• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 14-19.01.2019

Аналитика 0

Камсыздандыруу төлөмдөрү. 2018-жылда камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу былтыркы жылга салыштырмалуу 106,6%га өскөн.

КР Социалдык фонддун маалыматы боюнча, 2018-жылда камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу боюнча 30, 647, 2 млн. сом түшкөн.

"Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төлөм чогултуу 106,6%ы түзгөн же 1907,6 млн. сомго көп", - деп айтылат маалыматта.

Кыйыр салыктар. Транспорттук көзөмөл жана товарларды каттоого алуу боюнча убактылуу пункттар 2018-жылдын 1-октябрынан тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын жанындагы 4 көзөмөл-өткөрүү пункттарына жанаша иш алып бара баштаган.

Жыйынтыгында 2018-жылдын октябрь-декабрь айларында МСК 7 млрд. 98,4 млн сом өлчөмүндөгү кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыздаган, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 785,9 млн. сомго жогору, же өсүү темпи 112,5%ды түзгөн.

КР өкмөтүнүн маалыматы боюнча, убактылуу көзөмөл пункттары Талас облусунун Манас районундагы («Чоң-Капка автожол»), Чүй облусунун Панфилов районундагы («Чалдыбар автожол»), Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы («Ак-Тилек автожол»), Чүй облусунун Аламүдүн райондагы («Ак-Жол автожол») жерге орнотулган.

Бардык убактылуу пункттарда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдөн киргизилген жүктөр тууралуу аймактык салык органдарына он-лайн режиминде маалымат жөнөтүүгө мүмкүндүк берген коштоочу документтерди эсепке алуу боюнча автоматташтырылган тутум орнотулган.

“Жундадан” түшкөн салык. “Жунда” мунай иштетүүчү заводу ай сайын Кыргызстандын бюджетине 200 млн. сомго жакын салык которот.

Заводдун директорунун милдетин аткаруучу Алтынбек Садырбаевдин айтуусунда, келечекте заводун кубаттуулугу жогорулайт, бул өз кезегинде салыктык төлөмдөрдүн жогорулашына алып келет. Азыркы учурда ишкананын кубаттуулугу жылына 800 миң тонна күйүүчү майды түзөт.

“Учурда ишкананын кубаттуулугун жана чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат. Эгерде азыр салыктык төлөмдөр 200 млн. сомдун тегерегинде болсо, быйыл (2019) ишкананын кубаттуулугунун жогорулашынын эсебинен салыкты дээрлик 300-400 млн. сомго чейин көтөрүү максатын коюп жатабыз”, - деди А.Садырбаев.

2018-жылдагы ИДПнын өсүшү. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 557 млрд. сомду түзгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 3,5%га өстү дегенден кабар берет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, “Кумтөр” алтын кен ишканасын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 2018-жылда 509 млрд. сомду түзүп, 3,5%га өскөн.


Кыргызстандын өнөр-жайында өндүрүлгөн продукциясынын көлөмү 251 млрд. сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 5,4%га өскөн. Мындай көрсөткүчтөр көмүр казып алуу 22%, чийки мунай жана жаратылыш газы - 17,5%га, ошондой эле мунай азыктары, негизги металлдар, текстил өнөр-жайы, кийим чыгаруу, тамак-аш азыгы, желим буюмдары жана курулуш материлдарынын өсүшүнүн аркасы менен жетишилген.

Айыл чарбасындагы көлөмдүн өсүшү 2,7%, курулуш - 7,8%, дүң жана чекене соодада - 5,5%ды түзгөн.

2018-жылдагы инвестициялар. Инвестициянын көлөмү 2018-жылы дээрлик 150 млрд. сомго жакын болуп, 2017-жылга караганда 3,3%га өскөн. Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча көрсөткүчтүн өсүшү ички булактардын эсебинен 24%га болсо, тескерисинче тышкы булактар боюнча дээрлик 28%га төмөндөгөн.

Инвестициянын негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 76%ы) пайдалуу кен-байлыктарды казган объекттердин курулушуна, кайра иштетүүчү өндүрүшкө, газ, электр энергиясы менен камсыздоого жана турак-жайдын курулушуна жумшалган.

Өткөн жылы жалпы аянты дээрлик 1 млн. чарчы метрди түзгөн 9 миңге жакын батир колдонууга берилип, ал 2017-жылга салыштырмалуу 33,5%га аз болгон.

Азык-түлүккө болгон баалар. Кыргызстанда акыркы күндөрү азык-түлүктөрдүн жана алкоголсуз суусундуктардын баасынын жогорулашы байкалууда.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, азыктарга болгон баанын жогорулашы (1,1%) Нарын облусунда байкалган, ал эми Баткен облусунда тескерисинче 0,5%га төмөндөгөн.

2018-жылдын декабрь айында мурунку айга салыштырмалуу баалар 0,7%га көтөрүлгөн. Анын ичинен эң көп жашылчалардын баасы көтөрүлгөн (11,3%), буудайдыкы (1,5 эсе) жана сүттүкү (4,9%).

Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баасы былтыркы жылдын декабрь айында ноябрга салыштырмалуу 0,2%га жогорулаган. Алкоголдук жана тамеки азыктарынын баасы 0,1% өскөн. Ошол эле маалда калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын баасы жогорулаган эмес.

Инфляциянын деңгээли 2018-жылдын декабрь-январь айларында 0,5%ды түзгөн.

Импорттук бензин. 2018-жылдын 11 айында Кыргызстан Россия жана Казакстандан дээрлик 484 миң тонна мунай зат импорт кылган, ага жалпысынан 270 млн. АКШ доллары сарпталган.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Россия менен Казакстан Кыргызстан үчүн күйүүчү жана майлоочу майды ташуучу негизги булактар болуп саналат.

Көрсөтүлгөн мезгил аралыгында Россиядан жалпы суммасы 241 млн. долларга 411 миң тонна мунай зат алынып келинген. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га аз. Казакстандан ошондой эле убакытта 29 млн. долларга 73 миң тонна (8,4%) мунай зат киргизилген. Былтыркы жылдын 11 айына салыштырмалуу 9%га аз.

Интервенциянын башталышы. Кыргызстандын Улуттук банкы 2019-жылдагы алгачкы интервенциясын жасады.

КР УБнын расмий сайтында маалымдалгандай, банк валюта базарында 13,1 млн. доллар саткан.

Ошентип, Улуттук банк доллардын курсун кармап туруу үчүн 18,8 миллион доллар сарптайт.

2018-жылда Улуттук банк улуттук валютанын курсун кармап туруу максатында 10 интервенция жасаган.

Кайсыл жерде жашоо кымбат? 2018-жылдын соңунда Кыргызстандагы бир адамга жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимуму 4 миң 793 сомду түзгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча бул каражатка азык-түлүк корзинасы, салык жана кызматтарды төлөө кирет. Адистер азык-түлүк кутучасына төмөнкү азыктарды киргизишкен: нан, картөшкө, жер-жемиштер, сүт жана сүттөн жасалган азыктар, эт, балык, жумуртка, кум шекер, күн карама майы, туз жана чай.

Алсак, аталган азыктардын баасы бир адамга жалпысынан 3 миң 115 сомду түзөт. Салык төлөөгө орточо эсеп менен 96 сом, ал эми кызматтарга - 815 сом бөлүнгөн.

Жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимуму Жалал-Абад облусунда эң кымбат экендиги аныкталган - 5 миң 171 сом), ал эми эң төмөн Ысык-Көлдө (4 миң 376 сом). Бишкек - 4 миң 751 сом.

Карыз өстү. 2018-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы+ички) карызынын өлчөмү 4 млрд 477,43 млн АКШ долларын (312 млрд 737,32 млн сомду) түздү.

КРнын финансы министрлигинин маалыматы боюнча, алардын ичинен:

мамлекеттик тышкы карыз – 3 млрд. 838,29 млн. АКШ доллары (268 млрд. 95,03 млн. сом);

мамлекеттик ички карыз – 639,14 млн. АКШ доллары (44 млрд. 642,29 млн. сом).

КР товар жүгүртүү. 2018-жылдын 11 айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд. 967,6 млн. АКШ долларын түзгөн.

Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2%га өскөн.

Эспорттун үлүшүнүн өсүүсү 0,8% болуп, 1 млрд. 533 млн. долларга жеткен. ал эми импорт 8,2%га өсүп, 4 млрд. 434,4 млн. долларды түзгөн.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын январь-ноябрь айларында 2,1 млрд. АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 4,8%га төмөндөгөн. Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон товарлардын суммасы 500,1 млн. долларды түзүп, ал жактан Кыргызстанга болгон импорт - 1 млрд. 589,8 млн. доллар болгон.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий