• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 09-14.09.2019

Аналитика 0

Инвестициянын өсүшү. Бул аптада Кыргызстанга келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында 393, 7 млн. АКШ долларын түзгөндүгү айтылды. Мындан бир жума мурда эле Кыргызстандан инвестициянын агылып чыгып жаткандыгы тууралуу айтылган болчу.

Кыргызстандын Мамлекеттик статистика комитети билдиргендей, инвестициянын түшүү деңгээли 120,7 млн. долларды түзгөн. Өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырганда түз чет өлкөлүк инвестициялардын структурасында резидент эместерден тартылган кредиттердин жана реинвестицияланган пайданын көлөмүнүн көбөйүүсү белгиленген.

Тартылган инвестициялардын структурасына карата, түз чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү мурдагы мезгилдегидей эле (98 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүшүнө, пайдалуу кендерди казууга, маалымат жана байланыш тармактарына, дүң жана чекене соодага, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө багытталган.

Мында, геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын көлөмү 3,6 эсеге 48 миллион АКШ долларынан 175 миллион долларга чейин, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 2,7 эсеге 40 миллион долларга 107 миллион АКШ долларына чейин көбөйгөн. Ошол эле убакта пайдалуу кендерди казып алуучу ишканаларга инвестициялар 1,8 эсе 69 миллион доллардан 39 миллион АКШ долларына чейин, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 1,4 эсеге 29 миллион доллардан 21 миллион АКШ долларына чейин төмөндөдү.

Мамлекеттик карыз төлөнүүдө. 2019-жылдын январь-август айлары аралыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 16 млрд. 204 млн. сом сарпталды.

КР финансы министрлигинен кабарлашкандай, анын ичинен мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 8 млрд. 398,5 млн. сом, мамлекеттик ички карыз боюнча – 7 млрд. 805,5 млн. сом.

2019-жылдын 30-июлуна карата Кыргызстандын мамекеттик (тышкы+ички) карызы 4 млрд. 453,99 млн. долларды (310 млрд. 667,54 млн. сом) түзөт.

Анын ичинен:

- 3 млрд. 767,49 млн. доллар (262 млрд 784,07 млн. сом) мамлекеттик тышкы карыз;

- 686,50 млн. АКШ доллары (47 млрд. 883,47 млн. сом) мамлекеттик ички карыз.

ЕРӨБ тарабынан бекитилген насыя. Ушул жумада Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында бир катар шаарлардын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоого багытталган ратификациялык мыйзам долбоорлору каралып, жактырылды.

Финансы каражаты «Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)» долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан бөлүнөт.

Долбоордун жалпы баасы – 9,275 млн еврону түзөт.

4 млн. евро насыя, 4,125 млн евро грант түрүндө берилмекчи. Ал эми 1,15 сон евро техникалык кызматташтык үчүн.

ТИМдеги жаңы департамент. Бул аптада Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ТИМде жаңы бөлүм ачылгандыгын билдирди. Ал - экономикалык дипломатия департаменти деп аталат.

"Департамент инвестиция тартуу, атамекендик азыктарды чет элдик базарларга чыгаруу, туристтик потенциалды жылдыруу сыяктуу бир катар маселелер менен алектенет. Бизди өкмөт колдоп, башка ведомстволордон 9 адам бөлүп берди", - дейт министр.

Айдарбеков кошумчалагандай, департамент ишин жаңыдан гана баштаган.

"Азырынча олуттуу жыйынтыктарга жетиштик деп айта албайм, бирок, бул багытта конкреттүү иштерди жасадык. Документтерди системага киргизип, иш-чаралардын планын иштеп чыгып, аны бекитип дипмекемелерге жөнөттүк. Пландын ар бир пунктун көзөмөлдөп жана чет өлкөдөгү дипөкүлчүлүктөр менен иштейбиз. Андан тышкары, бул планга президенттин элчилер менен болгон жолугушуусунун жыйынтыктары, премьер-министрдин тапшырмалары киргизилген", - деп кошумчалады Айдарбеков.

ИДП өстү. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 2019-жылдын январь-август айларында 334 млрд. сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2% өскөн. “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканынын эсебисиз ИДП үстүбүздөгү жылы январь-август айларында 298 млрд. сомдон ашып, 3,0 пайызга өскөн.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 169 млрд. сомду түздү жана 2018-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 17,0 пайызга өстү. Бул негизинен металл өндүрүүнүн (42,7 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн (36,1 пайызга), металл рудаларын казуунүн (27,6 пайызга), чийки мунайзат жана жаратылыш газынын (15,6 пайызга), химиялык продукциялардын (11,2 пайызга), ошондой эле көмүр казуунун (6,2 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен болду.

Аны менен бирге республиканын тышкы соода жүгүртүүсү, алдына ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын январь-июлунда 3,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 6,9 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 9,1 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 11,8 пайызга кыскарды.

Республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2019-жылдын январь-июлунда 1,4 млрд. АКШ долларын түздү жана былтыркы жылдын ушул салыштырмалуу 9,5 пайызга азайды. Экспорттук жөнөтүүлөрдүн 20,1 пайызга, ошондой эле импорттук келип түшүүлөрдүн 6,1 пайызга төмөндөгөнү белгиленди. Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (59,9 пайызы) жана Казакстанга (37,9 пайызы) туура келди.

Араб насыясы. Маалым болгондой, Сауд өнүктүрүү фонду Баткен жана Талас облустарында суу системасын жакшыртуу үчүн 30 млн. доллар бөлөт.

КР финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда 30 млн. АКШ доллар суммасына Баткен жана Талас областтарында айылды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу долбоору боюнча насыялык макулдашууга кол коюлду.

Айылды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду донордук уюмдар болушат. ИӨБнын каржылоо суммасы 20 млн. АКШ долларын түзөт, насыялоо мөөнөтү – 30 жыл, анын ичинен 10 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Кыргыз өкмөтүнүн кош каржылоосу 10 млн. доллар өлчөмүндө каралган. Долбоордун жалпы наркы 60 млн. АКШ доллары деп бааланууда.

Ички миграция кыскарууда. Ушул аптада Кыргызстандагы ички миграцияга болгон байкоонун жыйынтыгы тууралуу маалым болду. 2019-жылдын январь-июнунда 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу калктын ички миграциясы 14,4 пайызы төмөндөгөнү белгиленген.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, ички миграциянын башкы себеби - жумуш.

Мигранттардын агымы Бишкек шаарына жана Чүй облусуна багытталды. Муну менен бирге, 2018-жылы жалпы миграциалык өсүүсүсүндөгү Бишкек шаарынын үлүшү 64,4 пайызды, ал эми Чүй облусунун үлүшү – 35,6 пайызды түздү. 2013-жылдан тарта облустар аралык ички миграцияга катышкан эркектерге караганда аялдардын саны басымдуулук кылат. Борбор шаарга келген облустар аралык мигранттардын дээрлик жарымын (48,9 пайызы) 20-34 жаш курактагы жаш адамдар түздү.

Карыздарды кайтаруу. 2019-жылдын 8 айында кайтарылган бюджеттик насыялардын жалпы суммасы 3 млрд. сомдон ашкан.

КР финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 8 айда чарбакер субъекттерден бюджеттик насыялар боюнча карыздарды кайтаруу планы 126,6 % аткарылды.

2019-жылдын январь - август айлары аралыгында кайтарылган бюджеттик насыялардын жалпы суммасы 3 млрд. 469,72 млн. сомду түздү.

Анын ичинен:

-негизги карыз боюнча – 2 млрд. 371,39 млн. сом,

-пайыздар жана айыптар боюнча 1 млрд. 98,32 млн. сом кайтарылды.

Жеңилдетилген насыя. Кыргызстандагы товар өндүрүүчүлөргө дээрлик 10 миң жеңилдетилген насыя берилди.

КР финансы министрлигинин маалыматы боюнча, «Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 4 млрд. 854,5 млн. сомго 9 823 жеңилдетилген насыя берилди.

Күйүүчү майга болгон баалар. Орточо республикалык баа үстүбүздөгү жылдын августунда 2018-жылдын августуна салыштырмалуу АИ-92 бензининин баасы 3,92 сомго, же 8,9 пайызга төмөндөдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, дизелдик күйүүчү майга, тескерисинче, бир аз (11 тыйынга, же 0,2 пайызга) жогорулады.

2019-жылдын августунда АИ-92 бензинге карата максималдуу орточо керектөөчү баалары Исфана шаарында (бир литри – 42,92 сом), Баткен шаарында (бир литри – 42,10 сом) жана Кара-Суу шаарында (бир литри - 41,49 сом ) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Покровка айылында (бир литри - 36,67 сом), Талас шаарында (бир литри – 36,94 сом) жана Токмок шаарында (бир литри – 38,29 сом) белгиленди.

Сентябрдагы киреше. Сентябрь айында республикалык бюджеттин кирешеси 11,5 млрд. сомдон ашуу болгон.

Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын болжолдуу маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында республикалык бюджеттин кирешесинин көлөмү 11 млрд. 741,7 млн. 322 миң сомду түзгөн.

Анын ичинде салыктык кирешелер – 10 млрд. 871 млн. 146,6 миң сомду, салыктык эмес кирешелер – 870 млн. 175,4 миң сомду түзгөн. Ошол эле мезгилде республикалык бюджеттин чыгашалары 11 млрд. 630 млн. 361,8 миң сом болгон.

Кысым жок. Бул жумада маалым болгондой, Кыргызстанда инвесторлордун укуктары кысымга алынбайт.

КР экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдиргендей, аймактардагы чет элдик ишканаларга каршы айрым пикир-келишпестиктер жергиликтүү калктын маалымдуулугунун жетишсиздигинен болууда.

"Аймактарда жергиликтүү калкка маалымат жеткирүүдө иштин аз экендиги байкалат. Анын айынан жергиликтүү элдер айрым ишканаларды жабуу керектигин айтып чыгышат. Бизде калкка маалымат жеткирүүдө жана алар менен талкуу жүргүзүүдө көйгөй бар, бирок, инвесторлорго кысым көрсөтүү жок", - деди Алишеров.

Түз инвестиция өсүүдө. Бул аптада түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы өсүп жаткандыгы айтылды. Экономика министрлиги билдиргендей, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 393, 7 млн. АКШ долларын түзгөн. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59,4 %га көбөйгөн жана 393,7 млн. долларды түздү. Ошол эле учурда, түшүү деңгээли 120,7 млн. долларды түздү.

Жыл башынан бери өлкөгө келген инвестиция көлөмүнүн 75,7 пайызы Кыргызстандын аймактарына келип түшкөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштымалуу аймактарга болгон инвестициялардын үлүшү 23,5% га өскөн.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий