• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 14-19.08.2018

Аналитика 0

УКМК аркылуу кайтарышты. КР УКМКнын изилдөөсүнүн натыйжасында мамлекетке 140 млн. сомдон ашык каражат кайтарылган.

Комитеттин маалыматына ылайык, 2018-жылдын 10-августунда КР УКМК тарабынан Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 2,15 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулган.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 141, 604 млн. сомду түздү.

Тышкы соода. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында 3 млрд. 249,9 млн АКШ долларын түзгөн.

Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, аталган көрсөткүч 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,1 % өскөндүгүнөн кабар берет.

Алсак, экспорттун көлөмү 2,7% түзүп, 811,8 млн. долларга жеткен, ал эми импорт 22,8% өсүп, 2 млрд. 438,1 млн. долларды түзгөн.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын алты айында 1 млрд. 116,4 млн. долларды түзүп, 4,9 пайызга өскөн.

Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон товарлардын суммасы 311 млн. долларды түзүп, ал жактан КРге болгон импорт - 805,4 млн. доллар болгон.

Жеке менчик уюмдардын жумушчулары. Кыргызстанда бюджеттик тармактын кызматкерлеринин айлык акысы жеке менчик уюмдардын кызматкерлериникине салыштырмалуу 1,7 эсеге аз.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бир жумушчунун бир айлык орточо номиналдык айлык акысы (кичи ишканаларды эсепке албаганда) 2018-жылдын январь-июнь айларында 15 миң 665 сомду түзүп, 6,6 пайызга көбөйгөн.

Бюджеттик тармактагы жумушчулардын айлык акысы 12 миң 395 сом, бюджеттик эмес кызматкерлердики 21 миң 397 сомду түзгөн.

Бир гана айлык маянага. Кыргызстандыктардын 72 пайызга жакыны эмгек ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешенин эсебинен жашашат.

Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында калктын номиналдык акча кирешелери 95 миллиард сомду түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу 12 пайызга көбөйгөн.

Керектөөчү баалардын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акча кирешеси 92 миллиард сомду түзгөн. 2017-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 8,5 пайызга өскөн.

КУУдагы мыйзам бузуулар. КР Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудиттин жыйынтыгы боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2016-жыл боюнча 8,5 млн. сомго финансылык мыйзамдар бузулган учурлар аныкталды.

КР Эсеп палатасынын маалыматы боюнча, финансылык мыйзам бузуудан 2,5 млн. сом кайтарылышы керек, анын ичинен аудиттин жүрүшүндө 2,2 млн. сом кайра кайтарылган.

Көңүл чордонунда Австрия. Вена шаарында 2018-жылдын 13-14-август күндөрү курулуш тармагында кыргыз-австрия бизнес форуму болду. Ага “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” ишкер-өкүлдөрү жана австриялык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, форумда австриянын компаниялары энергетикалык жактан натыйжалуу жана экологиялык таза курулуш материалдарын жана курулуш тармагындагы акыркы инновациялык технологиялардын бет ачарын кылышкан. Кыргыз ишкерлери долбоорлорго өз кызыгууларын билдиришкен. Тараптар бул тармактагы кызматташуу маселесин талкуулашкан.

КР УБ интервенция жасады. КР Улуттук банкы үстүбүздөгү жылдын алгачкы 4 айында доллардын наркынын жогорулашына байланыштуу валюта базарына интервенция жасады. 15-августта башкы финансылык көзөмөлдөөчү 19 миллион 50 миң сомду сатыкка чыгарды.

КР УБнын маалыматы боюнча, 16-августка карата доллардын расмий курсу 69,49 сомду түзгөн.

15-августта доллар 69,25 сом болгон, ошентип, доллардын өсүүсү 0,35% түзгөн.

Кыргызстанда акыркы бир нече күндүн ичинде доллардын курсу бир аз көтөрүлгөн.

Бул эсеп боюнча КРУБнын 2018-жылдагы бешинчи интервенциясы.

Товар жүгүртүү. Кыргызстан менен Казакстан кайрадан товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд АКШ долларына жеткирүүгө ниеттенишүүдө.

Астанадагы кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында КР өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев республикалар ортосундагы соода-сатык тармагындагы кызматташуунун келечеги боюнча өз оюн билдирди.

“Маалым болгондой, кызматташуунун келечектүү жана кирешелүү багыттары соодагы карым-катнаш. Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү үчүн керектүү болгон бардык эффективдүү механизмдерди колдонуу керек деп ойлойм”, - деп билдирди Абылгазиев.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий