• 84.79
  • 101.8
  • 1.1

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 21-16.01.2019

Аналитика 0

Көп электр энергиясы. “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 2018-жылы 6 млрд. 186 млн. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2017-жылга салыштырмалуу 276 млн. кВт.саатка көбүрөөк.

Өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 8 млрд. 18 млн. сомду түзүп, анын 8 млрд. 88 млн. сому (100,9 %) чогултулган.

2018-жылы калк арасында төлөм чогултуу 101,8 пайызга аткарылган, алсак: өндүрүштүк объектилер –99,9 пайыз, бюджеттик уюмдар –99,2 пайыз, айыл-чарба объектилер –99,6 пайыз, башка керектөөчүлөр – 100,6 пайыз.

Казак мунайы. Кыргызстан менен Казакстан мунай жана мунай продуктыларын бажы төлөмсүз ташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн мунай жана мунай заттарын ташуу багытында соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоонун биринчи этабы жүрүүдө.

Талкууланып жаткан долбоорго ылайык, казак тарап бекитилген индикативдик баланс жана протоколго ылайык Кыргызстанга бажы төлөмсүз мунай заттарын экспорттоого милдеттенет.

Айылдыктардын салымы. 2018-жылдын январь-декабрь айларында өлкөнүн айыл чарбасынын дүң өндүрүмүнүн көлөмү 203,8 млрд. сомду түзгөн. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7%га өскөн.

КР Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, айыл чарбасында дүң өндүрүмдүн көлөмүнүн жогорулашы жашылчаларды өнүктүрүүдө – 3,4%га (100,4 млрд. сомго), жүгөрү жана эгин – 6%га, мөмө-жемиштер - 4,8%га, буурчак дандуу өсүмдүктөр – 3,9%га, жашылчалар - 2,4%га, арпа – 1,2%га, картөшкө – 2,2% жана ошондой мал азыктары – 2,2% (98,3 млрд.сом), сүт азыктары – 2,2%га жана жумуртка – 4,4%га өскөн.

Айыл чарба азыктарынын ИДӨгө кошкон салымы 0,34% алкагында бааланган.

МЖӨ жана инвестиция. Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) чөйрөсүндө суммасы 165 млн. АКШ долларын түзгөн 15 долбоор ишке ашууда.

КРнын Инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигинин МЖӨ бөлүмүнүн башчысы Данияр Абдылдаевдин айтуусунда, аталган долбоорлордун ичинен 4 транспорт чөйрөсүндө, 3 саламаттыкты сактоо, 2 туризм жана спорт жаатында. Андан тышкары билим берүү жана камсыздандыруу ж.б. чөйлөрүндө да долбоорлор бар.

“Белгилүү болгондой МЖӨ - бул жаңы механизм. Ошол себептен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Биздин тараптан ошол иштер жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик, муниципалдык органдарда жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү үчүн окутуу семинарлары жүргүзүлүүдө. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Агенттик чет өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан форумдарга катышат”, - дейт ал.

Инвестиция төмөндөдү. Кыргызстанда чет элдик инвестициялардын көлөмү төмөндөдү. Инвестиция тартуу жана коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, чет элдик түз инвестициялардын төмөндөшү бүткүл дүйнө боюнча байкалууда.

Агенттиктин жетекчиси Адилбек уулу Шумкарбек билдиргендей, “Эгер дүйнөдө инвестициялардын көлөмү 23% төмөндөсө, өнүккөн өлкөлөрдө 35-37%га чейин, ал эми Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө төмөндөөсү 23%ды түзөт”. Ал Россияда да инвестициялардын кескин төмөндөшү байкалууда, ал эми Казакстан, Өзбекстан жана Беларуста өсүү байкалууда деп кошумчалады.

Бул жагдайдын негизги себеби катары Адилбек уулу Шумкарбек инвесторлордун жергиликтүү калк менен болгон көйгөйлөрүн атаган.

“Акыркы эки жылдын ичинде жергиликтүү калктын жана жергиликтүү бийлик органдарынын активдүү эмес иштеринин жыйынтыгында компаниялар өз ишмердүүлүгүн токтотуп, кетип жатышты. Же болбосо инвесторлор 3-4 жылдар бою өз долбоорлорун ишке ашыра албай келишет. Бул өлкөнүн маалыматтык фонуна терс таасирин тийгизип, ошол себептен көптөр Кыргызстанга инвестиция салуудан баш тартышат”, - деп өзгөчө белгилеп кетти ал.

Ал ошондой эле 2015-жылдан тарта Кытайдан келген түз инвестициялар азайгандыгын белгиледи. "Эгер биз Кытай Эл Республикасынан келген инвестицияны 500 млн. доллар деп айтып келсек, андан кийин ал 300 млн. долларга, бүгүнкү күнү 120 млн. долларга түштү", - деди ал.

Анын айтымында, бул көбүнесе 2015-жылдан тарта КЭР банктардан каражаттарды жеңил берүүнү же корпоративдик сумманы алууну караштырган каржы тармагынын тескеп жатканы менен байланыштуу.

Ошентсе да агенттиктин башчысы Кытай Кыргызстандын башкы үч инвесторунун катарында экенин айтты.

"Центтеранын" долбоору. Канадалык Centerra Gold Inc. 2019-жылы Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинен 535-565 миң унций же 16,64 – 17,57 тонна алтын казууну пландоодо.

Компаниянын расмий сайтында кабарлангандай, өнүктүрүүгө багытталган инвестициялардын көлөмү 14 млн. доллар суммасында пландалган. Ал эми геологиялык чалгындоо иштерине 11 млн. доллар каралган.

"Кумтөр 2018-жылы 534 миң унции көлөмүндөгү алтын казып алып, төртүнчү кварталды жана жылды ийгиликтүү жыйынтыктады. Бул көрсөткүчтөр металл өндүрүү боюнча жылдык пландан (510 унций) ашкан. 2019-жылы алтын өндүрүүдө жумуш 3 кварталга бирдей бөлүштүрүлүп, ал эми төртүнчү кварталда жылдын жалпы өндүрүшүнүн 28% өндүрүлөт", – деп кабарлайт компаниянын президенти Скотт Перри.

Мамбюджеттин кирешеси. Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешелери 2018-жылда 151 млрд. 471 млн. 657,3 миң сомду түзгөн.

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, анын ичинде республикалык бюджеттин кирешелери – 135 млрд. 436 млн. сом (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын жана МИП гранттарын эсепке алганда), жергиликтүү бюджеттердин кирешелери – 20 млрд. 144 млн. сом.

Аралыктан салык төлөө. 2018-жылы Кыргызстанда өкмөттүн бюджетине перифериялык түзүмдөр аркылуу 381,7 млн сом суммасында 318 миң 872 салык төлөмдөрү жүргүзүлгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 138 миң 345 төлөмгө же 164,8 млн сомго көп.

КР Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, салык төлөөчүлөр арасында көбүрөөк колдонулганы болуп төлөм терминалдар эсептелет, алар аркылуу 271,9 млн сом суммасында 275 миң 410 төлөм жүргүзүлгөн.

Салыктарды төлөөнүн башка инновациялык методдору да пайдаланылган. Мисалга алсак, банкоматтар аркылуу 19,4 млн сомго 19 миң 66 төлөм, веб-кассалар – 79,6 млн сомго 13 миң 555 төлөм, электрондук капчык – 5,7 млн сомго 7 миң 905 төлөм, интернет-банкинг – 3,6 млн сомго 2 миң 60 төлөм, мобилдик банкинг аркылуу – 608 миң сомго 536 төлөм жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы биринчи жолу Card reader пайдаланыла баштады, ал аркылуу 611,6 миң сомго 340 төлөм жүргүзүлгөн.

КРнын товар жүгүртүүсү. Кыргызстандын тышкы товар жүгүртүүсү 2018-жылы дээрлик 6 млрд. АКШ долларын түзгөн.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору” экономикалык форумунун алкагында билдиргендей, 2017-жылга салыштырмалуу бул сандар 6,25%га өсүп, экспорт 1%га, ал эми импорт 8%га өскөн.

“ЕАЭБ экономикасын санариптештирүүгө жаңы киргизүүлөрдүн бири катары Жеңиш Разаков товарларды маркалоону атады. Ал эскерткендей, 2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо жөнүндө Келишим түзүлгөн.Документке ылайык, евразиялык «бешилтик» өлкөлөрүндө ЕЭК Кеңешинин чечими боюнча товарларды маркалоо киргизилет. Биримдиктин бардык өлкөлөрү үчүн аңтери буюмдарын бирдиктүү маркалоо киргизилген, ошол эле учурда мүчө-мамлекеттердин өзүндө товарларды маркалоо барган сайын активдүү колдонулууда”, – деди Жеңиш Разаков.

Капиталдык салым. 2018-жылда “капиталдык салымдар”беренеси боюнча объектилер 5,9 млрд сомго же 94,6%га каржыланды.

КР Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, республикалык бюджеттин эсебинен «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2018-жылдын 31-декабрына карата 5 млрд 555,9 млн сом суммасында объекттер каржыланды.

2018-жылга бекитилген бюджет боюнча, «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2,9 млрд сом акча каражаты каралган, кийин ал сумма 2018-жылдагы такталган бюджет боюнча 5 млрд 874,4 млн сомго чейин жеткен.

Бизнес көйгөйү. КР Экономика министри Олег Панкратов бул жумада Кыргызстандын алдыңкы бизнес-ассоциация өкүлдөрү менен жолукту. Тараптар атамекендик бизнестин өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан экономиканын актуалдуу көйгөйлөрдүн талкуулады, деп билдирет Соода-өнөр жай палатасы.

Алардын арасында Россия Федерациясы менен Казакстандын чек арасындагы эл аралык алып өтүүлөрдөгү кыйынчылыктар, алкологдук ичимдиктерге жана чылымдарга болгон акциздер тууралуу сөз болду.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий