• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 15-21.10.2018

Аналитика 0

Балансты издөө. Мамлекет Улуттук энергохолдинг менен кичи ГЭСтердин ортосунда баланс издөөдө.

Экономика министринин кеңешчиси Кылычбек Жакыповдун айтымында, кичи ГЭСтер иштеп чыккан энергияны сатуу маселеси бардык деңгээлдерде каралууда.

“Туура тарапты табуу керек. Тарифтерди көтөрүү маселени чечпейт. Учурда субсидиялар изделүүдө. Ошондой эле инвестордун өзүнө жана Улуттук энергохолдингге пайдалуу болушу үчүн системанын эффективдүүлүгүн карап чыгуу керек”, - деди ал.

9 айда республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 3 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу КР финансы миинистрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 3 млрд 358,5 млн сом суммасында бюджеттер аралык трансферттер бөлүнүп берилди, анын ичинде:

- теңдөөчү трансферт иш жүзүндө 1 млрд 443 млн сом суммасында каржыланды;

- максаттуу трансферттер иш жүзүндө 1 млрд 915 млн 553,8 миң сом суммасында каржыланды.

ТТМКК жана атаандаштык. Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Түрк кеңешинин алкагында кызматташтык маселелерин талкуулады

Жолугушуунун жүрүшүндө Панкратов ТТМККга мүчө мамлекеттердин маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык тармагында көп багыттар боюнча жалпы пландары жана максаттары бар экендигин, алардын бир бөлүгү Түрк кеңешинин катчылыгынын күч-аракеттеринен улам ишке ашып жатканын белгиледи.

Министрдин айтымында, аймактык кызматташтык КРнын сырткы саясий жана сырткы экономикалык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.

Өнөктөштөр жана ТТМКК. “Дүйнө жүзүндө инвестицияларды тартуу үчүн чоң атаандаштык жүрүүдө. Түрк кеңешинин өлкөлөрү атаандаш катары эмес, өнөктөш катары мамиле түзүшү керек деп эсептейбиз”, - деди ТТМККнын экономика министрлеринин 8-отурумунда экономика министри Олег панкратов.

Анын айтымында, Түрк кеңешинин өлкөлөрү өз ара кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүдө күч-аракеттерин бириктириши керек.

Биргелешкен кайра иштеп чыгуу. Бул жумада Бишкекте кыргыз-беларус өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык кызматташтык боюнча 8-отуруму өттү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматына караганда, комиссиянын отуруму айыл чарба министри Нурбек Мурашев жана Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министри Л.Заецтин төрагалыгы алдында өттү.

Отурумдун жумушуна кыргыз жана белорус комиссиясынын мүчөлөрү, министрликтердин, ведомстволордун жана коомчулуктардын чакырылган жетекчилери катышты.

Тараптар “Сүт” агрокластерин жана башка бир катар ишканаларды куруу жана каржылоо маселелерин иштеп чыгууну улантууга макулдашты.

Комбанктар кеңеш беришет. Кыргызстандын коммерциялык банктары жакында калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында бир катар иш-чараларды өткөрүүнү көздөшүүдө.

Кыргызстандын банктарынын бирикмесинин сайтында жарыяланган маалыматтарга караганда, иш-чаралар 22нен 31-октябрга чейин Дүйнөлүк үнөмдөлгөн каражаттардын жумалыгынын алкагында өтөт.

“Дүйнөлүк үнөмдөлгөн каражаттардын жумалыгы – жыл сайын өткөрүлүүчү эла аралык кампания, анын башкы максаты – калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. 2018-жылдагы жумалыктын урааны – “Бүгүнкү салым – эртеңки кенч”, - деп билдиришти иш-чаранын уюштуруучулары.

Алтын 2018. Кыргызстанда 2018-жылдын 9 айында өлкө боюнча 12,2 тонна алтын өндүрүлгөн, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштармалуу 586 кг аз.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбековдун айтымында, “Кумтөр” ЖЧКсы 9,5 тонна алтын өндүргөн – бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 тоннага аз, ал эми “Алтынкен” кени 2,5 тонна алтын өндүргөн.

Электрондук салыктар. КРда 2018-жылдын 9 айында салык отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны жыл башына салыштырмалуу 56 миң 926га көбөйгөн жана үстүбүздөгү жылдын 18-октябрына карата 96 миң 765 колдонуучуну түздү.

Маалыматка ылайык, анын ичинде электрондук кол тамганы колдонбоо кызматына 92 миң 665 колдонуучу, ал эми сервистин оператору аркылуу электрондук кол тамганы колдонуу менен 4 миң 100 салык төлөөчү кошулган.

"Электрондук кол тамганы колдонбоо кызматы жарандарга Салык кызматынын “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук www.salyk.kg сервиси аркылуу электрондук түрдө салык отчетторун бекер берүүгө мүмкүндүк берет.

Жаңы кен чыгуучу жайлар. Кыргызстанда 2018-жылдын 4-кварталында "Кугул Тегерек" кен чыгуучу жеринде ишкананы колдонууга берүү пландалууда.

Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеевдин айтымында, учурда аталган ишканада байытуучу фабриканы куруу иштери аяктап жатат.

"Андан сырткары 2019-жылдын 1-кварталында "Жерүйдүн" кен чыгаруучу жерлерин колдонууга берүү пландалууда. Бул жерде алтын чыгаруучу фабриканы куруу пландалууда. Ошондой эле "Чаарат", "Шырылжын" жана "Терек кен" кен чыгаруучу жайларын ачуу пландалууда. Ошондой эле "Вертекс" ЖЧКсы байытуучу фабриканы курууну пландоодо, учурда бул компания Казакстанга кенди алып барат", - деди Аликеев.

Жаңы ишканалар. 2018-жылдын 9 айында 11 өнөр жай ишканасы ишке берилип, 700 жумушчу оруну түзүлгөн.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбековдунмаалыматына караганда, Ош облусунда кир жуучу машиналарды чогултуу боюнча “Артель” заводу, Ош шаарында пластик терезелерди жана эшиктерди чыгаруучу “Имзо” ЖЧКсы, травертинди чыгаруучу “Умар Групп” ЖЧКсы, улуттук кийимдерди чыгаруучу “Омонова” жеке менчик ишканасы, Чүй облусунда жардыргыч заттарды чыгаруучу “Салют Компани” ЖЧКсы, Кара-Балта шаарында металл өндүрүшүн чыгаруучу “Евразия металл-групп” ЖЧКсы, электрондук детонаторлорду чыгаруучу “Кас Импульс” ЖЧКсы жана башкалар бар.

Москвадагы соода. Ушул жумада Бишкекте КРнын мамлекеттик финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын, КРнын Улуттук банкынын жана “Кыргыз фонд биржасы” ЖАКтын өкүлдөрүнүн Москва биржасы менен жолугушуусу өттү. Жолугушууда коноктор Москва биржасынын Кыргызстандын финансылык уюмдары жана кызыккан адамдары үчүн мүмкүнчүлүктөрүн айтышты.

Суу ресурстары. Жашыл экономиканын узак мөөнөттүү үлгүсүнүн “ядросу” КРнын суу ресурстары болушу керек. Бул тууралуу “Жашыл экономика” форумунда экономика министри Олег Панкратов билдирди. Форум Бишкекте өттү.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата КРнын 2019-2023-жылдарга карата жашыл экономикага өтүү боюнча программасынын биринчи долбоору даярдалды.

“Өлкөнүн тоо экосистемасы тарабынан чогултулган суу ресурстары стратегия-2040тын узак мөөнөттүү артыкчылыктарын өнүктүрүү үчүн булак болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, калктын таза сууга жана сугат сууларына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн, энергетикалык сектордун күчтүүлүгүн өстүрүү үчүн, агроөнөр жай жана экономиканын башка тармактарын интенсивдүү өнүктүрүү үчүн булак болуп саналат. Белгилүү болгондой, Кыргызстан суу ресурстары өзүнүн аймагында түзүлгөн Борбордук Азиядагы жалгыз өлкө”, - деди ал.

Немистер жана жашыл экономика. Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн чоң потенциалы бар. Баарынан мурда энергиянын жаңыртылган булактарынын тармагында, экотуризмде, агро өнөр жайда, калдыктарды кайра иштетүүдө жана башкада. Бул тууралуу Бишкекте өткөн “Жашыл экономика” форумунда Германия федеративдүү республикасынын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен билдирди.

Ал Германия бул жөнөкөй эмес процессте Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Мамлекеттик сатып алуулар. 2023-жылга чейин мамлекеттик сатып алуулардын 30 пайызын туруктуу кылуу пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине экономика министринин кеңешчиси Кылычбек Жакыпов “Жашыл экономика” форуму учурунда билдирди.

Ал бул мамлекеттик сатып алуу учурунда баасы, сапаты, экологиялуулукту жана социалдык факторду эске алуу менен товарды же кызмат көрсөтүүнү бардык убакытта колдонуу эске алынат дегенди билдирерин айтты. Акыркыга мисал катары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жумушун же балдар эмгегинен пайдаланбоону келтирсе болот.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий