• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 17-22-июль 2017-жыл

Аналитика 0

Өткөн жума Чехиянын анча белгилүү эмес компаниясы Кыргызстанда ири суммадагы энергетика каскадынын курулушу боюнча тендерде утуп чыгышы менен эсте калды.

Чехиялык инвесторлор: «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскадынын долбоорлоруна 500 млн доллар инвестиция салууга даяр экени белгилүү болду. Бул жаңылык бир беткей кабыл алынган жок. Алгачкылардан болуп компанияны тууралуу маалыматты башкы кеңсеси Прагада жайгашкан “Азаттык” радиосу тапкан. Маалымат жеңүүчүсү болуп чех компаниясы табылган тендерди уюштуруучулар үчүн жагымдуу болгон жок. Бирок, мунун аркасында «LiglassTrading CZ, SRO» компаниясынын Европа жана Борбор Азия аймактары үчүн инвестициялык долбоорлорунун директору Йиржи Войтиховски коомчулукту тынчсыздандырууга шашты. Анын айтымында, Нарындагы курулуш боюнча Ак-Булуң ГЭС жана Нарын ГЭС-1 курулушунун биринчи баскычы макулдашылган. Алардын курулушуна 230 млн доллар жумшалат, ал эми ТЭНи чехиялык тараптын эсебинен иштелип чыгат. Инвестициянын баары Кыргызстандын Өкмөтүнүн кепилдигисиз салынары көңүл тынчытат. Чехиялык тарап россиялык “РусГидро” сарптаган 37 млн доллар өлчөмүндөгү каражаттарды жабуу менен бирге, катачылык кетсе же милдеттер аткарылбаса, алар курулушту токтотуп, ЖНК ГЭС уставдык капиталында болжол менен 57 млн доллар калтырууну убада кылышат. Ошондой эле, аларга эч кандай жеңилдиктер берилген эмес.

Мындан тышкары, Войтиховскинин айтымында, “Жогорку Нарын ГЭСи” ЖЧКсы боюнча Кыргызстан менен 50гө 50 пропорциясында иштей тургандыктары белгилүү болду. Бул инвесторлор өз каражаттарын салып, россиялыктарга карызды жабып, бардык объектилер ишке кирген соң киреше Кыргызстан менен тең бөлүнөт.

Кыргыз адистери белгилегендей, Кыргызстан Ак-Булуң ГЭС жана Нарын ГЭС-1 курулушунда эч кандай тобокелдикке барган жок.

Башкаруу рейтинги: Бул жумада Кыргызстан “Жаратылыш ресурстарын башкаруу институту” эл аралык уюмунун рейтингинде 81 өлкөнүн арасынан нефть, газ жана башка пайдалуу кендерди натыйжалуу иштетүү боюнча 38-позицияны ээледи.

ЖРБИнин маалыматына ылайык, Кыргызстан лицензиялуу кен иштетүүнү башкаруу боюнча дүйнөдө 6-орунда турат. Бул натыйжа кен иштетүүгө лизенция берүү тууралуу маалыматтын ачыктыгы аркылуу жетишилген.

Тоо-кен иштетүү тармагындагы ишканалардын салыгы тутумундагы рейтингде Кыргызстан 16-орунду ээледи. Мындай жыйынтыктарды ишканалардын кен казуу жана экспорттоо маалыматтарын ачыктоосу, Өкмөт тарабынан салыктарды ачык жөнгө салуу жана өз убагында аудит компанияларын жүргүзүү өбөлгөлөдү.

Ошону менен бирге Кыргызстандын тоо-кен иштетүү тармагынын ишмердигин баалоого ишканалардын айлана чөйрөгө тийгизген зыяны терс таасир бергени белгиленет.

Валюта тууралуу: Бул аптада Улуттук банк валюталык рынокто кезектеги интервенциясын ишке ашырып, 13,95 млн АКШ долларын сатып алды. Өткөн жумада Улуттук банктын интервенциясы 22 млн доллардан ашык түздү. 19-юилга карата америка валютасынын курсу 69,23 сом болгон.

Акыркы айда доллар позициясын бекемдеп, 1 сомдон ашык кымбаттаган.

Түштүктөгү фонд: Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Ош облусу боюнча жалпы суммасы 11,5 млн доллар долбоорлорду жактырды. Анын ичинде Фонд «Ош-Ак-Таш» кирпич заводунун курулушуна 1,2 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Фонд на юге: Российско-Кыргызский Фонд развития одобрил 117 проектов по Ошской области на общую сумму 11,5 млн. долларов США и 123 проекта по Джалал-Абадской области на сумму 6,7 млн. долларов США. В частности, Фонд выделил средства на.

Жалпысынан 22 айда РКӨФ 242 млн АКШ долларына 750 долбоорду каржылаган.

Акциялар азайды: Кыргызстан "Центерра Голддогу" акцияларынын эсебинен дивиденддерди ала алат, - деп эсептешет “Кыргызалтындан”. Мында Кыргызстандын канадалык компаниядагы үлүшү 32,1%га кыскарган. Бул былтыркы жылы канада компаниясы Thompson Creek Metals Inc. (ТКМ). түндүк америкалык тоо-кен иштетүү компаниясын сатып алуу максатында жаңы акциялардын эмиссиясын жүргүзгөндө орун алган. Бул келишимди каржылоо акциялардын кошумча эмиссиясынын эсебинен ишке ашкан. Анын көлөмү 1,1 млрд долларга жакынды түзгөн.

Келишимдин алкагында рынокко 26,6 млн жакын акция чыгарылган (141,4 млн доллар тартылган). Мындан тышкары, 22,3 млн кошумча чыгарылган акциялар ТКМ акцияларына алмаштырылган.

Ошону менен бирге 77 401 766 даана Кыргызстандын акцияларынын саны өзгөргөн жок, бирок кошумча эмиссиялар “Кыргызалтындын” Centerra Gold Inc. Компаниясындагы үлүшүнүн кыскарышына алып келди. Ошондой эле, бардык башка акционерлердин үлүшү кыскарды.

Көптөн күткөн технополис: Текстилдик жана тигүү өнөр жайы үчүн технополисти түзүү боюнча ири долбоор жакынкы эки жылда ишке ашырыларын өлкө Өкмөтү маалымдады.

Долбоорду ишке ашыруу жакынкы эки жылда аяктайт. бул максатта объектти курууга жер бөлүнүп, каржылоо маселеси иштелип чыкты. Өкмөт ырастагандай, Технополисте атамекендик тигүү продукциялары чыгарылат.

Долбоордун алкагында чакан тигүү цехтери кооперативдерге бириктирилип, 15 миң жумушчу орун түзүлөт. Бул долбоорду ишке ашырууга Бишкектен четиндеги Военно-Антоновка айылынан 40 га жер, ошондой эле Бишкектеги машина куруу заводунун аймагынын бөлүгү бөлүндү. Долбоорду каржылоо Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан 30 млн доллар өлчөмүндө жүргүзүлөт.

ЕАЭБге экспорттоо: Акыркы эки жылда Кыргызстандын Өкмөтү кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарларын Евразия экономикалык бирлигинин рыногуна чыгаруу шарттарын жакшыртууга жетишти. Анын ичинде мамлекет тарабынан экспорттук айыл чарба өндүрүмдөрүн өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүлүп келет.

Чакан жана орто ишкерликти колдоо боюнча “Кепилдик фонду” иштеп баштады, күрөөгө берүү жаңы тутуму киргизилүүдө.

Россия менен Казакстан ЕАЭБ башкы соода өнөктөштөрү катары өз рынокторуна кооптуу жана фальсификацияланган продукцияларга жол бербөө боюнча катуу чараларды көрүп, аларды алып салууда. Кыргызстан дагы ЕАЭБ техникалык регламентинин талаптарын аткарууну күчөтүү чараларын кабыл алып баштайт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий