• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 18-24.09.2017

Аналитика 0

Бактысыз ГЭС каскады. Жума Кыргызстан расмий түрдө Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу тууралуу чехиялык Liglass Trading компаниясы менен келишимди бир жактуу буза тургандыгын жарыялады. Чечим КР Өкмөтүнүн жумушчу жыйынында кабыл алынган. Вице-премьер-министр Д.Зилалиев жыйында чехиялык компания келишим боюнча 37 млн долларды төлөө мөөнөтүн узартуу өтүнүч каты менен кайрылганын билдирди.

“Биз [макул болууга] мыйзамга жана келишимге ылайык укуктук мүмкүнчүлүктөр жок деген жалпы пикирге келдик. Биз келишимди бир жактуу чечүү керек деген пикирге келдик”, -деди Зилалиев.

КР премьер-министри С.Исаков келишимди бир жактуу бузуунун бардык процедураларын баштоону тапшырды.

Чехиялык компаниянын жообу көп күттүргөн жок – алар компаниянын директору Михаэл Смелик кол койгон билдирүүнү таратышты. Анда мындай белгиленет: Liglass кыргыз тарапка 37 млн долларды алигиче төлөп бере элек жана муну бир нече негиздер менен түшүндүрөт. Liglass КР Өкмөтү 11-августка чейин 1 млн 147 миң доллар өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү кайтарып бериши керек болчу деп эсептейт. Бирок кайтарып беришкен жок. Liglass ошондой эле, КР Өкмөтү компанияга “Жогорку Нарын ГЭС каскады” компаниясынын 50% акцияларын берүү “РусГидро” компаниясы менен макулдашылбаганын билдирбей, аларды жаңылыштырганын билдирди. Ошентип, чехтер тендер учурунда төлөнгөн кепилдик төлөмүн жөн гана албай коюшпастыгы түшүнүктүү болду. Эксперттердин пикиринде Кыргызстанды эл аралык сотко берүү күтөт.

Салык жыйноо. 2017-жылдын январь-август айлар аралыгында КР Мамлекеттик салык кызматы 45 млрд 783,3 сом өлчөмүндө салык жана төлөмдөрдү жыйнаган. Белгиленген план 100,1 пайыз аткарылган, башкача айтканда 52,4 млн сомго ашыкча аткарылган.

Маалыматка ылайык, салык төлөөнүн көрсөткүчү 2016-жылга салыштырмалуу 3 млрд 690,5 млн сомго, башкача айтканда 8,8 пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда сатуудан түшкөн салыкты эске албаганда салык чогултуу 5 млрд 628,4 млн сомго же болбосо 15% жогорулаган.

ИДПнын туруктуу өсүшү. 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында өлкөдө ИДПнын көлөмү 6,7%га өсүп, экспорт 30%га өскөн. КР Соода-өнөр жай палатасынын маалыматы боюнча 2016-жылы өлкөнүн ИДПсы 3,8%га өскөн, ошону менен бирге экспорт 17% жогорулаган. Эксперттер Кыргызстандын ИДПсынын туруктуу өсүшүн бир нече себептер менен түшүндүрүүдө. Биринчиден Кыргызстандын ЕАЭБге кириши экспорттун көлөмүн жана ар түрдүүлүгүн жогорулатууну шарттады, экинчиден өлкөдөгү кырдаал ишкерлерге жана бизнес адамдарына ишенимдүү иштөө шарттарын түздү. Үчүнчүдөн, өлкөгө мигранттардан келим түшкөн акча которуулар республиканын экономикасына жана социалдык жашоосуна оң таасирин тийгизүүдө.

2017-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан экспорттоо 27,1%, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнө - 32,7%ды түзгөн. КР экономика министри Артем Новиковдун айтымында, өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү экономиканын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү булагы болуп саналат.

“2017-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан экспорттоо 27,1%, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнө - 32,7%ды түзгөн. Бул дагы бир ирет атамекендик ишкерлик тышкы рынокту өздөштүрүп, евразиялык экономикалык интеграциянын артыкчылыктарын колдоно баштагандыгынан кабар берет”, - деди министр.

Туристтер Бишкекке багыт алышты. Кыргызстандын борбору Бишкек КМШ өлкөлөрүнүн 2017-жылдын күзүндөгү саякат үчүн ыңгайлуу 10 шаарынын катарына кирди. Бул рейтингди ТурСтат аналитикалык агенттиги түзгөн. КМШнын бул тизмедеги Минск, Астана, Баку, Ереван, Алмата, Ташкент, Ашхабад, Киев, Кишинев жана Бишкек ушул күздө туристтер үчүн эң популярдуу шаарлардан болуп саналышат.

Рейтинг туристтерди жайгаштыруунун онлайн-брондоо тутумун анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

КР Өкмөтүнүн амбициялары. 040-жылга чейин ички дүң продукция киши башына 5 миң доллар болушу керек. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Анын айтымына караганда, мындай максат туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында коюлган.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий