• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 19-24.08.2019

Аналитика 0

Кыргызстандагы бул ишкер жумалык бизнес чөйрөнүн жана мамлекеттик органдардын активдүүлүгү менен мүнөздөлдү. Жума ичинде болгон окуялардын көбү аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор жана аларды каржылоо менен байланышкан.

Берилген насыялар. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 13 млрд 741,7 млн. сом суммасында кредит берилип, аны алгандардын саны 295 миң адамды түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, микрокредит алгандардын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 33,8 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 31,5 пайызга көбөйгөн.

Чакан кредиттердин эң көп суммасы Ош облусунда (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 20,6 пайызы), Бишкекте (19,6 пайызы), Жалал-Абад (13,9 пайызы) жана Чүй облустарында (13,8 пайызы) берилген.

2019-жылдын январь-июнунда берилген микрокредиттердин 33,8 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 25,1 пайызы керектөөчүлүк муктаждыктарына, 13,3 пайызы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталган.

Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун насыялары. 2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун долбоорлорду каржылоосу 4,4 млрд сомду түзүп, анын ичинде 2,7 млрд сомго аймактардагы долбоорлор каржыланган.

2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу ал 2 эсе көбөйгөнү байкалууда. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдиргендей, каржылоонун көп бөлүгү аймактарга багытталууда. Аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Талас, Нарын жана Баткен облустарында стартап-каржылоо боюнча өзүнчө программалар пилоттук тартипте ишке киргизилген.

«Мындан тышкары, аймактардын баарында жаңы баштаган ишкерлер үчүн старт-ап долбоорлорду каржылоо программасы башталды. Бул программа өзүнө окутууну дагы камтыйт. Окутуу иш-чаралары облустарда бүгүнтөн башталды. Жалпысынан программа 2019-жылдын август-сентябрында ишке ашырылат», – деди Асрандиев.

Айыл чарба насыялары. «Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК жетекчилери аймактык долбоорлорду жана айыл чарбасын каржылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып беришти.

«Айыл банк акыркы 3-4 жыл ичинде коммерция, соода, курулуш чөйрөлөрүндөгү бизнес-долбоорлорду каржылаган. Азыр бул абалды оңдоп жатабыз. Анткени биздин милдетибиз – каражаттардын 60 пайыздан кем эмесин айыл чарба тармагына багыттоо», – деп белгиледи «Айыл банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев.

Анын айтымында, эгер 2018-жылдын аягына карата финансы ресурстарынын 52 пайызы айыл чарбасына жумшалган болсо, 2019-жылдын август айына карата анын көлөмүн "Айыл Банк" 65 пайызга чейин көбөйткөн. Каражаттар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканаларын каржылоо жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн атаандаштыкка туруктуулугун арттыруунун эсебинен ички жана тышкы миграцияны азайтууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталууда.

«РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов 2019-жылы Банктын кредиттик портфели 2018-жылга салыштырмалуу 1 миллард сомго көбөйүп, 13,6 млрд сом болгонун белгиледи. Аймактык долбоорлорду каржылоо өткөн жылга салыштырганда 21 пайызга көбөйгөн.

«РСК Банк» ААКнын жер-жерлердеги филиалдары региондордогу ишкерлерди артыкчылык тартипте каржылоодо. Санариптештирүү иштеринин алкагында банкта «РСК-24» мобилдик тиркеме ишке киргизилген. Ал аркылуу салыктардын бардык түрлөрүн, айып пулдарды жана мамлектеттик бюджетке төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.

Бактыбек Шамкеев менен Азизбек Оморкулов «Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК кардарларды тейлөө убактысын кыскартуу жана ишти оптимизациялоо үчүн «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына интеграциялануу боюнча активдүү иштеп жатышканын кошумчалашты.

Кепилдик каражаттары. 2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактардагы насыялоого жана гарантияларды берүүгө багытталган. Бул тууралуу «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Ал белгилегендей, 2019-жылы Фонддун ишмердигинде негизги багыт болуп аймактык долбоорлорду колдоо болуп эсептелет. Жалпысынан бүгүнкү күндө 460 млн сомдон ашык суммага 300 долбоор каржыланды.

Бул жылы берилген гарантиялардын суммасы 173% көбөйгөн. Эгерде 2018-жылдын 7 айында 271 млн сом болсо, бул жылы ушул эле мезгилге карата 468 млн сомго гарантия берилген.

Ал белгилегендей, Кепилдик фондунун кыргыз үлгүсүнүн тажрыйбасы КМШ шериктеш өлкөлөрдүн жана эл аралык финансылык институттардын кызыгуусун жаратты. Учурда Кыргызстандын тажрыйбасы Тажикстандагы Кепилдик фондун ишке киргизүүдө колдонулуп жатат. Ошондой эле «Кепилдик фонду» ААКтын ишмердиги Азия өнүктүрүү банкынын негиздөөчү өлкөлөрүнүн ичинен эң мыкты катары каралуусу күтүлүүдө.

«Kazakh Export» АКнын филиалы. Бул аптада Казакстандын Нур-Султан шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh invest» АК башкармалыгынын төрагасы Бауржан Сартбаев менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган. Айдарбеков саясий, соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-казак кызматташтыгы жакшы өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын аймагында инвестицияны кеңейтүүгө чакырган.

Ал эми Сартбаев, «Kazakh invest» АКнын инвестицияларды тартуу боюнча тажрыйбасы жөнүндө айтып берип, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыргыз тарабы менен кызматташууга кызыкдар экенин жана тажрыйба алмашууга, КР адистери үчүн стажировка уюштурууга даяр экенин билдирген.

Тараптар 2019-жылдын аягына чейин Кыргызстанда «Kazakh Export» АКнын өкүлчүлүгүн ачууну макулдашышкан.

Банк кызматтарынын жеткиликтүүлүгү. Кыргызстанда алыскы аймактардын тургундары үчүн банк кызматтарын пайдалануу жеткиликтүү боло баштады. КР Улуттук банкы "Банктардын ишмердигин лицензиялоо жөнүндө" жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизди.

"Өлкөнүн алыскы региондорунун тургундарынын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн жеткиликтүү пайдалануусун камсыз кылуу, ошондой эле лицензия берүү жол-жобосунун алкагында Улуттук банкка берилүүчү жеке маалыматтарды иштеп чыгуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2019-жылдын 21-августунда Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий