• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 19-25-июнь 2017-жыл

Аналитика 0

Кыргызстандын Парламентинин бюджет жана каржы комитети бул жумада “Кыргыз Республикасы менен Сауд мамлекеттик мектептердин курулушун өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык келишимди ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды. Келишимге 2017-жылдын 17-майында Джидда шаарында кол коюлган.

Документке ылайык, өлкөнүн ар кайсы аймактарында 150-550 орундуу мектептердин курулушу мерчемделүүдө.

Сауд өнүктүрүү фонду 112,5 млн сауд риалын же 30 млн АКШ долларына жакын бөлөт. Долбоорду каржылоо төмөнкү шарттар менен жүргүзүлөт: насыя боюнча пайыз – 1% жылына; насыяны төгүү мөөнөтү - 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 25 жыл. Насыя 2022-жылдан 2042-жылга чейин жарым жылда бир жолу төгүлөт.

Бул жумада Токиодогу Кыргыз соода-инвестициялык семинарынын жүрүшүндө быйылкы жылы жайында Кыргызстанга япон ишкерлеринин тобу сапарга келери күтүлүп жатканы белгилүү болду.

Сапар Япониянын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан Япониядагы КР элчилиги менен биргеликте JETRO жана JICA катышуусунда уюштурулууда. Соода-инвестициялык семинарга КРда ишкерликти жүргүзүүгө кызыкдар япониялык компаниялардын 100 гө жакын өкүлү катышты.

КР Экономика министрлигинде аталган министрликке караштуустандартизациялоо жана метрология борборунун Германиянын ДАКС (DAkkS) – эл аралык таанылган аккредиттөө органы тарабынан эталондук лаборатория аккредитация аттестатын алуу салтанаты болду.

Кыргызстан 1998-жылы БДСУ мүчөсү болуу менен БДСУ соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча Келишимине кошулган. Келишимдин негизги максаты БДСУ мүчө өлкөлөрдүн арасында соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтуу болуп саналат.

Техникалык жөнгө салуу жана метрология тармагындагы аракеттерди жакшыртуу бул Келишимдин курамдык бөлүгү болуп саналат. Кыргызстан, БДСУга кирген күндөн тартып, документтерди эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу саясатын жүргүзүүдө. Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча реформалар ишке ашырылды. Чен бирдиктерин камсыздоо боюнча нормативдик база тынымсыз жакшыртылып Метрология мыйзамдары боюнча эл аралык уюмдун талаптарына ылайык келтирилүүдө.

Бул аптада эми Кыргызстандын Россиянын алдында карызы жок экени белгилүү болду. КР Президентинин Москвага жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө КР жана Россия каржы министрлери Адылбек Касымалиев жана Антон Силуанов Кыргызстандын РФ алдындагы 240 млн АКШ долларындагы карызын кечүү тууралуу протоколго кол коюшту.

Бул Кыргызстандын Россияга карызы 2012-жылдан бери 488 млн долларды түзгөн. 2013-жылы 188,9 млн доллары кечилген. Калган 300 млн доллар узартылган. 2016-2017-жылдары дагы 60 млн доллар карызды кечүү ишке ашкан. Ошентип, 2017-жылдын июнуна 240 млн доллар карыз калган.

Ушул эле жумада Президент А. Атамбаев “КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду. Мыйзам КР Бюджеттик кодексине бюджеттик процесстеги сот тутумунун кызыкчылыктарын эске алууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизет:

КР Жогорку Кеңеши Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн долларды Түндүк-Түштүк унаа жолун кайра куруунун III фазасын ишке ашырууга алууну жактырды. Курулуш үстүбүздөгү жылы күзүндө башталат. Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү – 2 жыл. Долбоордун жалпы баасы – 33,8 млн доллар. Долбоор ИӨБ тарабынан 12 млн долларга жана Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу 210 млн доллар өлчөмүндө каржыланат. Кыргызстандын каржылоо үлүшү – 1,8 млн долларды түзөт. Түндүк-Түштүк унаа жолун 159 чакырымдан 183 чакырымга чейин кайра куруу каралган. “Түндүк-Түштүк” альтернативалык жолунун курулушунун биринчи фазасы боюнча аткарылган иштердин жалпы суммасы бүгүнкү күнгө карата 188 млн долларды түзөрү белгилүү болду. Экинчи фаза боюнча аткарылган иштердин жалпы суммасы 65,5 млн долларды же келишимдин наркынын 22%ын түзөт.

22-июнда бизнес-ассоциациялардын Улуттук альянсынын мүчөлөрүнүн жыл сайын өтүүчү жыйынында Эльвира Боромбаеванын жетекчилиги алдындагы өткөн мезгилдеги башкармалыктын отчету сунушталып, жаңы жетекчи шайланды. Бизнес-ассоциациялардын көпчүлүк добушу менен Улук Кыдырбаев Улуттук альянстын жетекчиси болуп шайланды.

У. Кыдырбаевдин Кыргызстандын ишкерлик коомчулугунда 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Ошондой эле, “БизЭксперт” аналитикалык борборунун учурдагы жетекчиси болуп саналат.

Ассоциациянын жетекчисинин айтымында, акыркы төрт жылда Өкмөт жана көптөгөн мамлекеттик органдар ишкерликке шарттарды түзүү аракеттерин көрсөттү. Өкмөт жана Жогорку Кеңеш менен натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн аянтчасы пайда болду.

Альянс 70 тен ашык тармактык бизнес-ассоциацияларды бириктирет.

Быйылкы жылы БАУА катары 14 бизнес-ассоциация менен толукталды. Аталган Улуттук альянс 2013-жылы түзүлгөн жана өлкөнүн ИДПсына жалпы салымы 60%га чейинки ири салык төлөөчүлөрдү бириктирет.

“Кабар” МАБ

25-июнь 2017-жыл

Пикир

Оставить комментарий