• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы -13-18.05.2019

Аналитика 0

2 млрд. товар жүгүртүү. Акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай Эл республикасы Кыргызстандын башка мамлекеттер менен товар жүгүртүү чөйрөсүндө биринчи орунду ээлеп келет.

Ушул жумада Бишкекте өткөн “Кыргызстан-Кытай эксперттик-аналитикалык диалог” форумунун жүрүшүндө КР Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдиргендей, 2018-жылы эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүү алгач 2 млрд. АКШ доллардан ашкан.

“Аны менен бирге түз алып келүү инвестициялардын келиши 245,429 млн. АКШ долларын түзгөн. Эки тараптуу кызматташууда эң маанилүү жана келечектүү багыттар: инфраструктура, транспорт, энергетика, кайра иштетүү, тоо кен казуу жана СУАР-КР чек ара кызматташуусу болуп саналат”, - дейт ал.

ИДП өстү. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 149 млрд. 622,6 млн. сомду түзгөн.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7%га өскөндүгүнөн кабар берет.

""Кумтөр" кен ишканасын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын көлөмү дээрлик 131 млрд. сомду түзүп, 1,6%га өскөн", - деп билдиришти Улуттук статистика комитетинен.

БСД баары тапшырган жок. 2018-жылда Бирдиктүү салык декларациясын дээрлик жарым миллионго жакын салык төлөөчү тапшырган.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова билдиргендей, 2018-жылдын 14-майына карата бирдиктүү салык декларациясын 477 миң 934 салык төлөөчү тапшырган. Ал 2018-жылга салыштырмалуу 23 миң 683кө көп.

Декларация тапшыргандардын 58 миң 232си мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 45 миң 452си уюмдар, ошондой эле 214 миң 38си жеке ишкерлер болуп, алардын 74 миң 97си патент менен иштейт.

Андан тышкары, 130 миң 453 физикалык тарап, аны менен катар дыйкан жана фермер чарбалары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ээлери декларация тапшырган. Ошондой эле, салык салынуучу кирешеси жок 29 миң 759 физикалык жак да отчет берген.

КР УБ жана "Росинбанк". Кыргызстандын Улуттук банкы "Росинбанк" ААКна тике банктык көзөмөлдү токтотуу чечимин кабыл алды.

КР УБнын маалыматы боюнча, экономикалык ченемдердин жана милдеттүү камдык талаптардын банк тарабынан аткарылышын камсыз кылган капиталдаштырууну ишке ашыруунун алкагында, банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды эске алуу менен КР Улуттук банкы "Росинбанк" ачык акционердик коомунда тике банктык көзөмөлдү токтотуу чечимин кабыл алды.

"Росинбанк" ачык акционердик коомуна киргизилген тике банктык көзөмөл 2019-жылдын 13-майында аяктады.

Бузуулардан миллион. Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн кечиктиргендерге дээрлик 1 млн. сом айып салынды.

КР Мамлекеттик салык кызматынын берген маалыматы боюнча, ушул айдын башына карата 774 салык төлөөчү декларация тапшыруунун мөөнөтүн кечиктирген. Аларга жалпы 985 миң сомдук административдик айып салынган. 568 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларацияны тапшыруу мөөнөтүн кечиктиргени аныкталган.

Белгилей кетсек, юридикалык жактар декларацияны 1-мартка, ал эми физикалык жактар 1-апрелге чейин тапшырышы керек болчу.

Туура эмес БСД. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2018-жылы Кыргызстанда Бирдиктүү салык текшерүүдө маалыматтарын туура эмес тапшырган 4 миңге жакын мамлекеттик кызматкер аныкталган.

КР Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгында 7,5 миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлеген адамдардын материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилген.

Алардын ичинен 4 миң 649 адам БСДда туура эмес маалыматтарды көрсөтүшкөн. 1 миң 375и өз убагынан кечигип декларация тапшыргандар, ал эми 1 миң 471 адам такыр эле тапшырган эмес.

Экспорттун өсүшү. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын үч айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 3,3%га азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитети билдиргендей, январь-май айындагы соода жүгүртүү 1 млрд. 533,3 млн. долларды түзгөн. Ошол эле учурда экспорт 13,7%га көбөйсө, импорт 8,7%га кыскарган. Экспорттун артышы алтындын эсебинен болгон. Ал өткөн жылга салыштырмалуу 31,9%дан 46%га өскөн.

"Ошондой эле тамеки жана тамеки заттарынын экспорту 12,5 эсе, керамика буюмдары 7,7 эсе, эт 3,2 эсе, цемент 1,6 эсе, жемиш жана жаңгак 16,1%га, жез калдыктары 14%га, желим жана андан жасалган буюмдар 11,5%га арткан", - деп билдирет Статистика комитети.

Айлыктын өсүшү. Кыргызстанда бир жумушчунун орточо номиналдык айлык акысы 15 миң 716 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитети ал сумманы өлкөдөгү ири ишканалардын берген маалыматтарынын негизинде эсептеп чыккан. Мекеме белгилегендей, эсептөөдө чакан ишкана жана уюмдардын кызматкерлеринин маянаны эсептелген эмес.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, ушул жылдын январь-март айларында транспорттук-логистикалык компания, ошондой эле мейманкана, ресторандардан тышкары башка экономикалык ишмердик кылган ишкана жана уюмдарда орточо айлык маяна арткан.

Жаңы ишкана. "Бишкек" эркин экономикалык аймагында жылуулук радиаторлорун чыгарган завод иштеп баштады.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулунун айтуусунда, заводдун курулушуна 40 млн. доллар жумшалган.

"Бул заводду куруу үчүн кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүнү 2016-жылы апрелде баштап, анын макулдугун октябрда алганбыз. Ошондо эле курулуш иштери башталган. Заводдун курулушуна 40 млн. доллар инвестиция кылынды. 500 жумушчу орун түзүлөт", - деди ал.

Сүткө болгон баа. Сүттү кайра иштетүүчү заводдор сүттүн сатып алуу баасын 25 сомго чейин жогорулатышкан.

Бул тууралуу Чүй облусунун Токмок шаарындагы “Үмүт жана Ко” сүттү кайра иштетүүчү компаниясы жалпыга билдирди.

Ишкана жетекчиси Кайрат Абдуллаевдун айтуусунда, бир айдан бери ишкана сүттү 22-25 сомдон сатып алууда. Бул баа сүттүн майлуулугуна жараша өзгөрөт.

“Биз заводго келген сүттү ушундай баа менен сатып алабыз, ал эми элдерден сүт 18-20 сомдон алынууда. Бизге сүт Токмоктон, Кемин жана Ысык-Ата райондорунан келет. Бир күндө заводго 180 тонна сүт келет. Биз сүт, каймак, быштак, йогурт, айран, балмуздак жана сыр чыгарабыз”, - дейт ал.

Словакия менен бизнес. КР Соода-өнөр жай палатасында ушул жумада "Словакия - бизнес жана соода үчүн биздин ишенимдүү өнөктөш" аталыштагы бизнес-форум болуп өттү. Иш-чара КР Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган, ага Словакия элчилигинин, Словакиянын Тышкы жана Европа иштери боюнча өкүлдөрү катышты.

Форумдун алкагында Словакиянын ишкерлери өз кызматтары жана азыктары тууралуу айтып беришти. Андан тышкары, Словакиянын инвестициялык климаты жана өлкө экономикасы тууралуу да маалыматтар менен бөлүшкөн.

Словакия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Милан Коллар билдиргендей, учурда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн деңгээли төмөн бойдон калууда. "Эки өлкө ортосунда соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча жогорку мүмкүнчүлүктөр бар. Словакиця Европанын так ортосунда жайгашкан. Өлкөдө саясий жана экономикалык туруктуулук бар", - деп билдирди Коллар.

Кайтарылып алынган лицензия. Өткөн жуманын аягында Улуттук банк "Mobilnik" ЖЧКнын лицензиянын кайтарып алды.

"Улуттук банктын жазма буйруктарын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарын системалуу түрдө аткарбагандыгы үчүн "MOBILNIK" (Мобильник) жоопкерчилиги чектелген коомунун 2015-жылдын 29-майындагы № 2003290515 жана № 3002290515 лицензиялары 2019-жылдын 17-майынан тартып кайтарылып алынгандыгын маалымдайт", - деп айтылат билдирүүдө.

КР УБдан кошумчалашкандай, лицензиялардын кайтарылып алынгандыгы жоопкерчилиги чектелген коомун өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий