Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 18-23.03.2019

Аналитика 0

КР эмне менен алмашууда? Кыргызстандын экспорттук жана импорттук жөнөтүүлөрүнүн негизги үлүшү иштетүү өндүрүшүнүн товарларына туура келет.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, экспорттук жөнөтүүлөрүнүн негизги үлүшү иштетүү өндүрүшүнүн товарларына - 2016-жылы - 79,0 пайызы, 2017-жылы - 77,9 пайызы, 2018-жылы - 74,9 пайызы туура келди. Андан кийин пайдалуу кен казуу боюнча ишмердиктин жыйынтыктары боюнча алынган товарлар - 2016-жылы - 10,8 пайызы, 2017-жылы - 9,2 пайызы, 2018-жылы - 9,4 пайызы, ошондой эле айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо товарлары 2016-жылы - 8,1 пайызы, 2017-жылы - 7,7 пайызы, 2018-жылы - 7,2 пайызы туура келди.

Муну менен бирге, 2018-жылы иштетүүчү өнөр жайынын экспорттологон товарларынын эң көп үлүшү, машиналардан жана жабдуулардан (53,7 пайыз), кийим өндүрүшүнөн (11,1 пайыз), тамак-аш продуктуларынан (6,8 пайыз), кокс жана тазаланган мунайзат продуктуларынан (6,5 пайыз) жана башка металл эмес минералдык продуктулардан (5,6 пайыз) товарларга туура келди.

Литва менен соода. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасына вице-министр Дарюс Скусявичюс башында турган Литванын Тышкы иштер министрлигининен атайын делегаттар келген.

Конокторду Кыргызстандын инвестициялык климаты абдан кызыктырган. Скусявичюс билдиргендей, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 92 млн. еврону түзөт. "Кыргызстан Литвадан транспорттук каражаттарды, электроника, жабдыктарды жана азык-түлүктөрдү импорт кылат. Биздин республика болсо бал жана күмүш экспорттойт", - деп билдирди ал. Бирок, вице-министрдин айтуусунда, ишкердик кызматташтыкты активдештирген кезде өз ара товар айлантуунунун көлөмүн жогорулатууга мүмкүн болот.

Жарык боюнча карыздын төмөндөшү. Февраль айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 12,2 млн. сомго төмөндөтүштү.

1-мартка карата "Түндүк электр" ишканасынын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 845,2 млн. сомду түздү. Февраль айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 12,2 млн. сомго же 1,4 % төмөндөтүштү.

Дебитордук карыздын 28,1 млн.сомго же 18,1 % төмөндөшүү бюджеттик уюмдар категориясында катталган. айыл-чарба керектөөчүлөрү – 189 миң сомго же 4,4 %, калк – 4,7 млн.сомго же 0,9 % төмөндөтө алышкан, калган категорияларда дебитордук карыздын өсүшү байкалат, өндүрүш абоненттери – 2,5 млн.сомго (3,6 %), башка керектөөчүлөр -18,4 млн. сомго (21,1 %).

Фонд иштеп жатат. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) тарабынан 303,9 млн. долларга долбоорлор каржыланган.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевдин айтуусунда, долбоор иштей баштагандан тарта бардыгы болуп 1 миң 653 долбоор жактырылган.

"Алардын ичинен 2%ы ири бизнес, 98% - орто жана чакан бизнес. Эгерде сумма туууралуу айта турган болсок, анда 52,6% агро өнөр жай комплекс тармагына кеткен, туризм - 11,%, транспорт жана логистика - 12,4%, инфраструктураны өнүктүрүү - 11,6%, байланыш жана ИТ - 1,6%, финансы ишмердиги - 0,9%, банк жана башка тармактар - 9,1%", -деп билдирди ал.

Асрандиев белгилегендей, региондор арасында Бишкек алдыда - 89,7%га 341 долбоор, Каракол - 21,5 млн. долларга 337 долбоор, Ош 29,1 млн. долларга 301 долбоор, Талас - 2,1 млн. долларга 42 долбоор, Жалал-Абад 12,2 млн. долларга 211 долбоор, Баткен 2,3 млн. долларга 63 долбоор.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) каражаты 2019-жылды түгөнүп калбайт. Анын айтуусунда, 304 млн. доллар - бул долбоорлорду жактырууга багытталган каражаттар.

"Алар транш менен берилип, факты түрүндө 260 млн. доллар берилген. 2017-жылдан тарта насыяларды кайтаруу башталып, түшүүлөр өсүүдө. Себеби, каникулдар жана жеңилдетилген убакыт аяктоодо. Алар жакынкы 2-3 жылга жетет. Бирок, биз да жөн отурган жокбуз. Евразия өнүктүрүү банкы менен 50 млн. долларга жана Росэксимбанк менен 1 млрд. рублга келишимге кол койдук", - деди Асрандиев.

Ал билдиргендей, мурда айтылган экинчи 500 млн. долларды алуу боюнча маселе күн тартибинде турат. Учурда бул каражат кайсы долбоорлорду каржылоого сарптала тургандыгы талкууланууда.

РКӨФ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Олег Кудяков кошумчалагандай, эгерде тиешелүү долбоор пайда болсо, анда дагы 500 млн. доллар бөлүнүшү мүмкүн.

Дагы... 2019-жылда РКӨФ 100 млн. АКШ долларына кредиттик келишимди түзүүнү көздөп жатат. Мындай божомолду алар иштин темпи жана келип түшкөн билдирүүлөрдөн улам жасашууда.

Мамсатып алуулар боюнча портал да иштеп жатат. 2018-жылы мамлекеттик сатып алуулар порталында товар, кызматтарды сатып алуу боюнча 132 миң 906 сынак өтүп, анын наркы 94,6 млрд. сомду түзгөн.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Нурида Байзакова билдиргендей, электрондук сатып алууларды жүргүзүүдөн улам үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттар 5,2 млрд. сомду түзгөн. "Жарыяланган кулактандыруулардын ичинен 45 миң 747 сынак өтпөй калган. Алардын наркы 24,4 млрд. сом болгон. 69,8 млрд. сомдук 87 миң 159 сынак аяктаган. Мамлекеттик мекемелер наркы 39,9 млрд. сомду түзгөн 70 миң 613 сынак өткөргөн. Андан 2,4 млрд. сом бюджеттик каражат үнөмдөлгөн. Ачык акционердик коому жана мамлекеттик ишканалар 24,6 млрд. сомдук 8 миң 130 сынак өткөрүп, 671,4 млн. сом үнөмдөлгөн. Жергиликтүү бийлик органдары наркы 15,1 млрд. сомдук 42 миң 201 сынак өткөрүп, 288,1 млн. сом үнөмдөлгөн", - деди Байзакова.

ЖЭБке кредит өстү. Кыргызстан Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого алынган каражатты пайыздары менен кошо 492 млн. 632 миң доллар кайтарат.

Парламенттин отурумунда каржы министри Бактыгүл Жеенбаева сүйлөп жатып билдиргендей, негизги карыз 386 млн. долларды түзөт.

"Анын пайызы 104 млн. долларды түзөт. Ал жерде комиссиялык төлөм катары 1,8 млн. доллар болгон. Ал бир ирет төлөнөт. Жалпы сумма 492 млн. 632 миң долларды түзөт", - деп, ал төлөмдөр 2033-жылга чейин жүргүзүлөрүн белгиледи.О

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо 2017-жылы аяктаган. Ал модернизациялоонун алкагындагы коррупция фактысы боюнча жогорку кызматтагы бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

ЖЭБди модернизациялоого кеткен каражат насыя катары кытайлык "Эксимбанктан" алынган.

Жакында төлөш керек. Кыргызстан 2025-жылдан тарта жыл сайын мамлекеттик карыздын 42 млн. долларын төлөй баштайт, - деп билдирди финансы министри Б.Жеенбаева.

Жогорку Кеңеште өлкөнүн мамлекеттик карызынын босогосун жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору каралууда, бирок алардын арасында буга каршы чыккан эл өкүлдөр да бар.

Учурда мамлекеттик карыз боюнча пайыздык чен өлчөмү 3,6 млн. доллардан төлөнүүдө.

Сотторду реформалоого каражат. Кыргызстана 2018-2019-жылдары соттук-укуктук реформага бюджеттен 1,4 млрд сом каралган.

КР финансы миниистрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылы КРда соттук-укуктук реформанын алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга, ошондой эле жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 652,7 млн. сом суммасында каражаттар каралып, анын ичинен 590 млн. сому каржыланды.

Атап айтканда, бюджеттен бөлүнгөн каражаттар төмөндөгү иш-чараларга жумшалды:

- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин (мындан ары – КЖБР) программалык камсыздоону иштеп чыгууга, ошондой эле КЖБРга укук коргоо органдарын интеграциялоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга 269 млн сом каралып, анын ичинен 228,1 млн. сому каржыланды;

- Бузуулардын бирдиктүү реестрин (мындан ары – ББР) программалык камсыздоону иштеп чыгууга 34,5 млн. сом каралып, анын ичинен 33,1 млн. сому каржыланды;

- техникалык үн жазуу жана видео жазуу каражаттарын пайдалануу менен сурак жүргүзүү кабинеттерин жабдууга 42 млн. сом каралып, анын ичинен 40,2 млн .сому каржыланды.

- соттук жыйындар өтүүчү залдарды аудио-жазуу жабдуулары менен жабдууга 109,5 млн сом каралып, анын ичинен 104,7 млн. сому каржыланды;

- оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө жана имараттарды курууга 197,7 млн. сом каралып, анын 183,9 млн. сому каржыланды.

Көп эмес, бирок өсүү. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстандын экономикасы 2019-жылы 3,8% өсөрүн божомолдоп жатат.

ЭВФтин өкүлдөрүнүн айтуусунда, 2018-жылы Кыргызстандын экономикасы 3,5%га өсүп, ага аймактагы туруктуу шарттар себеп болгон. Жылына орточо 1,5%ды түзгөн инфляция, Ички дүң продукциянын 1,3% өлчөмүндөгү бюджеттин дефицити, туруктуу банк тармагы өкмөт менен Улуттук банк жүргүзгөн турукташтыруу саясатынын ийгиликтүү болгонун көрсөтүүдө.

Дохадагы көргөзмө. Ушул аптада кыргызстандык 8 компания, тактап айтканда, «Kyrgyz Natural Product», «GIMNILI», «Маңыз», «Balary», «Aman Green Food», «Дары Тянь-Шаня», «Ala-Too Honey» жана «Ханхяп» компаниялары жетинчи Эл аралык “AGRITEQ-2019” көргөзмө-жарманкесине катышты.

Алардын катышуусу Кыргызстандын Катардагы элчилиги жана КРнын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жардамы аркылуу жүргүзүлгөн. Максаты экспорттук азык-түлүк өндүрүшүн алдыга жылдыруу. Көргөзмө Доха шаарында 19нан 22-мартка чейин болгон.

Иш-чара айыл чарба жана айлана чөйрө тармагындагы заманбап жетишкендиктерге жана технологияларга арналган. Ошондой эле, аталган иш-чаранын алкагында айыл чарба секторундагы жаңычылдыкка (инновацияларга), айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу конференциялар, ар түрдүү бет ачарлар жана потенциалдуу ишкерлердин сүйлөшүүлөрү өткөрүлгөн.

Аталган көргөзмөгө 49 мамлекеттен келген 450 компания катышкан. Кыргызстан аталган иш-чарага экинчи жолу катышып жатат жана ар түрдүү балдын сортторун, кургатылган мөмө-жемиш, жаңгак, жогорку сапаттагы инкубациялык жумуртка жана тоок этин алып чыкты.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий