• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 14-20.10.19

Коом 0

Бул аптада экономика тармагында бир катар жаңылыктар болуп өттү. Сауд Арабиясы менен кызматташуу комитетинин отуруму болуп, анда соода маселелери талкууланды. Аны менен бирге өткөн аптада май куюучу жайлар боюнча маселе, мамлекеттик карызды төлөөгө кетип жаткан каражаттар, контрафакттык заттар менен күрөшүү чаралары тууралуу маалымат берилди.

Карыз. Август айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 22,20 млн доллар сарпталган.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын август айында өлкөнүн мамлекеттик (тышкы+ички) карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 1 млрд 549,59 млн сом (же 22,20 млн АКШ доллары) жумшалды, анын ичинде:

-мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 958,58 млн сом (же 13,73 млн АКШ доллары);

-мамлекеттик ички карыз боюнча – 591,01 млн сом (же 8,47 млн АКШ доллары).

Инновациялык төлөмдөр. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында перифериялык түзүмдөр аркылуу бюджетке 356,9 млн сом суммасында 304 миң 711 салыктык төлөмдөр жүргүзүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,3 миң төлөмгө жана 40,5 млн сомго көп.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, анын ичинен эң эле көбү төлөм терминалдары аркылуу 276,9 млн сом суммасында 250 миң 781 төлөм жүргүзүлгөн.

Салык төлөөчүлөр салык төлөөнүн инновациялык башка методдорун да пайдаланышкан. Алсак, банкомат аркылуу 17,3 млн сомго 15 миң 925 төлөм, веб-кассалар – 40,8 млн сомго 8940 төлөм, интернет-банкинг – 11,9 млн сомго 14 миң 590 төлөм, мобилдик банкинг – 6,5 млн сомго 10 миң 811 төлөм, электрондук капчык – 2,6 млн сомго 3 миң 300 төлөм жүргүзүлгөн.

Жарык үчүн төлөм. Сентябрь айында "Түндүк электр" бөлүштүрүүчү компаниясы 427,3 млн сом чогулткан.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 335,2 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түшкөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,5 млн. кВт.саатка көп.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниясынын өткөн айга болгон товардык продукциясы 416,3 млн. сомду түзгөн, аны менен бирге 427,3 млн. сом (102,7 %) чогултулган.

Сентябрь айында көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу: калк арасында –99,9 %, бюджеттик уюмдардан –111,5 %, өндүрүштүк объектилерден- 103,6 %, башка керектөөчүлөрдөн -103,2 % жана айыл чарба объектилеринен –99,9 %га аткарылды.

Контрафакт менен күрөш. Эсепке алуунун автоматташтырылган системасы контрафакттык товар, анын ичинде күйүүчү майлардын да санын кыскартууга жардам берет.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Улукбек Самыйбеков билдиргендей, ушул жылдын 1-январынан тартып мунай заттары үчүн эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү каралган. Кабыл алынган токтомго ылайык, КРнын аймагына мунай заттарын алып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатылышына көзөмөлдү күчөтүү үчүн жаңы талаптар белгиленген.

"Мунай зат базасы же резевуарларга ээ болуу же башка мыйзамдуу негиздери болуу шарты менен гана майларды дүңүнөн сатууга болот. Ал эми чекене сатуу көзөмөл-касса машинасы, жабдыктары жана мунай заттын автоматташтырылган электрондук тутуму бар май куюучу жайларда гана жүргүзүлөт", - деди ал.

Бөлүштүрүү компаниясы тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй: Бишкекте төлөм чогултуу – 103,8 %, Чүй облусунда –100,9 %, Талас облусунда –105,6 %ды түзгөн.

Кыргыз азыктарынын жарманкеси. Сауд Арабиянын ишкерлерине Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет.

КР экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеевдин айтымы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Сауд Арабия ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 5 миллион долларды түзөт. Бул чоң сумма эмес, бирок чоң потенциал бар.

“Бүгүн кызматташуу боюнча кыргыз-сауд комитетинин экинчи жыйыны болду. Анын жыйынтыгы боюнча арабтарга биздин өлкө жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүнү күчөтүү боюнча атайын чечим кабыл алынды”, - дейт Шаршеев.

Ал белгилегендей, жыйында Сауд Арабияда кыргыз азыктарынын жарманкесин өткөрүү чечими кабыл алынган.

Май куюучу жайлар. Өткөн аптада премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө инфраструктуралык, социалдык, өндүрүш объектилерин куруудагы жана колдонууга берүүдөгү талап кылынган нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды угуп, мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилеген.

Өкмөт башчы абага чыккан зыяндуу заттарды азайтуу, ошондой эле билим берүү мекемелерин, бала бакчаларды жана ооруканаларды куруудагы көзөмөлдү күчөтүүнү активдештирүүнүн зарыл экендигин белгилеген. Ал билдиргендей, зыянсыз жана экологиялык жактан таза материалдарды колдонуунун маанилүү.

Муну менен катар премьер-министр экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте май куюучу станциялардын ишмердүүлүгүнө комплекстүү анализ жүргүзүүнү тапшырды.

«Өкмөт баш калаанын жаркыраган борбордук бөлүгүндөгү май куюучу станцияларды, адамдардын ден соолугу үчүн тобокелчиликтерди азайтуу үчүн коопсуз районго көчүрүү демилгесин колдойт. Бул биздин борборубуз үчүн маанилүү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Кыргызстанда бизнести негизсиз текшерүүлөргө бөгөт коё турган мораторий киргизилген. Бирок, ишкердик субъектилерин текшерүүгө киргизилген мораторий жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келбегендей болуш керек. Ал эми коопсуздук нормаларынын сакталышы боюнча маселеде бардык тийиштүү талаптарды сапаттуу аткарууга жетишүү зарыл».

Пикир

Оставить комментарий