• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 15-20.04.2019

Аналитика 0

АӨБ жардам. Бул жумада Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов Азия өнүктүрүү банкынын экономисти (АӨБ) Лай Тора башында турган экономиканы диверсификациялоо программасы боюнча АӨБ миссиясы менен жолугуп, Кыргызстандын экономикасынын диверсификациялоо программасы талкууланды.

Аталган программанын алкагында АӨБ менен биргеликте иш-чаралар аныкталды, алар Кыргыз Республикасы 30 млн. АКШ долл. өлчөмүндө бюджеттик колдоо алган соң аткарылмакчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө О.Панкратов жыйырма жылдан ашуун кызматташуу боюнча КР жана АӨБ өз-ара аракеттенүүсүнүн позитивдүү тажрыйбасын белгилеп өттү. АӨБ Кыргыз Республикасына кредиттик, гранттык жана техникалык жардам көрсөтүп жаткан негизги эл аралык финансылык институттардын бири болуп саналат.

Лай Тора экономикалык диверсификацияны илгерилетүү программасын ишке ашыруу башталгандан бери олуттуу иштер жасалгандыгын белгиледи. Ошондой эле ал, ушул жылдын сентябрында АӨБ директорлор Кеңеши болоору пландалганын, анда аталган программанын аткарылышы карала турганын маалымдады.

Фермерлерге жеңилдетилген насыялар. «Айыл чарбасын каржылоо - 7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 11,3 миң айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө 5,6 млрд сомдон ашуун жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде вице-премьер-министр Замирбек өкмөттүн 2018-жылга карата отчетунун негизинде билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба субъекттери үчүн насыя каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында өкмөт тарабынан 2018-жылдын ноябрында «Айыл банк» ААКны капиталдашырууга республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн, анын натыйжасын 2019-жылдан баштап көрүү күтүлүүдө. Мамлекеттик лизинг долбоору боюнча 2018-жылы 643,2 млн сом суммасына 338 даана ар кыл айыл чарба техникалары берилген. Бул 15 машина-трактордук станциянын ачылышына өбөлгө болду.

Андан соң вице-премьер-министр тышкы соода жүгүртүү көрсөткүчтөрүн келтирди, ал 2018-жылы 6,67 млрд АКШ долларын түзгөн жана 6,6% көбөйгөн.

Немецтер менен Макулдашуу. Ушул жумада Германиянын Мюнхен шаарында кыргыз-немис бизнес-форуму болуп, анда эки тараптуу алакалар тууралуу сөз болду. Ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Германиянын бизнес компаниялары ортосунда инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө, тигүү өнөр жайы, билим берүү, энергетика, өнөр жай жана башка тармактарда кызматташууга байланыштуу эки тараптуу 11 документке кол коюлду.

Маммүлктү башкаруудан каражат. Кыргызстандын өкмөтү экономиканын ар түрдүү секторлорундагы 52 акционердик коомдо акционер жана жоопкерчилиги чектелген 17 коомдо катышуучусу.

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосунун ачык-айкындыгын арттыруу жана таза атаандаштыкты камсыздоо максатында КР өкмөтү мамлекеттик мүлктү башкаруу системасында электрондук соода аянты аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосун ийгиликтүү ишке киргизди.

2018-жылдын 10-октябрынан баштап КР өкмөтү etp.okmot.kg порталы аркылуу мамлекеттик менчикти ижарага берүү келишимдерин түзүү укугуна электрондук аукциондорду өткөрүүгө киришти. 2018-жылы электрондук соода аянты аркылуу 90 аукцион өткөрүлдү.

Немец гранты. Германия Кыргызстанда ооруканаларды салуу үчүн гранттык жардам бөлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий визитинин жүрүшүндө маалым болду. Визиттин алкагында дипломатиялык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык мамилелер чөйрөлөрүндөгү, финансы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлду.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жалпы суммасы 21 млн еврону түзгөн 3 макулдашууга кол койду.

"Кол коюлган макулдашууга ылайык 13 млн еврого Ош шаарында перинаталдык оорукана, 6 млн евро каражатка Таласта перинаталдык оорукана курулат. Ошондой эле кошумча 2 млн евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканасына бөлүндү", - деп белгиледи Бактыгүл Жеенбаева.

Онлайн патент. Салык кызматынын жаңы кызматы иштеген мезгил ичинде (2018-жылдын октябрь айынан тартып, 2019-жылдын 10-апрелине чейин) 14 миң 945 салык төлөөчү салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук түрдө патент сатып алышты.

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштаган.

Электрондук патентти алуунун эки жолу бар: МСКнын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу.

КРдагы айлык акысы. Кыргызстандагы жеке уюмдардын кызматкерлеринин айлык акысы бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин маянасынан 1,8 эсе көп.

Статистика комитети билдиргендей, ушул жылдын январь-февраль айында бир кызматкердин номиналдык айлык акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 15 миң 226 сомду (218,1 доллар) түзгөн. Ал былтыркы жылга караганда 4,6%га өскөн.

"КМШ өлкөлөрү боюнча орточо айлыктын кыскача анализи көрсөткөндөй, Кыргызстандагы айлык акы (доллар менен алганда) башка өлкөлөргө караганда аз. Маселен, Россиядан 3 эсе, Казакстан менен Беларустан 2 эсе, Армениядан 1,5 эсе аз. Ошентип, Кыргызстан маяна боюнча Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн арасынан акыркы орунда турат", - деп билдирет мекеме.

Электр акчалары. Мартта "Түндүк электр" бөлүштүрүү тармактарына 555 млн. кВт.саат электр энергиясы түшкөн, бул 2018-жылдын ушул маалы менен салыштырганда 13,7 млн. кВт.саатка аз.

.

Өткөн айда “Түндүк электр” бөлүштүрүү компаниясынын товардык продукциясы 718,6млн. сомду түздү жана 927,2 млн. сом (129%) чогултулду.

Март айына чыгарылган эсептин суммасынан төлөм чогултуу калк категориясында 140,3%, бюджеттик мекемелер – 138%, айыл чарба объектилери – 101,5%, өндүрүш объектилери – 112,1%, жана башка керектөөчүлөр – 114,6% аткарылды.

Афганистан менен соода. Кыргызстан менен Афганистан соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүүдө, - деп билдирет КР экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Афганистандын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин Кыргызстанга болгон визитинин алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-афган өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Келишимге КР экономика министри Олег Панкратов жана Афганистандын Тышкы иштер министри Салахуддин Раббани кол койгон.

"Росинбанкта" жаңы. "Росинбанк" ААКсы адистештирилген банк болуп, анын негизги багыты инфраструктураны, байланыш жана турак-жай курулушун насыялоо болот.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, ал үчүн "Росинбанктын" уставдык капиталы кошумча 3 млрд. сомго көбөйтүлөт.

"Мындай чечим Улуттук банк тарабынан, банктын ишмердигин чыңдоонун алкагында кабыл алынган. Капиталдаштыруу жасалгандан кийин Улуттук банктын "Росинбанк" ААКсындагы үлүшү 95%ды түзөт. Бул иш-чара менен "Росинбанкты" калыбына келтирүү процесси аягына чыгат. Банктын ишмердигин адистештирүү калктын банктык жана каржылык кызмат алуусунун жеткиликтүүлүгүн арттырат", - деди ал.

Түркия менен айыл чарба багытындагы кызматташуу. Кыргызстан менен Түркия айыл чарба тармагында кызматташууга ниеттенип жатат.

Бул тууралуу КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Кызматташуу жана координация боюнча Түрк агенттигинин (ТИКА) вице-президентти Рахман Нурдун баш болгон делегация менен жолугушуу учурунда маалым болду.

Жолугушууда эки тарап мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү, кооперацияларды ирилештирүү, тамак-аш коопсуздугу жана заманбап айыл чарба технологияларды колдонуу, тажрыйба алмашуу, ошондой эле айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо-импорттоону талкуулашты.

Талкуунун жүрүшүндө Рахман Нурдун, Түркия мамлекетинин айыл чарба тармагындагы тажрыйбасы тууралуу айтып, Түркия тарап Кыргызстан сунуштаган чакан долбоорлорду колдоорун билдирген. Ал эми Эркинбек Чодуев күнөсканаларды куруу, тамчылатып сугаруу, кооперацияларды ирилештирүү жана бак олтургузуу боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле дыйкан-фермерлерди окутууну сунуштаган.

Кепилдик фонду. 2018-жылы «Кепилдик фонд» ачык акционердик коому (ААК) жалпысынан 507 млн сом суммасындагы кепилдиктерди берүү менен кичи жана орто ишкерликке колдоо көрсөттү.

Кепилдикке алынган банк кредиттеринин көлөмү 1,779 млрд сомду түздү. 2016-жылдын башынан тарта 2018-жылдын 31-декабрына карата «Кепилдик фонд» ААК 755 млн сом суммасына 656 кепилдик берген, ал эми ишкерлер тарабынан фонддун кепилдиги астында алынган кредиттердин суммасы 2,752 млрд сомду түзөт.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешенин планы 14,8 млн сомду түзсө, иш жүзүндө 25,6 млн сом суммасындагы киреше алынган, мында өсүш 173 % түзөт.

Кепилдиктерге жараша 1225 жаңы жумушчу орун түзүлгөн, иштеп жатан 5887 жумуш орду колдоого алынган. Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу долбоорлорго 141 млн сомдук 48 кепилдик берилген. Аял-ишкерлерге 224 млн сом суммасындагы 196 кепилдик берилген.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий