• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 19-31.03.2018

Аналитика 0

Дагы бир аракет. MFT Services SA компаниясы MFT Services SA компаниясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна “Мегакомду” (“Альфа Телеком” ЖЧКсын) сатып алууга кызыкдарлыгын билдирди.

“Фондго арыз келип түштү. Өз кезегинде фонд арызды “Альфа Телеком” ЖЧКсына кароого жөнөттү”,-деп айтылат ММБФ билдирүүсүндө.

Буга чейин уюлдук операторду сатып алуу үчүн бир катар компаниялардан түшкөн кайрылуулар боюнча маселелерди кароо жана сунуштарды талдоо иштери жүрүүдө.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан эки жылдан бери уюлдук операторду сатууга аракеттенүүдө. Бирок азыркыга чейин ар кандай себептерден ишке ашпай жатат. Акыркы жолу компаниянын баштапкы баасы төмөндөп, 13,5 млрд сомду түзгөн.

Салыксыз. Кыргызстанда кайра иштетүү, айыл чарба жана логистика тармагындагы ишмердиктин бардык түрлөрүн салыктын бардык түрлөрүнөн бошотуу жөнүндө мыйзам долбоору сунушталды. КР СӨП караштуу Салык консультанттарынын палатасынын жетекчиси Татьяна Ким билдиргендей, бизнес көбүнесе мыйзам аркылуу түзүлгөн артыкчылыктарды колдонбойт.

Т.Ким президент Сооронбай Жээнбеков КРнын премьер-министри болуп турганында айыл чарба, кайра иштетүү жана логистика тармактарын салыктан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеген.

Өз продукциясын гана. Кыргызстанда атамекендик гипермаркеттерде жергиликтүү продукциянын сунушталышын мыйзам аркылуу бекемдөөнү сунушташууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын өнөр жай саясаты, экспортко аракеттешүү, инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комитетинде “Экопродукт Азия” ЖЧКсынын башкы директору Дастан Өмүралиев билдирди.

Ал Казакстанда ири дүкөндөрдү 30% жергиликтүү өндүрүмдөгү продукцияны сатууга милдеттендирген мыйзам бар экенин белгиледи.

Санариптик долбоор. Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстанга “Digital CASA” долбоорун ишке ашырууга 50 млн доллар бөлүп берүүнү жактырды. ДБ расмий билдирүүсүндө бул сумманын 25 млн доллары грант түрүндө, калган 25 млн доллар насыя катары бөлүнөрүн айтты.

“Digital CASA - Кыргыз Республикасы” долбоорунун максаты алгылыктуу баадагы интернетке болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, МКТ тармагына кошумча жеке инвестицияларды тартуу жана республикадагы санариптик мамлекеттик тейлөө көрсөтүү жаатындагы мамлекеттин потенциалын кеңейтүү болуп саналат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын демилгеси боюнча, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын жана натыйжалуу тутумун түзүүнү көздөгөн «Таза Коом» программасынын алкагында ишке ашырылууда.

«Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) - Кыргыз Республикасы» долбоору 2018-2040-жылдарга өлкөнү Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын маанилүү элементтеринин бири болгон бул демилгени ишке ашыруу үчүн негиз түзөт.

Чакан ГЭСтер көңүл чордонунда. Чакан ГЭСтердин пайдалуулук коэффициенти өзгөртүлөт. Бул тууралуу “галстуксуз жолугушууда” Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов билдирди.

Ал бул коэффициент кабыл алынган кезде дүйнөдө калыбына келүүчү энергия булактарына (ККЭБ) баа жогору болгон деп эсептейт.

“Дүйнө ККЭБ жолу менен кетти, анткени алардын башка энергия булагы болгон жок. Бизде суу ресурстары бар. Чакан ГЭСтердин өз баасы ирилерден жогору. Бирок бүгүнкү күнү технологиялардын өсүүсүнүн эсебинен дүйнөдө ККЭБ баасынын төмөндөө тенденциясы бар. Күн секторунда 80%, шамал – 35%. Чакан ГЭСтер боюнча деле ушул эле”, - деди ал.

А. Оморов учурдагы пайдалуулук коэффициенти дүйнөдөгү баалар менен бирдей өлчөмдө эмес экенин айтты.

Аткара алат. Кыргызстан CASA-1000 долбоору боюнча электр энергиясын экспорттоо боюнча милдеттерин аткара алат. Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморовдун пикиринде Кыргызстан тиешелүү электр энергиясын иштеп чыгууга жетиштүү потенциалга ээ жана бүгүнкү күндө Борбордук жана Түштүк Азияга электр чубалгыларын куруу боюнча активдүү фаза жүрүүдө.

“Учурда ар бир мамлекеттин аймагына электр чубалгыларын курууга жалданма компанияны тандоо жүрүүдө. Чарбалык субъекттердин ортосунда электр энергиясын ташуу боюнча келишимге кол коюлган. Долбоордо ташуу боюнча бир нече деңгээл каралган. Кыргызстан алгачкы жылдары 500дөн 750 млн квт/саатка чейин ташууга милдеттүү. Долбоордун аягына чейин бул сан 1,5 млрд кв/саатка жетет. Макулдашууларга ылайык, төмөнкү тарифтер каралган. Афганистан Кыргызстанга 1 кв/с 9,36 центке, Пакистан – 9,41 центке жеткирет”, - деп түшүндүрдү ал.

Күтүлбөгөн профицит. Кыргызстан көптөн бери алгачкы ирет үстүбүздөгу жылдын 1-мартында бюджеттин профицити менен чыгып, 3,8 млрд сомду түзгөн.

КР Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, демейде бюджеттин профицити салык төлөмдөрүнүн ашык аткарылышынан январда гана болот.

“Декабрда бардык төлөмдөр жабылат. Ал эми кийинки жылдын январында төлөмдөр кечирээк башталат. Буга байланыштуу профицит түзүлөт. Бирок февралда демейде дефицит менен чыгабыз. Бирок быйыл 1-марттан тарта профицит 3,8 млрд сом болду. Бул биз үчүн прогресс”, - деп түшүндүрдү Финансы министрлигинде.

Валюталык туруктуулук. Кыргызстандын ички валюталык рыногунда кырдаал туруктуу. КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2018-жылдын башына карата сомдун бекемделиши 1% түзгөн.

“2018-жылдын мартында Улуттук банк ички валюталык рынокто катышкан эмес. Монетардык сектор 2018-жылдын башындагы тенденциялардын сакталашы менен мүнөздөлөт. Акча рыногунун пайыздык коюмдары Улуттук банк тарабынан коюлган пайыздык коридордун чегинде калууну улантууда. Насыялык ресурстардын банктар аралык рыногунда активдүүлүк сакталууда”, - деди ал.

Насыялык аукцион. Кыргызстандын Улуттук банкы алгачкы жолу коммерциялык банктар үчүн насыялык аукцион өткөрдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, коммерциялык банктар 1,5 млрд сом насыяны 5% менен алышкан.

“Бул акчалар комбанктар тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген насыялоонун алкагында берилет. Бизге сунуштарга караганда суроолор көп түшүүдө”, - деди ал.

Абдыгулов эсептик коюмду 5% деңгээлинде сактоо оң тенденция экенин белгиледи.

“Бул экономиканын өсүүсү байкалып жатканын айтып турат. Өнөр жай тармагы өнүгүүдө. Ошондой эле тышкы факторлор турукташып, КРга таасир берген жок. Үчүнчүдөн, мигранттардын которуулары туруктуу келүүдө” , -деди ал.

Улуттук банктын башчысы 2014-2015-жылдары эсептик коюм көлөмү 10% өскөнүн белгиледи. Анткени тышкы факторлор жагымсыз болгон. Олку-солку болуулар Кыргызстандын рыногуна таасир берди.

Улуттук банк 2018-жылдын башынан бери ички валюта базарына үч жолу интервенция жасады. КР Улуттук банкынын төргасы Толкунбек Абдыгулов маалымдагандай, 2018-жылы Улуттук банк 5 млн доллар сатып, 15 млн доллар сатып алган.

Ошондой эле Абдыгулов билдиргендей, Улуттук банктын учурдагы резерви 2 млрд 207 млн долларды түзөт, бул деген 4,5 айга импортту жаба албан суммага барабар.

Москвадагы товарлар. Москва шаарында “Киевская” метросунун станциясындагы “Перекресток” супермаркетинде “Кыргыз товарларынын күнү” өттү. Ага КР экономика министри Артем Новиков жана РФ экономикалык өнүктурүү министринин орун басары Илья Торосов катышты. Иш-чара россия-кыргыз өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын 20-жыйынына катышат.

Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жаатында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун багыттарынын бири болуп саналат, деп билдирди КР Экономика министрлиги.

Иш-чара кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарларына көңүл бурдуруу жана атамекендик продукцияны РФнын соода түйүндөрүндө тааныштыруу, белгилүү кылуу үчүн өткөрүлдү.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий