• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 11-16.11.19

Аналитика 0

Бул апта экономикага байланыштуу ар түрдүү жаңылыктарга бай болду: Кышка камылга көрүп жаткан эл үчүн көмүрдүн канча болуп жатканы, бул жылдын 9 айында эл микрокредиттик уюмдардан канча насыя алганы жана эмнеге жумшаганы, өлкөнүн ички дүң продукциясы жана башкалар тууралуу маалыматтар чыкты.

Көмүр кымбаттады. Статистика комитетинин маалыматы боюнча, ноябрь айынын алгачкы эки аптасында көмүрдүн орточо керектөө баалары октябрь айындагы баасына салыштырмалуу тоннасы 126,38 сомго, же 2,8 пайызга жогорулаган.

2019 жылдын 14-ноябрына карата көмурдун максималдуу чекене баасы Кара-Суу шаарында (бир тонна – 8 485,28 сом), Баткен шаарында (бир тонна – 7 455,29 сом) жана Ноокат шаарында (бир тонна – 7 286,61 сом) белгиленди. Ушул эле учурда көмүрдүн минималдуу чекене баалары, өткөн мезгилдегидей эле, Чаек айылында (бир тонна – 2500 сом), Нарын шаарында (бир тонна – 3549,65 сом) жана Балыкчы шаарында (бир тонна – 3694,59 сом) байкалды.

Муну менен бирге көмүрдүн чекене баасы эң көп Токтогулда – тоннасы 921,05 сомго же 20,5 пайызга, Кербенде – тоннасы 397,87 сомго же 9,4 пайызга, Джалал-Абадда – тоннасы 393,17 сомго же 7,7 пайызга жана Покровка айылында – тоннасы 500 сомго же 12,5 пайызга жогорулады.

Жүргүзүлгөн талдоого жараша көмүрдүн өсүү баасы уланууда жана жалпысынан үстүбүздөгү жылдын сентябрына салыштырмалуу тоннасына 371 сом, же 8,5 пайызга өстү.

ИДПнын өсүшү. Алдын ала эсеп боюнча, 2019-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукттун көлөмү 455 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7% өскөн.

Статистика комитетинин Улуттук эсептер жана экономикалык статистика башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова билдиргендей, “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-октябрь айында ички дүң продуктунун көлөмү 406 миллиард сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга өстү.

"Өнөр жай продукциясынын көлөмү 224 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14% өскөн. Өнөр жай продукциясынын өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн – 31,7%, текстиль жана кийимдерди өндүрүүнү - 20,4%, металл кендерин казып алуунун - 21,6%, мунайзат жана жаратылыш газынын 13,7%, көмүр өндүрүүнүн - 8,3% эсебинен камсыздалган", - деп билдирди Исенкулова.

"Жерүйдүн" алтыны. Талас облусундагы Жер үй алтын кенинде 11-ноябрдан тарта жардыруу иштери башталды.

Алтын кенди иштеткен "Альянс Алтын" ЖЧКсынын башчы директору Михаил Шубиндин айтымында, алгачкы жардыруу менен бирге кенди казып алуу иштери башталды.

Компания алтын алып башташ үчүн 50 миң тоннага чейин кен топтоп алышы керек. Ал, долбоорду ишке ашыруунун маанилүү баскычтарынын бири.

Мамлекеттик карыз. Октябрь айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2,5 млрд сомго жакын каражат жумшалды.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, республикалык бюджеттин кассалык чыгымдары 2019-жылдын октябрь айына карата ведомстволук классификация боюнча 11 млрд 602,9 млн сомду түздү.

Аталган каражаттардын эсебинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык акы төлөп берүүгө 3 млрд 166,5 млн сом, калкка социалдык колдоо үчүн жөлөкпул берүүгө – 843,8 млн сом жана социалдык камсыздоо жөлөкпулуна – 8,1 млн сом төлөнгөн.

Андан тышкары товарларды жана кызматтарды колдонуу үчүн 708,1 млн сом, товарларды жана кызматтарды сатып алууга – 91,3 млн сом, коммуналдык кызматтарды төлөөгө – 48,4 млн сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө - 2 млрд 411,8 млн сом сарпталган.

Ишкерчиликти колдоо. Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Төрага Дастанбек Жумабеков жетекчилик кылган жыйынга кеңештин мүчөлөрү, Өкмөттүк мекемелердин, бир катар коомдук уюмдардын жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан.

Алгач ишкердик субъектилерин текшерүү тартибине байланышкан мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, төрага ишкердик чөйрөсүнө керектүү шарттарды түзүү мамлекеттин алдыга койгон максаттарындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

"Ошондуктан, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Сунушталган өзгөртүүлөр тыкыр иликтенип, кеңири талкуулангандан соң кабыл алынуусу зарыл", – деди.

Өкмөт башчы тышкы карыз тууралуу. Бул аптада өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, 2019-жылдын аягында Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү ИДПга карата 46,5% чейин төмөндөй тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылдагы республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болгон бюджеттин божомолу жөнүндө сөз кылып жатып билдирди.

Ал маалымдагандай, президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн тышкы карызын өстүрбөө боюнча саясаты коомчулукта колдоо таап жатат.

"Тышкы карызда 2018-жылдан баштап алгачкы жолу туруктуу төмөндөө тенденциясы орун алды. Эгерде 2017-жылы ИДПга карата тышкы карыздын көлөмү 54% болсо, 2018 – 48% болгон. Ал эми 2019-жылы – 46,5%га чейин жеткирилет", - деди ал.

"Жерүй". Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Үсөнов, учурда "Жерүй" алтын кениндеги алтын чыгаруучу фабрикасын куруу иштери 80%га аяктаганын билдирди.

"Учурда алтын чыгаруучу фабрикасын куруу 80%га аяктаган. Биринчи алтын куюлмасы 2020-жылдын март айына пландалган. Келишимге жараша компания мамлекетке салык төлөм, облустун социалдык жашоосуна каражат бөлөт. Бүгүнкү күндө "Бакубат Талас" фонду түзүлүп, компания фонддун эсебине 450 млн сом каражат бөлгөн. Андан тышкары, реабилитациялык борборлорго жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 19 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн", - дейт Үсөнов.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин геология башкармалыгынын башкы адиси Чыңгыз Момбеков билдиргендей, “Жер-Үй” кенинде С-1, С-2 классындагы 105 тонна алтын, 30 тонна күмүш бар.

Калк үчүн насыя. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан элге 22 млрд. сом суммасында кредит берилип, насыя алгандардын саны дээрлик 460 миң адам болгон.

Улуттук статистик комитетинин маалыматы боюнча, микрокредит алган кишилердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 35 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 32,8 пайызга көп болгон.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусу (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 21,0 пайызы), Бишкек шаары (19,1 пайызы), Жалал-Абад (14,1 пайызы) жана Чүй облустарында (13,9 пайызы) берилген.

2019-жылдын 9 айында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 31,8 пайызы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 26,5 пайызы - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 12,7 пайызы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий