргызстандагы бир нече долбоорго кызыкдар.

Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов билдиргендей, сөз энергетика жана алтын казып алуу тууралуу болууда.

"Жакында эле "Самрук-Казынанын" жетекчилиги менен жолуктум. Алардын Кыргызстан боюнча планы бар экенин билем. Биз алардын интеграция боюнча аракеттерин колдоого даярбыз", - деди ал.

Бирок ал так долбоорлорду атаган жок.

Белгилей кетсек, Казакстандын өкмөтү "Самрук-Казына" фондунун жалгыз акционери болуп келет. Анын активдери ондогон миллиард долларды түзөт.

Швейцария менен бизнес. Бул жумадагы маанилүү жаңылыктардын бири бул Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээбековдун Швейцарияга болгон сапары болду. Мамлекет башчысын өлкөдөгү көрүнүктүү бизнес өкүлдөрү коштоп барышкан. Расмий жолугушуулардын соң, Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргөн. Анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлган.

Расмий маалыматтар боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Швейцариянын Бириккен Соода палатасынын ортосундагы өз ара кызматташтык тууралуу документ;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм Департаменти менен «Switzerland Tourism» Улуттук маркетинг уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана туризм чөйрөсүндө кызматташтык тууралуу документ;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Цюрих Университети жана Цюрих Университеттик Госпиталынын ортосундагы респиратордук, ички жана бийик тоолуу медицина жана изилдөө чөйрөлөрүндө кызматташтык тууралуу документ.

Жагымдуу өсүш. Алдын ала эсеп боюнча, 2019-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукттун көлөмү 232 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4 пайызга өстү.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-июнь айында ички дүң продуктунун көлөмү 207 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайызга пайызга өстү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январь-июнунда 127 млрд. сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 19,7 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн (1,5 эсеге) металл кендерин казып алуунун (1,4 эсеге), көмүрдү өндүрүүнүн (22,6 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (14,1 пайызга), текстиль жана кийимдерди (15,3 пайызга) өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Баалардын өзгөрүшү. 2019-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтери республика боюнча жалпысынан 0,3 пайызга жогорулагандыгы байкалат.

КР Улуттук статистика комитети маалымдагандай ,азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 1,6 % өскөн, алколголдук суусундуктар жана тамекиге - 3,4%га, тарифтер жана азык-түлүк эмес товарларга тескерисинче 2%га төмөндөгөн, кызматтар - 0,4%.

Жыл башынан бери картошкага болгон баалар 57,2%, буудай- 8,3%, кой эти - 4,2%, күрүч - 3,5%, биринчи сорттогу унга - 3%, жер-жемиштер - 2,1%, кургатылган сүт азыктары - 2,1% жана тоок 1,8%.

Казактын күйүүчү майлоочу майын күтөбүз. Бул аптада Кыргызстанга коңшу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин визит менен келди, анда ал Кыргызстандын өкмөт башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандан күйүүчү май жана мунай зат ташуу маселесин көтөрдү.

"Отун-энергетика комплексин өнүктүрүү максатында Кыргызстан Казакстандан күйүүчү май жана мунай ташуу маселесин чечүүгө кызыкдар. Биз бул документке Казакстандан кол коюларына үмүт кылабыз", - деп билдирди Абылгазиев.

Казакстандан күйүүчү жана майлоочу майды Кыргызстанга ташып келүү боюнча буга чейин да сөз болгон. Учурда Кыргызстан күйүүчү майды керектүү көлөмдө бажы алымдарысыз Россиядан алып келет. Салыштырмалуу күйүүчү майдын баасы өлкөдө анча кымбат эмес жана токтоосуз жеткирилүүдө. Аны менен бирге Казакстандан күйүүчү май алып келүү Кыргызстан үчүн Россияга караганда кыйла арзан болушу мүмкүн. Чек ара аймагындагы россиялыктар бензинди казактардан сатып алууну туура көрүшөт, анткени арзан жана сапаттуу.

Максат - $1 млрд. Казакстандын премьер-министри менен болгон расмий жолугушууда айтылгандай, эки тараптуу товар жүгүртүүнү жогорулатуу жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары бекемдөөдө Кыргызстан менен Казакстандын мүмкүнчүлүктөрү жогору.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Абылгазиев белгилегендей, Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болуп келет.

"Казакстандын Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү 11%ды түзөт. Анын ичинде экспортто – 14%. Биздин маалымат боюнча, 2018-жылы Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 843 млн. долларды түзгөн. Бүгүн биз аны жакынкы мезгилде 1 млрд. долларга чыгаруу тууралуу сүйлөштүк", - деди ал.

Абылгазиев 2018-жылы 2017-жылга караганда товар жүгүртүү 7%га өскөнүн белгилеген.

Казак салымы. Ушул жуманын аягында Кыргызстанга визит менен келген Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин казак бийгилинин Кыргызстанга болгон мамилесин жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдирди. "Казакстан Кыргызстандын экономикасына инвестиция кылган алдыдагы үч инвестордун бири. Казакстан Кыргызстандын экономикасына инвестиция жасаган үч ири инвестордун катарына кирет. 2005-жылдан 2017-жылга чейин түз инвестициялардын көлөмү 670 млн. доллар болгон. Биз инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө даярбыз. Биз менен кошо Кыргызстандагы кесиптештери менен активдүү иштегиси келген жоон топ бизнесмендер келди. Бүгүн отурумдун алкагында биздин өлкөлөр ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы долбоорлорду таап, сунуштайбыз деп ишенем. Анын ичинде Кыргызстандын экономикасына түз инвестиция тууралуу сөз болууда", - деди Мамин.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгындагы эң бир маанилүү жагдай - бул жүк ташуу анын ичинде Казакстан аркылуу үчүнчү мамлекеттерге кетип жаткан жүктөрдү өткөрүү жол-жолболорун жеңилдетүү маселеси болду. Мурдараак эки өлкө ортосундагы ветеринарык тармакта кызматташуу боюнча баардык маселелер чечилген болчу.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий