• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы 10-15-июль 2017-жыл

Аналитика 0

Апта кыйла интенсивдүү болду

Маммүлктү сатып түгөтүү: Өкмөттүн чечими менен Кыргызстандын ири спирт заводу - “Карабалта спирт заводу” сатыкка коюлду. КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду заводдун баштапкы баасын 200 млн сомго баалады. Объект Бишкектин батышында Кара-Балта шаарында жайгашкан.

Заводдун аянты 30,3 миң чарчы метр тармактык инфраструктураа, зарыл болгон техникага, имаратка ээ. Анын чыгарган негизги продуктусу таза спирт болуп саналат.

37 млн долларды кайтарышат: Кошумча маалыматка ылайык, Нарын облусунда ГЭС каскадын куруу боюнча тендерди утуп алган «Liglass Trading CZ, SRO» чех компаниясы Кыргызстандын Россиянын алдындагы 37 млн доллар өлчөмүндөгү карызын төлөйт. ММБФ мындан тышкары компания Кыргызстанда эки таштанды өрттөөчү завод жана күн станциясын курууга даярдыгын билдирди.

Нарын облусунда чакан ГЭСтерди куруу боюнча тендеринде көптөгөн компаниялар катышышты. Бирок, Чехиянын компаниясы эң кызыктуу сунуштары менен 10 чакан ГЭСтин курулушуна тендерди утуп алды. Өкмөттүк комиссия чех компаниясын бир добуштан жеңүүчү катары табышты. Ал эми калган төртөөнү жергиликтүү “Каганат” компаниясы курат.

КРдагы ислам принциби: Бул аптада Кыргызстан каржы рыногунда, анын ичинде баалуу кагаздары (сукук) боюнча жаңы каржылык куралдарды киргизүүгө кызыкдарлыгы белгилүү болду. Ислам өнүктүрүү банкынын вице-президент Саед Ага баштаган делегациясы менен жолугушууда КР каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ИӨБ жана башка АКТ фонддорунун ролу маанилүү экенин билдирди.

КР 2018-2022-жылдарга өнүктүрүү Программасынын маанилүү багыттардын бири – энергетикалык коопсуздук, транспорттук инфраструктура, айыл чарба тармагы жана аларды ишке ашыруудагы чет элдик инвесторлордун катышуусу абдан маанилүү.

Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан каржылоонун ислам принциптерин киргизүүдө алдыңкы орунда экени белгилүү болду. Бул тууралуу Араб Координациялык Тобунун катышуусундагы тегерек үстөлдүн 3-жыйынында Ислам өнүктүрүү банкынын вице-президенти билдирди.

Саед Аганын айтымында, Кыргызстан туура куралдарды колдонуу менен каржылоонун ислам принциптери багытында алдыда бара жатат.

Араб инвестициялары: Араб Координациялык тобунун өкүлдөрү 357 млн доллардык долбоорлорду жактырды. Тегерек үстөл Араб Координациялык Тобунун катышуусундагы тегерек үстөлдүн 3-жыйынында Кыргызстан 23 долбоор сунуштады. Сунушталган долбоорлордун жалпы баасы 631 млн долларды түзөт. Алардын ичинен 15 долбоор – ирригация, 1 – таза суу менен камсыздоо, 2 – транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан жана 5 – саламаттык сактоо багытында.

ИДПнын өсүшү: Жуманын башында КР Улуттук статистика комитети ички дүң продукциянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2017-жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 194 млрд сомго жакынды түзгөнүн билдирди. Статкызматтын маалыматы боюнча, мындай натыйжалар өнөр жай өндүрүшүнүн, курулуштун жана тейлөө кызматтарынын көлөмүнүн өсүшүнөн улам жетишилген. “Кумтөр” ишканаларын эске албаганда, өнөр жайдын көлөмүнүн өсүшү 3,1%ды түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү январдан июнга чейин өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу негизги металлдарды өндүрүү 1,5 эсеге, металл кендерин алуу – 4,4 эсе, негизги металлдарды өндүрүү – 1,5 эсе жана нефть продуктуларын өндүрүү 1,4 эсеге өскөн.

Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн өсүшү кайра иштетүү жана жашылча-жемиштерди консервалоонун 1,8 эсеге көбөйүшү, ун өндүрүшүнүн – 30%, сүт азыктарынын – 20% өсүшү менен шартталган. Ошондой эле, аялдардын жана эркектердин кийимин чыгаруу өскөн.

Экспорт өстү: Бул жумада 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында экспорттук ташуулар 30%га өскөнү маалымдалды. Бул өлкөдө аял-эркек кийимдерин, кургак жемиштерди, кенди, алтын концентратын жана башка баалуу металлдарды өндүрүү жана экспорттоо менен шартталган. Импорттук түшүүлөрдүн көлөмү 10%га жогорулап, 1 млрд 614 млн долларды түздү. Республикага баарынан көп фармацевтикалык продуктуларды, ун кондитердик азыктарды, байланыш аппаратурасын, жасалма кездемелерди алып келишкен. Ошол эле учурда унаа жана тракторлордун бөлүктөрүн, тетиктерин ташуу 7%, жол жана курулуш техникаларын ташуу – 58%, косметика – 47% кыскарган.

ЕАЭБ алкагында өз ара сооданын көлөмү 874 млн долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 11%га өскөн. Экспорттук ташуулар 29%, импорт – 6,3% жогорулаган. ЕАЭБде жогорку соода үлүшү Россияга – 51,8%, Казакстанга – 48,2% туура келет.

Инфляция өсүүдө, бирок жай: Улуттук статкомдун маалыматы боюнча 1-жарым жылдыкта керектөөчүлүк товарлардын баасы 0,4%га өскөн. Ошону менен бирге баалар азык-түлүккө, алкоголсуз ичимдиктерге – 0,5%, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 0,1% көтөрүлгөн. Ал эми азык-түлүк товарларынын баасы, тескерисинче, бир аз төмөндөгөн.

Биринчи жарым жылдыкта керектөөчүлүк тармакта инфляциянын деңгээли 2,8%ды түздү. Жыл башынан бери тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 5,2%га жогорулаган. Ошону менен бирге сүт азыктары, жумуртка, акшактар бир аз арзандаган. Картошка, жашылчаларга, этке баа кыйла көтөрүлгөнү белгиленген.

Керектөөчүлүк тармактагы инфляцияснын деңгээли 2017-жылдын 6 айында 2,8% түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 1,8% болгон.

АКШ менен соода: Кыргызстан менен АКШнын товар айлантуусу 2016-жылы 154 млн долларды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 31 млн долларга өскөн. Америкалык бизнестин өкүлдөрү бул аптада Кыргызстанга келишип, бизнес-форумга катышышты. Анда 2017-жылдын 3 айында АКШдан түз чет элдик инвестициялар 13 млн доллар түзгөнү айтылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилин салыштырмалуу 10 эсеге көп.

КР Өкмөтү борбор-азиялык турнеде жүргөн америкалык бизнес-делегацияны тосуп алды. КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Америка Ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстон баштаган АКШ соода миссиясынын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү америкалык инвесторлорду жылуу кабылдайт жана чет элдик инвесторлор үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды кабыл алары айтылды. Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын бирден бир маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп калары белгиленди. Кыргыз-америка мамилелеринин тарыхында быйылкы жылы биринчи кыргыз-америка бизнес-форуму өттү. Жолугушууда инфраструктура, өнөр жай, айыл чарба тармактарындагы ири инвестициялык долбоорлор талкууланды.

Батыш инвестициялары: Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев Швейцарияда Швейцария Конфедерациясынын экономикалык маселелер боюнча Мамлекеттик катчылыгынын (SECO) директору Мари-Габриель Инейхен Флейш менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Швейцария Кыргызстан үчүн негизги экспорттук рыноктордун бири экени, ошондой эле, эки өлкөнүн соода мамилелерин диверсификациялоо жана инвестициялык кызматташуу зарылдыгы тууралуу айтылды.

Кожошев айыл чарба, тигүү тармагындаы кыргыз экспортерлорун колдоого багытталган SECO менен жаңы кызматташууга ЕБ жана Швейцария рыногуна чыгуу үчүн тренингдик окутуу программаларын уюштурууну сунуштады.

Мындан тышкары, министр А.Кожошев Женевада Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун башкы директору Роберто Азеведо менен жолугушту. Тараптар талкуулашып, дүйнөлүк экономикадагы сооданын активдешүүсүнүн ыкчам темпине, өнүгүүдөгү жана кыйла аз өнүккөн өлкөлөрдөгү соодадагы тоскоолдуктарга карабастан, донордук коомчулуктун соода шарттарын теңдөөдөгү ролу жогору бойдон калууда деген пикирге келишишти.

Р.Азеведо БДСУ ишмердигине байланыштуу маселелер, анын ичинде өлкөлөр арасында сооданы жөнөкөйлөтүүдө ачык форум катары кызмат өтөй турган КР Улуттук соода процедураларын жеңилдетүү кеңешин түзүү боюнча маалымдалды. Жолугушууда Кыргызстан БДСУнун 2018-жылы Кыргызстандын уюмга 20 жылдыгына карата “Улуу жибек жолун жандандыруудагы БДСУнун ролу” тематикасындагы семинарын өткөрүүнү сунуштады.

ДБ шарттары: Апта ичинде Кыргызстан Digital CASA долбоорунун экологияга зыяны жок экенин далилдебесе, Бүткүл дүйнөлүк банк долбоорду каржылабай турганы белгилүү болду. Банктын өкүлү талаптардын тизмеси бар экенин, бир эле пункт дал келбей калса, каржылоо болбой турганын эскертти.

Digital CASA долбоорунун алкагында ар бир айыл өкмөтүнө, бардык медициналык жана билим берүү мекемелерине, ички иштер органдарына, почта бөлүмдөрүнө була-оптикалык байланыш чубалгыларын өткөрүү пландалууда. ДБ Digital CASA долбоорун ишке ашырууга 50 млн доллар бөлүп берүүнү бекитти.

Фонд аракетте: Бул жумада Чүй облусу боюнча Кыргыз-Россия фонду бул жумада Чүй облусу боюнча жалпы эсеби 55,4 млн доллар же 3,8 млрд сом 112 долбоорду жактырды. Алардын 11 ири долбоор түз фонд тарабынан, калгандары – өнөктөш-банктар тарабынан каржыланат.

Ички инвестор: “Хайдаркен сымап акционердик коому” стратегиялык акционердик коомдо 99,98% акция мамлекет тиешелүү, инвестицияларды тартууга муктаж. Комбинатка жардам берүүнү атамекендик инвестор “Север Сталь” ЖЧКсы жооптуу инвестор катары каралган. Буга КР ММБФ аракеттешкен. Бул аталган акционердик коомду турукташтыруу жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо түшүрөт.

Комбинаттагы жагдай 2009-жылы 18-июнда “Көмөкчү” шахтада 5 кен горизонтундагы 1-категориядагы авариядан кийин кыйындаган. Инвестордун келиши менен комбинатта өндүрүштү жандандыруу, жумуш орундарын түзүү, байытуучу фабриканы модернизациялоо жана жергиликтүү бюджетти толтуруу күтүлүүдө.

Өзбекстан менен соода: Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу өткөн жылга салыштырмалуу 2017-жылыдын биринчи жарымында 1,5 эсеге өскөн. Ошону менен бирге Кыргызстандан Өзбекстанга экспорттолгон продукциянын көлөмү бир кыйла өстү. Жергиликтүү ишкерлердин айтымында, өзбек базарларында Кыргызстандан айнек, шифер жана травертин сыяктуу курулуш материалдарына суроо талап жогору. Ал эми айыл чарба продукцияларынан картошка, алма, жеңил өнөр жай тармагында булгаары жана токулган буюмдар, аялдардын жана балдардын кийимдерине суроо талап жогору.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий