• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 20-25.04.2020

Аналитика 0

Карантин учурунда Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүк дээрлик токтоп калды. Учурда бизнестин көп тармактарынын иши токтоп турат. Ошентип коронавирус дүйнө, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.

Энергетикадагы чукул чаралар. Ишкана жана уюмдардын ишмердигине чектөө киргизилгендигине же токтотулгандыгына байланыштуу керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдөрдүн жыйымынын кыскарышы күтүлүүдө. Ал өз кезегинде оңдоп-түзөө жана алдыда турган жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштерин өз убагында өткөрүүгө кедерги жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчилиги энергетикалык компаниялардын башкы дирекциялары менен учурдагы кырдаалды талкуулоо үчүн өткөргөн селектордук кеңешмде айтылган. Кеңешменин жүрүшүндө коронавирус илдетинин жайылуусунун кесепеттерин төмөндөтүүгө багытталган биринчи кезекте жасала турчу чаралар талкууланган.

Улуттук энергохолдингдин жетекчилиги, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу энергетикалык компанияларды тез аранын ичинде антикризистик чараларды көрүүгө чакырган.

ДСУ жана пандемия. Бул жумада Кыргызстан онлайн платформалар аркылуу виртуалдык режимде уюштурулган Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдүн делегация башчыларынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ДСУнун башкы директору Роберто Азеведо мырза COVID-19 пандемиясынын чыгышына байланыштуу экономикалык терс кесепеттердин фонунда дүйнөлүк соодада түзүлгөн тенденциялар тууралуу айтып берген. Маселен, ДСУнун башкы директору коронавируска байланыштуу дүйнөлүк соода байланыштары өтө начарлаганын билдирген. ДСУнун экономисттери 2020-жылы дүйнөлүк соода ар бир континентте кескин түрдө кыскарарын эсептеп чыгышкан.

ДСУнун эксперттеринин эсептөөлөрүнө ылайык, иш оң багытта кетсе дүйнөлүк сооданын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 13%га кыскарат. Ал эми иш оңунан чыкпаса дүйнөлүк соода 2019-жылга салыштырмалуу 32%га төмөндөйт.

Жыйында Кыргызстандын өкүлү коронавирус дүйнө мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген. Кыргызстан тарап, биргелешкен иш-аракет жана өз ара жардам көрсөтүү аркылуу кризисти жеңүүгө болот деген пикирди айткан.

Кыргызстандын өкүлү, эл аралык соода, ошондой эле ачык-айкындуулук принциптерине негизделген ДСУнун эрежелери азыркы учурда дүйнө туш болуп жаткан дүйнөлүк соодадагы кризистин кыйратуучу кесепеттерин азайтууда башкы ролду ойношу керектигин билдирген.

Камсыздандыруу төгүмдөрү. КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги токтомуна ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-мартынан баштап 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту 2020-жылдын 1-июлуна чейин бере алышат.

Ошол эле учурда камсыздандыруу төгүмдөрун кечиктирип төлөгөндүгү үчүн 2020-жылдын 1-мартынан 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн өнбөгөн калдыктардын суммасына туум эсептелбейт.

Бул чаралар өлкөдө коронавирустун жайылышын болтурбоо боюнча чектөө чараларынын киргизилгендигине байланыштуу экономикалык ишмердиктин субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында көрүлүүдө.

Бааны көтөрүү боюнча эскертүү. Бир жарым ай аралыгында Кыргызстанда азык-түлүктүн бааларын негизсиз көтөрүү учурлары боюнча 150 эскертме берилди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабировдун айтымында, карантин киргизилгенден бери 10 учур боюнча айыппул салынган жана 30 иш Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда өлкөдө Монополияга каршы агенттик тарабынан 1 жана 2-сорттогу ун, өсүмдүк майы, бөлкө нан, макарон азыктарына, кумшекер, сүт, жумуртка, май, эттин түрлөрү – уй, кой чочко эти, картошканын, жалпы азык-түлүктүн 11 түрүнүн максималдуу баалары белгиленген.

"Айыл чарбасын каржылоо-8". "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоорунун алкагында жарандарга жалпы 1,36 млрд сом насыя берилди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевдин айтымында, 20-апрелине карата "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоорунун алкагында 1 миң 776 жаран жалпы 1 млрд 36 млн 800 миӊ сом суммасына насыя алган.

"Алардын ичинен фермерлерге 668 млн 700 миӊ сом, АЧКга 54 млн 300 миӊ сом жана кайра иштетүүгө 313 млн 800 миӊ сом насыя катары берилди", - деди ал.

Чодуев билдиргендей, өкмөт "Айыл чарбасын каржылоо-8" долбоорунун алкагында ун жана буудай сатып алууга 800 млн сом бөлгөн. Бүгүнкү күндө 230 млн сом пайдаланылган.

Насыялардын пайыздары. Банктар насыяны төлөө мөөнөтүн жылдырганы менен пайыздар боюнча төлөмдү токтотконго мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы филиалынын жетекчиси Хусейн Акимбеков билдирди.

Ал насыяны төлөө мөөнөтүн 3 айга жылдыруу сунушталганын, ошондой эле насыяны, анын пайыздарын өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн туум же башка кошумча акча алынбашы керектигин айтты. Бирок ошол эле учурда ал банктар пайздары боюнча төлөмдөрдү токтото албай тургандыгын билдирди.

"Илдетке байланыштуу өзгөчө абал учурунда көп жерлерде насыялар убагында төлөнбөй жатат. Банктар насыяны төлөө мөөнөтүн жылдырып жатат, бирок пайыздар боюнча төлөмдү токтотконго мүмкүнчүлүгү жок. Банктар бир жагынан жарандардан депозит алып, ал жарандардын алдында милдети бар. Алар депозитке түшкөн акчаларды насыяга берип, насыянын пайызынын эсебинен аманатчылардын алдындагы милдетин аткарат. Ошондуктан пайыздарды токтотконго мүмкүнчүлүгү жок", - деди ал.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий