• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 13-18.07.2020

Аналитика 0

ИДП. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айлары аралыгында өлкөдөгү ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөдү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, ушул жылдын алты айында ИДПнын көлөмү 228 млрд сомдон ашты.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-июнь айларында ИДПнын көлөмү 196 миллиард сомду түзүп, 6,9 пайызга азайды.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү жыл башынан тарта 153 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 0,1 пайызга жогорулады. Бул өсүш фармацевтикалык продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнө (2,4 эсеге), химиялык продукциянын (10,9 пайызга), жер астынан казылган баалуу металлдардын (9,8 пайызга), унаа менен анын шаймандарын эске албаганда, темир жана даяр темир буюмдарынын (9,0 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен болду.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү - 9,1 пайызга азайды, дүң жана чекене соода тармагы - 14,9 пайызга төмөндөсө, айыл чарбасында оң тенденциялар байкалып, өндүрүүнүн көлөмү 1,6 пайызга өстү.

"Айыл чарбасын каржылоо – 8" долбоору. Жыл башынан бери "Айыл чарбасын каржылоо – 8" долбоору боюнча 3 млрд 765 млн сомго насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Каржы министрлигинин Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 3-июлга карата "Айыл чарбасын каржылоо – 8" долбоорунун алкагында коммерциялык банктар аркылуу элеттик товар өндүрүүчүлөргө 3 млрд 765 млн сомго 7 миң 459 жеңилдетилген насыя берилген.

Анын ичинен:

- өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 388,3 млн сомго 1 173 насыя,

- мал чарбачылыгына – 2 435,8 млн сомго 6 124 насыя,

- кластерге – 185,2 млн сомго 81 насыя,

- кайра иштетүү тармагына – 391,9 млн сомго 70 насыя,

- ун өндүрүүгө – 363,8 млн. сомго 11 насыя берилди.

Тышкы соода жүгүртүү. Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-май айларында 2 125,8 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,7 пайызга төмөндөдү. Бирок ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 1,2 пайызга көбөйсө, импорттук келип түшүүлөр 31,8 пайызга кыскаргандыгы байкалган.

2020-жылдын январь-май айларында КРнын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 927,4 млн АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 11,9 пайызга азайган.

Ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр - 18,9 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр - 9,9 пайызга төмөндөдү. Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (68,4 пайызы) жана Казакстанга (29,6 пайызы) туура келди.

Отчет берүү мөөнөтүн узартуу сунушу. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги салыктык отчеттуулукту, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту, ошондой эле жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча отчетторду берүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-октябрына чейин узартуу боюнча КР өкмөтүнүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, долбоор кырдаалдын начарлап бара жаткандыгына байланыштуу, аймактык салык органдарында калктын жыйналуусуна жол бербөө жана коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу менен тобокелчиликтерин азайтуу максатында, ошондой эле бизнес коомчулуктун кайрылуусуна байланыштуу сунушталууда.

Документте бекитилгендей жеке ишкерлер жана уюмдар 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгилдер үчүн жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин жазуу жүзүндөгү арызысыз 2020-жылдын 1-октябрына чейин төмөнкүлөрдү берүүгө укуктуу:

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары салыктык отчеттуулукту;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту;

- жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчетту (FORM STI-157).

Электрондук отчет. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр аймактык салык органдарынын электрондук почталары аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторун (мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептешүү ведомостун) бере алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, муну буга чейин отчетту баруу тартибинде берип келгендер гана кыла алышат.

Салык органдарынын ишинин бул сыяктуу электрондук форматы камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр менен аралыктан өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өлкөдө коронавирустук инфекция жайылып жаткан учурда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча чараларды көрүү максатында киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий