• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 22-27.07.2019

Аналитика 0

Азык-түлүк коопсуздугу. Өткөн аптада Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу 75% камсыз болгондугу тууралуу расмий маалымат айтылды.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдиргендей, жыл аягына чейин азык-түлүк коопсуздугу 100% чейин камсыз болот.

Каракулов кошумчалагандай, бул жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 40 миң тонна дан сатып алууну пландап жатат. Учурда Казакстандан 11 миң тонна дан алынган, атамекендик дыйкандардан 15 миң тонна сатып алуу каралууда.

Курорттук борбордогу суу. Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ), Евразия инвестициялык банкы жана Евро биримдиги Чолпон-Ата шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын жакшыртууга 5,1 млн евро инвестиция сала тургандыгы маалым болду. ЕАӨБнын маалыматы боюнча, каражат эскилиги жетип калган түтүктөрдү алмаштырууга жумшалат, алардын айрымдары дээрлик 60 жыл мурда орнотулган.

Өткөн аптада баасы 271,604 евро турган атайын жабдыкты тапшыруу аземи болуп, ага Чолпон-Ата шаарынын мэри Талант Сарбагышев, сууканалдын директору Махмуд Турдахунов, ЕБнын Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн катышкан.

Инвестицияны коргоо. Өткөн аптада 2019-жылдын 22-июлунан 25-июлуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен айрым ченемдердин мамилелери боюнча толук өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишим эки өлкөнүн ортосундагы инвестицияларды колдоонун жана коргоонун шарттарын карайт.

Жетишилген натыйжалар эки өлкөнүн бизнеси үчүн өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн негиз түзөт жана жеке инвестицияларды демилгелөө максатында өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого көмөк көрсөтөт.

Мамкарызды төлөөгө. 2019-жылдын 31-майына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 453,86 млн. АКШ долларын түзгөн.

Борбордук казыначылыктын директору Марлен Амандыков билдиргендей, тышкы карыз 84,9% (3 млрд. 783,0 млн. доллар), ички карыз -15,1% (670,9 млн. доллар) түзөт.

"2019-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында республикалык бюджеттен мамкарызды төлөөгө 12 млрд. 684,5 млн. сом багытталган. Анын ичинен тышкы карызга 6 млрд. 718 млн. сом, ички карызга - 5 млрд. 966,5 млн. сом", - деп билдирди ал.

Мугалимдер жан алардын айлыгы. Бул аптада мугалимдердин айлыгы 1-сентябрга карата сөзсүз түрдө көтөрүлө тургандыгы айтылды.

Борбордук казыначылыктын директору Марлен Амандыков билдиргендей, учурда эсеп-кысаптар жүргүзүлүүдө. "Мугалимдердин айлыгын көтөрүү үчүн бир нече варианттар каралууда - 20, 30 же 40%. Жыл башынан бери айлык акыны төлөөгө 64 млрд. 492,2 млн. сом коротулган, өчүрүү 282,3 млн. сомду түзгөн", - деп билдирди Амандыков.

Регионалдык дисбаланс. Өткөн аптада Кыргызстандын аймактары текши өнүкпөй жаткандыгы айтылды. КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында "кээ бир региондор алдыга жылып, айрымдары азыркыга чейин көйгөйлөрдү чечпей келет", - деп билдирди.

"Аймактарды өнүктүрүүдө дисбаланс пайда болууда. Эки жыл катары менен президент өлкөдө аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялап келет. Бул биздин ар бирибиздин системдүү иштешибизге түрткү болду. Акыркы эки жылда чындыгында өзгөрүүлөр башталды. Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Аймактарды өнүктүрүү - өзүнө бүт багытты камтыган комплекстүү жана оор жумуш", - деп билдирди өкмөт башчысы.

Премьер-министр билдиргендей, аймактарды өнүктүрүүнүн негизги максаты:

- өндүрүштү жогорулатуу;

- калктын кирешесин жогорулатуу;

- кошумча жумушчу орундарын түзүү;

- калктын жашоо шартын жакшыртуу болуп саналат.

Негизги көрсөткүчтөр. Өткөн аптада Өкмөт 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын карады.

Экономика министри Санжар Муканбетов белгилегендейИДПнын реалдуу өсүш темпи 106,4 %ды түздү, ал эми «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДП реалдуу туюнтулушта 2,1 %га жогорулады.

Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыздалды, анын ичинде айыл чарбасында реалдуу өсүш көлөмү 1,7 %га; өнөр жайда – 20,5 %га; курулушта – 5,9 %га; кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 1,4 %га. ИДПнын өсүшүнө негизги салымды өнөр жай сектору кошту, 20,5 % реалдуу өсүш темпи менен анын ИДПга салымы 4,1 п.п. түздү, бул негизинен Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларда металлды иштеп чыгаруунун жогорулашынын эсебинен болду.

2019-жылдын январь-июнь айларында өнөр жайдагы жыйынтыктар жалпысынан өсүү динамикасын көрсөтөт. Өндүрүштүк ишканалар 127,5 млрд сомго продукция өндүрүшкөн, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөм индекси 119,7% түзөт.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2 693,2 млн АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6% азайган, анын ичинде экспорт – 727,6 млн АКШ долларын түзүп, 3,7% өскөн, импорт – 1 965,6 млн АКШ долларын түзгөн (4,7% кыскарган). Товар айлантуу түзүмүндө экспорт – 27%, импорт – 73%. Алтында эсепке албаганда, товарлардын экспорт 15,0% азайып, 415,2 млн АКШ долларын түздү.

Жаңы жумушчу орундар. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 108 ишкана түзүлүп, 25 миң жумушчу орду пайда болгон.

.

КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн аптада өткөн өкмөттүн жыйынында билдиргендей, жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 6,4% өскөн.

"Бул жерде "Кумтөрдөн" үлүш түшүп жатканын эске алыш керек. Бул үлүштү кыскартып, башка тармакты да өнүктүрүү керек", - деп билдирди ал.

Премьер-министр кошумчалагандай, өкмөттүн негизги милдети - жаңы жумушчу орундарын түзүү.

"Жакынкы мезгилде "Макмалалтын" ишке кирет. Ошондой эле "Кичи чаарат" кени ачылууда, ал жакка 140 млн. доллар инвестиция салынып, 400 жаңы жумушчу орду түзүлөт", - деди өкмөт башчысы.

Абылгазиев билдиргендей, "Жерүй" ишке киргенде миңдеген жумушчу орду түзүлүп, айлык маянасы 500 доллардан кем эмес болот.

"Ал кендеги запас 25 жылга жетет. Бул биздин башкы жетишкендигибиз болот", - деп кошумчалады премьер-министр.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий