• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 08-19.01.2019-жыл

Аналитика 0

Электромобилдерден пайда. 2019-жылдан тарта электромобилдер каттоо салыктарынан бошотулат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, гибриддик транспортту каттоо жана кайра каттоого КРнын салыктык эмес кирешелери тууралуу КР Кодексинин 50-беренесине жараша 50%га аз өлчөмдөгү салык алынат.

КФБнын товардык-чийки зат тармагына кирүүсү. "Кыргызстандын Фондулук биржасы" ЖЧКсы ("КФБ" ЖЧК) биринчи жолу товардык-чийки зат тармагында пилоттук сатуу өткөрдү. Биринчи бүтүм Сарыташ (Травертин) курулуш материалдарын сатуу боюнча жүргүзүлгөн.

Товардык-чийки зат тармагы - Биржанын электрондук соода жүргүзүү аянтчасы. Азыктарды жана кызматтарды ийгиликтүү ишке ашыруунун кошумча мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган. 2019-жылдан тарта бардык компаниялар, жеке ишкерлер жана айыр-чарба азыктарын чыгаргандар сатуу жана сатып алууларды жүргүзө алышат.

КР Forbes рейтингинде. Кыргызстан эки жыл ичинде абройлуу Forbes журналынын бизнес үчүн жагымдуулук рейтингинде 123-орундан 108-орунга чыгып, абалын жакшыртты.

Кыргызстан Doing Business рейтингинде 77-орундан 70-орунга чыккан.

Андан тышкары, Экономика министри Олег Панкратов билдиргендей, Дүйнөлүк Банктын отчетуна ылайык Кыргызстан "Төлөө жөндөмсүздүгүнүн чечилиши" көрсөткүчүндө 82-орунга (+37), "Эл аралык соода" - 70 (+14), "Миноритардык инвесторду коргоо" - 38 (+13) жана "Контракттарды аткарууну камсыздоо" боюнча 131-орунга (+8) чыгып көрсөткүчтөрүн жакшырта алган.

Муну баары эл аралык эксперттердин Кыргызстанды баалоосуна оң таасирин тийгизген.

5000 сом купюра канча турат. Eday интернет-аукционунда 5 миң сомдук кыргыз сому сатыкка коюлган.

Аукциондун баштапкы баасы 685 АКШ долларын түзгөн.

Бул банкнотто үлгү деген жазуу бар жана сериялык номери АA0000000. Аталган купюра төлөм каражаты болуп эсептелбейт.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий