• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 17-22.09.2018

Аналитика 0

Бизнес-омбудсмен. “Биз көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарындагы кемчиликтер менен күрөш жүргүзөбүз. Ошондуктан ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет. Өнөр жай саясатыбызды өзүбүз аныктоочу мезгил келди. Ушул максат менен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт”, - деп маалымдады Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда.

Жолугушуунун ар бир катышуучусун көңүл коюп угуп жана алардын сунуштарына жооп берип жатып мамлекет башчысы билдиргендей, ар бир ишкердин мыйзамдуу укугун коргой турган акыйкат соттук системаны калыптандыруу максатында чоң жумуш жасалат.

Президент мындай норма мыйзамда бар экенин көрсөтүп, анын аткарылышын камсыздоо керектигин айтты. Ал үчүн бардык мамлекеттик органдардын алдына өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү боюнча тапшырмаларды коюш керектигин белгиледи.

“Фискалдык жана укук коргоо органдарынын жумушун баалоодо кылмыш иштеринин саны жана айып пулдардын суммалары коюлган практиканы тез арада токтотуу керек. Айып пулдардын санкциясынын өтө чоң суммасынан улам ишкананын жумушу токтогон көп учурлар бар. Бул айып пул санкцияларынын жыйынтыгында эң башкысы көптөгөн адамдар жумушсуз калышат”, - деди Жээнбеков.

Салыкты көп чогултуу. КР Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2018-жылдын январь-август айларында 4-топтогу кыймылдуу мүлк (унаа) салыгы боюнча 618,5 млн сом чогултулган. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктын келип түшүүсү 18 млн. сомго өскөн.

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында 1-топтогу кыймылсыз мүлк салыгын (турак үйлөр жана батирлер) чогултуудан бюджетке 69,9 млн сом келип түшүп, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,6 млн сомго көп болгон.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 8 айында 796,0 млн сом жер салыгы чогултулуп, өткөн жылдын деңгээлинен 52,6 млн сомго көп болгон.

Калкты маалымдоо. Экономика министрлигинин алдындагы стандартташтыруу жана метрология борбору Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте ушул жумада Нарын жана Чолпон-Ата шаарларында “Кодекс Алиментариус комиссиясынын тамак-аш өнөр жайынын коопсуздугун жана сапатын камсыздоодогу ролу” темасында маалыматтык семинарларды өткөрүштү. Иш-чара эл аралык уюм Кодекс Алиментариус комиссиясы менен ишмердүүлүктүн алкагында өткөрүлүп жатат.

Семинардын максаты – тамак-аш өнөр жайынын коопсуздугу жана сапаты маселелери менен алектенген бардык кызыккан тараптардын Codex Alimentarius эл аралык программасынын ишмердүүлүгү тууралуу, КРдагы кодекстин улуттук байланыш чекитинин функциялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу экени, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын КРнын санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык кызматтарын стандартташтыруу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу экендиги жарыяланды.

Баа өскөн жок. КР экономика министри Олег Панкратов Салык кодексине накталай эсептер үчүн сатуудан түшкөн салыкты 2ден 5 пайызга чейин жогорулаткан өзгөрүүлөрдү кайрадан артка кайтарууну тапшырды. Бул тууралуу ал президент Сооронбай Жээнбековдун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда козголгон маселелерди талкуулоого арналган кеңешмеде айтты.

Панкратов ишкерлердин ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү начарлаткан мыйзамдагы өзгөрүүлөргө мораторий киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле өкмөттүн токтомунун бекитилишин күтпөй нормативдик-укуктук актылардын бизнес-субъектилердин абалын начарларткан мурда киргизилген долбоорлорун артка кайтарууну тапшырды. Анын ичинде сатуудан түшкөн салыктын ченин 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу боюнча сунуш бар, - деп билдиришти экономика министрлигинен.

Инфраструктура жана Сеул. Түштүк Кореяда инфраструктура жаатындагы кызматташуу боюнча Дүйнөлүк конференциянын алкагында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.

Конференция өткөн жуманын аягында Сеулда өткөн. Аталган аянтчага Кыргызстандын атынан Инвестицияларды илгерлетүү агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу барган. Ал конференциянын катышуучулары инфраструктура жаатындагы долбоорлор тууралуу айтып, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн соода алакасын илгерлетүүдөгү маанилүү жактарын белгилеп өттү.

Аудит жана ДБ. КРнын Эсеп палатасынын аудитору Айжан Садыркулова Мамлекеттик башкаруу боюнча глобалдык практиканын алкагындагы сатып алуулардагы чечимдер жана инновациялар маселелери боюнча менеджер, Борбордук Азия жана Европа аймактары үчүн жооптуу В.Кришнакумар баштаган Дүйнөлүк банктын миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Көбүнчө мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы реформа маселелерин, КРдагы Дүйнөлүк банк каржылаган долбоорлордун алкагындагы келишимдерди башкаруу тармагындагы тобокелдин төмөндөшүн талкуулашты.

Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий