• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 16-21.07.2018

Аналитика 0

Атайылап биригүү. Географиялык алыстык тармагындагы чектөөлөргө, инфраструктуралык маселелерге, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу зарылчылыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнүн оптималдуу жолдорунун бири аймактык кызматташтыкты күчөтүү болуп саналат. Кеп Борбордук Азия жана Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөрдүн биригиши тууралуу болуп жатат. Бул тууралуу КРнын экономика министри Олег Панкратов Борбор-азиялык аймактык экономикалык кызматташтыктын аналитикалык борборлорун өнүктүрүүнүн 3-форумунда билдирди.

Анын айтымында, Борбор-азиялык аймактык экономикалык кызматташтыктын аналитикалык борборлору сыяктуу ири бирикмелердин түзүлүшү глобалдашуу процесси менен тыгыз байланышта жана бул процесс артка кайткыс.

Дүйнөлүк экономиканын түзүлүшү кошулган баанын чынжырчаларынын, бир өлкөдөгү иштелип чыккан жана өндүрүлгөн товарлардын же эл аралык экономикага кирген жаңы катышуучулардын дайыма кеңейишин талап кылат.

Зергерлер тууралуу кеп. Ушул жумада Бишкектеги "Park Hotel" мейманканасында "BizExpert" аналитикалык борборунун эксперттери жана аналитиктери ОБСЕ, КР өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте Кыргызстандагы зергерчилик бизнесинин көйгөйлөрүн талкуулашты. Тегерек үстөлдүн темасы: “Бизнести күтүү, Зергерчилик сектордогу регулятивдик реформа боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун мониторингинин жыйынтыктары”.

Талкуунун жыйынтыгында КРнын зергерчилик, ишкердик тармагында топтолгон көйгөйлөрдү чечүүгө түрткү берүүчү сунуштар иштелип чыкты.

АКШ жана финкөзөмөл. 2018-жылдын 8-июлунан 16-июлуна чейин Кыргызстандын Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын делегациясынын АКШдагы (Вашингтон) Дүйнөлүк банкка, Эл аралык бухгалтерлер федерациясына (Нью-Йорк) иш сапары орун алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Вашингтондо Дүйнөлүк банк жана Экономикалык өнүгүүнүн швейцариялык бюросунун колдоосу алдында Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы тарабынан ишке ашырылган Аудит жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча координация көйгөйлөрү талкууланды.

Аталган иш сапардын алкагында 2018-жылдын 12-июлунда Кыргызстан Эл аралык бухгалтерлердин федерациясы менен КРнын аймагында аудиттин эл аралык стандарттарын колдонуу боюнча автордук-укуктук материалдарды чыгарууга, жарыялоого уруксат жөнүндө макулдашууга кол койду.

Аудиттин эл аралык стандарттары эл аралык стандарттар боюнча жана маалыматтын тактыгын ырастоо комитети тарабынан чыгарылат.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 401 сертификацияланган аудит жана 110 аудитордук компания бар.

Жибек жолундагы көргөзмө. Ушул жумада Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында Жибек жолундагы өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын 4-жарманкеси өттү. Иш-чараны Соода-өнөр жай палатасы, кыргыз-кытай соода-инвестициялык палата жана Хуахэ Интернешнл бизнеси-консалтинг түзүмү уюштурган.

Көргөзмөнүн экзпозициясында Кытай Эл Республикасынын 35 компаниясынын продукциялары коюлду.

Жарманкенин Кыргызстанда 4-ирет өтүшү анын актуалдуулугунан кабар берет. Эксперттердин маалыматына караганда, 2017-жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлануу 1,5 миллиард долларды түзгөн, бул көрсөткүч азыр да өсүүдө.

“Нарын” эркин экономикалык аймагынын кезеги. Экономика министрлигинде министр Олег Панкратов менен деңиз портторунун, логистикалык комплекстердин жана эркин экономикалык зоналардын ири оператору, ири дүйнөлүк инвестордун башкаруусу алдындагы, Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнө таандык “DP WORLD” өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Делегацияны “World customs” программасынын аткаруучу директору Надия Абдулла Мохамад Аль Мурзуки баштап келди.

Жолугушуу учурунда делегация башчысы министрди компаниянын ишмердүүлүгү жана түзүлүшү менен тааныштырып, “DP World” дүйнөлүк рыноктун 6,7 пайыз үлүшүн ээлеген Дубай портун башкарарын билдирди. Ошондой эле КРда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтып өттү.

КРнын өзүнө тартуучу бизнеси. Ушул жумада Кыргызстан жакынкы чет өлкөдөгү мамлекеттер менен 1,9 миллион долларга бир катар экспорттук келишимдерге жана 33 миллион долларга инвестициялык макулдашууларга кол койду.

Экспорттук келишим жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашуулардын жыйынтыгын КР өкмөтүнүн алдындагы инвестицияларды коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттиги талдап, изилдеди. 9 документке кол коюу Чолпон-Атадагы “Ысык-Көл 2018” V Эл аралык экономикалык форумунун алкагында ишке ашты.

Жээктеги экономикалык форум. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген инвесторлор ушул жумада Чолпон-Атада өткөн жарманкеде Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар менен таанышышты.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги уюштурган V Эл аралык “Ысык-Көл 2018” форумунун алкагында кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштөрү дегустацияга жана тестирлөөгө коюлду.

Бириккен Араб Эмираттары, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кытайдан келген коноктор чоң кызыгуу менен улуттук сусундуктарды ичип, өлкөдө өндүрүлгөн текстиль жана пластик өндүрүшүнүн сапатын баалашты.

Пикир

Оставить комментарий