• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 18-23.12.2017

Аналитика 0

Өндүрүү өсүүдө. “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 2017-жылдын он бир айынын ичинде 5,15 млрд. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2016-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 318 млн. кВт.саатка көбүрөөк.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 6,6 млрд. сомду түзүп, анын 6,6 млрд. сому (100,2 %) чогултулган.

Он бир айдын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 12,39 % түздү, бул 2016-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 1,1 % аз.

Келишимдер ишке кирди. Өзбекстандын президенти Кыргызстан менен эки эл аралык келишимди бекитти. Ш.Мирзиеев 1996-жылдын сентябрындагы Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана толуктоо протоколун бекитүү токтомуна кол койду.

Мирзиеев башка токтому менен кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы аба кыймылын тейлөө жоопкерчилиги жөнүндө Келишимди бекитти.

Газ түтүгүнүн курулушу. Кыргыз-кытай газ түтүгүнүн курулуш долбоорунун суммасы - 1,2 млрд. доллар. Курулуш 2019-жылдын аягында башталмакчы.

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет башчысы Уланбек Рыскулов билдиргендей, кыргыз-кытай газ түтүгүн куруу боюнча сүйлөшүү 18-декабрда кыргыз өкмөтү менен Кытайдын "SINO-Pipeline" компаниясынын ортосунда болду.

Долбоор Түркмөнстандын газын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга сатууну максат кылат. Газ куурунун Кыргызстандагы узундугу 215 чакырымды түзөт.

Кыргыз-кытай газ түтүгү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Карамык" бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам бекетинен бүтөт. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл.

АӨБ гранты. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртууга 25 млн АКШ долларын бөлөт. Грант Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экинчи программасы -3-чакан программасынын алкагында берилет.

Жеке тармак Кыргызстандын экономикасын активдештирүүдө экономикалык өсүш жана технологиялуу өндүрүштөрдө жумуш орундарын түзүү аркылуу маанилүү роль ойноого багытталган, -деп эсептейт АӨБ.

Мүлк такталды. Кыргызстанда бардык мүлктү инвентаризациялоо процесси аяктады. ММБФ башчысынын айтымында, буга чейин реестр жок кезде мамлекеттин өз менчиктери жана алардын баасы боюнча толук маалымат болгон эмес. Эми фонддун системасында 1 млн 80 миңден ашуун негизги актив бар. Учурда мамлекеттик активдер 86 млрд сомдон ашык эсептелет.

Салык толук эсептелди. 2017-жылдын 11 айында Мамлекеттик салык кызматы бюджетке кошумча 10 млрд 14,4 млн сом салык жыйнаган. Бул сумма ишканалардын жашырылган салыктарынын көлөмүн түзөт. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 1 млрд. 507,3 млн сомго көп же 17%га өскөн.

Жолдор оңолот. Кытай Бишкектин 60 көчөсүн кайра куруу жана оңдоо үчүн каражат бөлөт. КР Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкекте КР жана КЭР өкмөттөрүнүн ортосунда “Бишкек шаарынын жолдор тармагын өнүктүрүү (2-фаза)” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Алмашуу каттарына кол коюлду. КР өкмөтүнүн атынан экономика министри А.Новиков, КЭР өкмөтүнөн элчи Сяо Цинхуа кол коюшту.

Мындан тышкары тараптар айыл чарба жаатында эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

КРдагы өсүш тууралуу. 2017-жылдагы Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 3,2% түзсө, 2018-жылы 3,3% болорун Эл аралык валюта фонду билдирет. 2018-жылы ЭВФ божомолу боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 58,2% түзөт. Ал эми үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч 57,1% болгон. Мындан тышкары КР экспортунун 2017-жылы 10,4%, 2018-жылы 6,2% өсүшү күтүлүүдө. Импорт 2017-жылы – 12,1%, 2018-жылы 11,5% өсөт.

ЭВФ быйылкы жыл башынан бери республиканын экономикасы 3,5% өскөнүн болжолдойт.

Аймактар активдешүүдө. Ош облусунун аймагында 2017-жылдын 11 айында 39 жеке ишкана ачылган. Натыйжада, облустук өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 301 жумуш орду түзүлгөн. Жалпы капиталдык салым 84 млн сомдон ашып, бюджетке 264 миң сом түшкөн. 28 өндүрүштүк, 5 айыл чарба, 4 тейлөө жана таза суу ишканалары ачылган.

“Майда ишканалардан тышкары Ош облусунун аймагында 91 ири өнөр жай ишканасы иштейт. Жалпысынан Ош облусу боюнча соңку 11 айда 4 млрд 22 млн сомдук продукция өндүрүлгөн, өсүш 108,9%ды түздү”, - деп билдиришет Өкмөттөн.”

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий