• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 11-16.02.19

Аналитика 0

Өзбекстан менен болгон алака. Өзбекстандын Соода-Өнөр-жай Палатасынын төрагасынын орун басары Уткир Бутаев менен КРнын Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев баштаган кыргыз делегациясынын жолугушуусу болгон. Анда эки тарап алдыдагы кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулаган.

Жолугушууда КР менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, өнөр-жай тармагында, алсак, жеңил өнөр-жай, энергетика, жер казыналарын иштетүү жана башка багыттарда кызматташуу боюнча пикирлер айтылган.

Ошондой эле В2В форматындагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында КРнын жеңил өнөр-жай ишканаларынын "Легпром" ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов, "Текстиль Транс" ЖЧКсынын түзүүчүсү Алмазбек Абдраев менен "BMB Trade Group" компаниясынын башкы директору Махмуд Асамовдун ортосунда текстиль жана жеңил өнөр-жай тармагында кызматташуу боюнча сөз болгон.

Анда алар айрым маселелер боюнча пикир алышып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы рынокко чыгуу маселелерин талкуулашкан.

Кыргызстандын бир айдагы ИДПсы. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2019-жылдын январь айында былтыркы жылга салыштырмалуу 6,4%га өскөн.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь айында ИДПнын көлөмү 30 млрд. Сомду түзүп,3,5 пайызга өскөн, деп билдирди Улуттук эсептердин экономикалык статистика башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова.

2019-жылдын январь айында республикада жана аймактарда негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жакшырган.

"ИДПнын өсүшүнө товар жана кызматтардын көлөмүнүн көбөйүшү таасир эткен. ИДПнын түзүмүндө көпчүлүк үлүш кызмат көрсөткөн тармактарга туура келип, ал жалпы 45%ды түзгөн. Өнөр-жайдын үлүшү 26%га жакын, айыл-чарба 8%га жакын жана курулуш дээрлик 3% болгон. "Кумтөр" кенин эсепке албаганда, ИДПнын январь айындагы көлөмү дээрлик 27 млрд. сомду түзгөн. Жыл башында өнөр-жай продукциясынын көлөмү 19 млрд. сомдон көп болгон. Ал эми мурунку жылга салыштырмалуу 15,7%га өскөн. Январда өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү металл кедерин, көмүр, чийки мунай жана табигый газды өндүрүүнүн көбөйүшүнөн улам болгон", - деп билдиришти Улуттук статистика комитенинин өкүлдөрү.

Соцкызматкерлерге төлөм. Орто мектептердин мугалимдерине, дарыгерлерге жана жогорку окуу жайларынын окутуучуларына маяна, пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөлөр кармалбай, өз убагында жүргүзүлгөн.

Отчёттук маалыматтар боюнча, 2019-жылдын 8-январынан 11-январына чейинки мезгилде эмгек акы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр беренелери боюнча кассалык чыгымдар төмөнкүдөй көлөмдө болду:

1. КР Билим берүү жана илим министрлиги (ведомствого караштуу мекемелер) – 1 млрд 387,7 млн сом;

2. КР Саламаттык сактоо министрлиги (ведомствого караштуу мекемелер) – 84,7 млн сом;

3. КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги (жөлөк пулдар) – 1 млрд 210,7 млн сом;

Ошону менен катар, пенсияларды төлөө үчүн республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 2 млрд 853,2 млн сом суммасында, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 1 млрд 356,5 млн сом суммасында трансферттер которулду.

Дагы дефицит тууралуу. Болжолдуу маалыматтар боюнча, 2018-жылы республикалык бюджет 6 млрд. 633,9 млн. сом суммасындагы тартыштык менен аткарылды.

Борбордук казыначылыктын директорунун орун басары Марлен Амандыков билдиргендей, 2018-жылы дефициттин көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 10 млрд. 743,9 млн.сомго төмөндөтүлгөн.

“Ошону менен бирге тартыштыкты жабуу булактары боюнча бюджеттин аткарылышы 10 млрд. 743,9 млн.сомго төмөндөтүлгөн. Анын ичинен ички булактар - 9 млрд. 501, млн. сом жана тышкы булактар – 1 млрд. 980,4 млн. сом”, - деди Амандыков.

Ал билдиргендей, 2018-жылы республикалык бюджеттин жыйынды кирешелери 135 млрд. 437, 6 млн. сомду, ал эми чыгашалары– 142 млрд. 071,5 млн. сомду түзгөн.

“2018-жылы республикалык бюджетке 135 млрд. 437,6 млн сом суммасындагы жыйынды киреше келип түштү же белгиленген пландын (141 млрд.533,3 млн.сом) аткарылышы 95,7%ды түздү. 2017-жылга салыштырмалуу кирешелер 0,5%га же 725 млн.сомго көбөйдү”, - деп кошумчалады директордун орун басары.

КРнын мамлекеттик карызы. Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 464 млн. АКШ долларын түзөт.

Борбордук казыначылыктын директорунун орун басары Марлен Амандыковдун билдирүүсү боюнча, анын ичинен 85,7%ы тышкы карыз, 14,3% - ички карыз.

“2018-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 23 млрд. 741,3 млн. сом жумшалды. Анын ичинен пайыздарды төлөөгө 7 млрд. 76,4 млн.сом. жумшалган. Атап айтканда, тышкы карыз боюнча - 3 млрд. 697,3 млн. сом, ал эми ички карыз боюнча - 3 млрд. 379, 1 млн. сом сарпталган. Карыздын негизги суммасын тындырууга - 16 млрд. 664,9 млн. сом, анын ичинен тышкы карыз боюнча 8 млрд. 245,5 млн. сом, ички карыз боюнча – 8 млрд. 419,4 млн. сом сарпталган”, - деп белгиледи ал.

Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов кошумчалагандай, мамлекеттик карыз ички дүң продукциясына (ИДП) карата 56%ды түзөт. Анын ичинен тышкы карыз - 48%, ички карыз – 8%ды түзөт.

“2018-жылы биз тышкы карыздын суммасын төмөндөтө алдык. 2017-жылы бул сандар 53,1%ды түзгөн. Биз сырткы карызды төмөндөтүп, ички карызды жогорулатуу үчүн аракеттерди көрүп жатабыз”, - деп түшүндүрдү Азимов.

Дефицит төмөндөдү. КР финансы министрлиги өткөн аптада 2018-жылы бюджеттин тартыштыгын эмненин эсебинен кыскартууга мүмкүн болгондугу тууралуу айтып беришти.

Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдиргендей, 2017-жылы тышкы аракеттердин эсебинен 24,1 млрд. стартылган.

“Бирок 2018-жылы тышкы алакалар 10,2 млрд. Сомго чейин кыскарган. Бул бизге бүгүнкү күндөгү жыйынтыктарга жетишүүгө аракет берди”, - деди ал.

Аны менен бирге тышкы карыздын суммасы 2017-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга төмөндөгөн.

Ведомствонун болжолу боюнча 2019-жылдагы бюджеттин тартыштыгы 10,2 млрд. сом.

Министрдин орун басары Алмазбек Азимов кабарлагандай, 2019-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 151,8 млрд. сомду, ал эми чыгашалар - 161,9 млрд. сомду түзөт.

Азимовдун айтуусунда, дефицитти жабуу үчүн бул жылы тышкы булактардан 12,5 млрд. сом жана ички булактардан 2,3 млрд. сом каралган.

Пенсиянын көлөмү. 2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын жогорулашынын жыйынтыгында пенсиянын орточо эсеби 5 миң 682 сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет. 2018-жылга жалпы керектөө 744,4 миллион сомду түзгөн.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Ведомствонун маалыматы боюнча, 2018-жылдагы пенсия жана башка социалдык төлөмдөргө каралган 42430, 1 миллион сом толук көлөмдө каржыланган.

Пенсия берүү боюнча 2019-жылдын 1-январына карата эч кандай карыз жок. 2017-жылга салыштырмалуу пенсия жана социалдык төлөмдөр боюнча керектөөнүн көлөмү 3476,7 миллион сомго чейин өскөн. 2019-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алгандар 651,9 миң адамды түзөт.

Алардын ичинен - "Кыргызпочтасы" ишканасы аркылуу - 332,7 миң адам, жалпы көрсөткүчтүн 49%ы, республикадагы банктар аркылуу - 329,3 миң адам же 51%.

2017-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 18,1 миң адамга көбөйгөн.

Баварияга органика. Кыргызстандык дыйкандар өздөрүнүн органикалык азык-түлүктөрүн эми Европанын базарларына алып бара алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Баварияга барган сапарынан кийин маалым болду.

КР ТИМдин маалыматы боюнча, Ч.Айдарбеков үч жолугушуу өткөргөн: Бавариянын Жер парламентинин вице-резиденти Карл Фреллер, Кооперативдер бирикмеси башкармалыгынын өкүлү Регина Веннингер жана "BayWa AG" компаниясынын төрагасы, профессор Клаус Йозер Лутем менен жолугуп, Кыргызстандан товарларды ташуу маселеси каралган.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий