• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 21-27.08.17

Аналитика 0

“Семетей" ижарага берилет. КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик фонду “Семетей” мейманканасы – мамлекеттик ишканасын ижарага берүү келишимин түзүүгө ачык аукцион жарыялады. Ал буга чейин КР Коргоо министрлигинин ведомстволук башкаруусунда болгон.

Аукцион ачык түрүндө 2017-жылдын 20-сентябрында Фонддо өтөрү, ал эми жеңүүчү мейманкананы ижарага алуу укугуна ээ болору белгилүү.

Ижарага берилүүчү имараттын жалпы аянты 444,8 чарчы метр, анын ичинде: 331,8 чарчы метр (жыл бою иштейт) жана 113 чарчы метр жайкы (1-майдан 1-октябрга чейин иштейт) аянтча бар. Объект Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 125 дарегинде жайгашкан. Ижарага берүү мөөнөтү – 3 жыл.

РКӨФ маанилүү кадамы. Насыя алууну жеңилдетүү жана чоң бизнести колдоо максатында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда 4 кадам жасалды. Биринчи кадам - фонд пайыздык үстөктү жылына 7ден 4 пайыз АКШ долларына чейин төмөндөттү. Ошондой эле, экономиканын тармагына карап, насыя берүүнүн убактысы 5тен 15 жылга чейин жогорулады. Берилген насыядан кайра каржылоо жагы 30 пайызга чейин мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Андан сырткары, экономиканын тармагынын тизмеси кеңейди.

Фонд ошондой эле, банктар менен кызматташуусун кеңейтти: эгерде 2016-жылы 9 банк менен кызматташса, учурда 13 банк менен биргелешип иштешүү тууралуу келишим түзүлгөн.

2017-жылдын 7 айында өнүктүрүү фонду тарабынан 246 млн долларга 761 долбоор каржыланган. Долбоорлор протфели бул мезгилде төмөнкүдөй бөлүнгөн: 26% - агро өнөр жай комплекси, 13% - транспорт жан логистика, 12% - туризм инфраструктурасы, 11% - курулуш өнөр жайы, 9% - соода инфраструктурасы, 8% - кайра иштетүү өнөр жайы жана 2% байланыш жана маалыматтык технологиялар, тоо кен иштетүү жана темир өнөр жайы, машина куруу, саламаттык сактоо тармагынын инфраструктурасы жана башка тармактар.

Каржыланган долбоорлордун көбү – 235и Бишкекте болуп саналат. Андан соң Жалал-Абад - 123 долбоор, Чүй облусу - 115 долбоор. Фонд каржылаган долбоорлордун 70%га жакыны Кыргызстандын аймактарында жайгашкан.

“Ысык-Көл 2017 Экономикалык форуму”. Чолпон-Атада Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин алдында бирдиктүү талкуу аянтчасын түзүүнү көздөгөн экономикалык форум өттү.

Форумга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкер, каржы жана саясий чөйрөлөрүнүн лидерлери, жогорку деңгээлдеги аймактык жана эл аралык инвестициялык коомчулук өкүлдөрү катышышты. Алар экономикалык кызматташуу, ишкер байланыштарды кеңейтүү жана бекемдөө, өз ара пайдалуу келишимдерди түзүүнү талкуулашты.

Форумдун алкагында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин вице-премьер-министрлеринин катышуусундагы пленардык жыйын өттү. Форумга Кыргызстандын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Игорь Шувалов, Армениянын вице-премьери, эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министри Ваче Габриелян, Беларусиянын премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казакстандын премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышканы иш чаранын жогорку деңгээлинен кабар берет. Форумдун катышуучулары IT, туризм, “Таза коом” санариптик программасы сыяктуу тармактарга, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү багытына басым жасашты.

"Газпром Кыргызстандан" модернизациялоо. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы Ташкент - Бишкек – Алмата газ түтүктөрүн модернизациялоону аяктады. Советтик мезгилден берки 112 км газ түтүгүн модернизациялоого 4 млрд сомго жакын жумшалды. Эми көгүлтүр от Өзбекстандан Казакстанга Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Бул мындан ары "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкаруусунда ташылган жаратылыш газына Кыргызстан кепилдик аларын билдирет.

10 эсеге көбөйтүү. Кыргызстан Centerra Gold Inc канада компаниясынын алдында экологиялык төлөмдөрдү 10 эсеге жылына 310 миң доллардан 3,1 млн долларга көтөрүү талабын коюушу керек.

“Кумтөр” кени 6-8 жылдан кийин түгөнөрү белгилүү. Андан соң компания алтын казуу ишин токтотушу керек. Анын алдында экологиялык маселелерди чечүү керек. Мындан тышкары, 23 млн долларлуу рекультивациялык фонд дагы бар.

Жаңы дайындалган премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында “бул фонд Ротшильддердин көзөмөлү алдында турат. Аны Кыргызстанга алып келип, фонд өлкөнүн экономикасы үчүн иштөөсүнө жетишүү керек. Бул алгачкы кадам, биз бардык күч-аракеттерибизди ушуга жумшообуз керек”.

Ысык-Көл облусунда Кумтөр кенин канадалык Centerra Gold Inc компаниясы иштетип, Кыргызстандын өкмөтү ири акционер болуп саналат. Кыргызстандын жана Centerra Gold Inc компаниясынын жетекчилигинин акыркы жылында эки тарап үчүн пайдалуу компромисстүү кызматташуу жолун табууга аракет көрүлүүдө. Бирок, Кыргызстандын болгону үч өкүлү кирген компаниянын директорлор кеңеши "Томас Гриик” канадалык компаниясынын акцияларын 1,1 млрд долларга сатып алууну чечкен соң маселе татаалдашып кеткен. Ошону менен бирге Кыргызстандын Centerra Gold Inc компаниясындагы акциясы 32,7%дан 26,5%га чейин болгон. Бир жагынан адистердин маалыматында акцияларынын саны азайган шартта дагы Кыргызстан “Кумтөр” кени жабылгандан кийин дагы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө алтын өндүрүү менен алектенген Centerra Gold Inc ишмердигинен киреше аларына кепилдик бар.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий