• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 10-15.02.2020

Аналитика 0

Бул аптада Кыргызстандын экономикасына байланыштуу январь айындагы Кыргызстандын ИДПсы, өлкөдө чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрү, сүт жана эттин өндүрүшү ж.б. тууралуу маалыматтар айтылды.

ИДП. (ИДП) 2020-жылдын январь айында Кыргызстандын ИДПсы 31 млрд 78,1 млн сомду түзүп, былтыркы жылдын январь айына караганда өсүш 1,8% болгон.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, "Кумтөр" кен ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 27 млрд 878,8 млн сомду түзгөн (өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2,5%га өскөн).

ИДПнын өсүшү, негизинен өнөр жай, курулуш, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү тармактарынын аркасы менен болгон.

Камсыздандыруу төгүмдөрү. Январь айында өлкөдө 2 млрд 384,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, белгиленген план 104,8 %га аткарылган же башкача айтканда камсыздандыруу төгүмдөрү 109,6 млн сомго ашыгы менен жыйналган.

2019-жылдын январь айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 722,1 млн сомго көп жыйналган.

Инвестициялык долбоорлор. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулунун айтымында, 2019-жылы өлкөдө 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, 63,93 млн доллар инвестиция өздөштүрүлдү.

Ал белгилегендей, былтыр Бишкекте биметаллдык алюминий радиоторлорун чыгаруучу ишкананын ачылышы болуп өттү.

"Ал долбоордун алкагында 40 млн доллар өздөштүрүлдү. Ишкана Бишкек эркин экономикалык аймагында жайгашкан. Анда 300дөн ашык киши иштейт. Буга чейин Кыргызстанда жылытуучу биметаллдык алюминий радиаторлору чыгарылчу эмес. Чийки зат сырттан экспорттолот. Ал эми ишкана чыгарган продукция Казакстан, Россия, Азербайжан жана башка КМШ өлкөлөрүнө экспортко кетип жатат. Экспортко продукциянын 95%ы жөнөтүлүүдө. Андан алынган кошумча нарк салыгы Кыргызстанда калууда", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, былтыр кол кап жана жип чыгарган чакан ишкана ачылган. Ал долбоор боюнча 2 млн доллар өздөштүрүлгөн. Ал ишкана чыгарган продукция Казакстанга экспортко чыгарылып жатат.

Аны менен бирге былтыр ишке ашырыла баштаган инвестициялык долбоордун ичинде Нарындагы индустриялык-соода-логистикалык комплекс бар.

Ошондой эле 2019-жылы тигүүчү ишкана, мейманкана, Ош шаарындагы машина куруучу заводу боюнча долбоорлор жүзөгө ашырыла баштаган.

Инвестициядагы маселе. Инвестициялардын корголушуна ишенимдин жоктугу анын келишине терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Өнөр жай жана ишкерчиликти өнүктүрүү комитетинин экинчи жыйынында Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, экономикалык эркиндиктин индексин баалоо боюнча отчетко ылайык Кыргызстанда бизнес начар корголот. 2017-2018-жылдагы маалыматтарга ылайык инвестициянын келиши анын кетишинен болгону 2,5%га ашкан.

"Анын негизги себеби коррупция, саясий туруксуздук, бюрократия жана начар инфраструктура ж.б. болууда. Бул себептердин баары бизнес үчүн "айгай" болуп, алар башка өлкөлөргө инвестицияны салууну артык көрөт. Бизнесте алардын инвестициялары корголот деген ишеним жок. Бүгүнкү күнү бизнес мамлекет үчүн тил уккан, бирок колдоо көрсөтүлбөгөн жана көңүл бурулбаган "бакма баласы", - деди ал.

Электр энергиясын керектөө. 2020-жылдын январь айында "Түндүкэлектр" ААКсынын абоненттери 764,9 млн кВт/саат электр энергиясын керектеген.

Өткөн жылдын январь айында 706,9 млн кВт/саат электр энергиясы керектелген.

Кыргызстандын борбор калаасында 348,5 млн кВт/саат, Чүй облусунда 355,3млн кВт/сааттан ашык, Таласта 64,1 млн кВт/сааттан ашык электр энергиясы пайдаланылган.

Эт жана сүт. 2020-жылдын январь айында дээрлик 30 миң тонна эт жана 80 миң тонна сүт өндүрүлдү.

"2020-жылдын январь айында өлкөдөгү чарба субъекттери тарабынан 29,9 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Ал былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 498 тоннага же 1,7%га көбүрөөк өндүрүлдү", - деп билдиришти Айыл чарба министрлигинен.

Минитрликтен белгилешкендей, эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу (чочкодон тышкары) болгон.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 53,1 миңге артып, 1 млн 680,4 миңди түзгөн. Кой жана эчкинин саны 97 миңге көбөйүп, 6 млн 264,9 миң болгон. Жылкынын саны 23,9 миңге артып, 522,6 миңди түзгөн. Үй канаттуулардын саны 201,4 миңге көбөйүп, 6 млн 211,1 миңди түзгөн. Чочконун саны 16,5 миңге азайып, 34,7 миңди түзгөн.

Электрондук эсеп-фактуралар. Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна бир айдын ичинде 124 компания кошулуп, азыркы учурда алардын саны 627ни түздү.

Маалыматка ылайык, компаниялар пилоттук долбоорго активдүү катышып, "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасын өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын жана эскертүүлөрүн берип жатышат.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-июлунан тарта электрондук документ түрүндө электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор иштеп жатат.

2020-жылдын 1-апрелинен тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууга өтүшөт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий