• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 22-27.10.2018

Аналитика 0

Өзбекстанга экспорт. 2018-жылдын январь-сентябрь айлар аралыгында Өзбекстанга 754 млн. кВтс электр энергиясы 2-2,4 цент наркында экспорттолуп, жалпы баасы 16,2 млн. АКШ долларын түздү.

КРнын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаевдин маалыматына караганда, 2017-жылга салыштырмалуу экспорт саатына 450 млн. кВт азайган. Анын себеби 2017-жылы Токтогул суу сактагычында суунун келиши көбүрөөк болгон.

"Электр станциялар" ААКсы электр энергиясын ички керектөөлөргө жетиштүү көлөмдө иштеп чыгууну камсыздады. Маселен, 2018-жылдын январь-сентябрь айларында электр энергияны чыгаруу 10,8 млрд. кВтс түзүп, 2017-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 0,6%га көбүрөөк болду", - деген Кадырбаев.

Анын айтымында, 2018-жылдын 17-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,2 млрд. кубометрди түзүп, былтыркы көрсөткүчтөн 256 млн. кубга (19,46 млрд. куб.м) азыраак топтолду. "Бул 2018-жылы Нарын дарыясындагы суунун агып келиши көп жылдык орточо деңгээлден төмөн болгону менен шартталат. Ошентсе да, суунун көлөмү электр энергиясын күз-кыш мезгилине карата жетиштүү көлөмдө чыгарууга жетет", - деп белгиледи Кадырбаев.

Дебитордук карызы барлар. КРнын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитети бөлүштүрүүчү компанияларга алардан тармактын каржылык абалы көз каранды болгондуктан ишине көп көңүл бурат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаевдин маалыматына караганда, 2018-жылдын январь-сентябрь айларында бөлүштүрүүчү компаниялардын түйүндөрүнө 8,3 миллиард кВт саат электр энергиясы түшкөн. Бул 2017-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 180,2 миллион кВт саатка көбүрөөк.

“Бөлүштүрүүчү компаниялардын тармактарында электр энергиянын жоголушу 963,8 миллион кВт саат же 11,7 пайызды түзгөн. Бул 2017-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 0,6 пайызга азыраак. 2018-жылдын 1-октябрына карата бөлүштүрүүчү компанияларга карызы барлардын карызы 1,1 миллиард сомду түзүп, 2018-жылдын башынан бери 557,6 миллион моиго же 33,9 пайызга азайды”, - деди Кадырбаев.

Анын маалыматына караганда, акча чогултуу 10,3 миллиард сомду же товардык өндүрүштүн 105 пайызын түзгөн. 2017-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу чогултуу 398 миллион сомго же 4 пайызга көбөйгөн.

Украинанын КРга доосу. Украина Дүйнөлүк соода уюмуна Армения, Казакстан, Кыргызстанга карата арызданды. Аталган мамлекеттер украиналык болот түтүктөрдүн айрым түрлөрүнө антидемпингдик бажы төлөм киргизгенине байланыштуу арыз берилген.

"Украина эки мамлекет "ченеминен жогору, жаңылыш жана туура эмес чечим, процедураларга жана жоболорго негизделген" бажы төлөмдөрүн төмөндөтүшү керектигин айтып чыкты. Украина ушундай эле доо менен ДСУга Казакстанга каршы арызданган", - деп айтылат маалыматта.

ДСУнун эрежелерин бузду деп күнөөлөнүп жаткан өлкөлөрдүн жагдайды чечүүгө 60 күнү бар же болбосо Украина ДСУну чечим чыгаруусун сурашы мүмкүн.

Экспортко өндүрүштөр. 2018-жылы Кыргызстан 600 миң тоннадан ашык айыл чарба өндүрүшүн экспорттоону пландоодо.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин айтымында, былтыр 500 миң тоннадан ашык айыл чарба өндүрүшү Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө жана үчүнчү мамлекеттерге экспорттолгон.

“Бүгүнкү күндө 400 миң тоннадан ашык өндүрүш экспорттолду. Мисалы, жашылчалардан капуста, сабиз 122 миң тоннадан ашык, жемиштер 59,5 миң тоннадан ашык, кургак жемиштер 59,7 миң тоннадан ашык, жаңгак жана бадамдар 11 миң тоннадан ашуун”, - деди Чодуев.

Быйыл экспорттун көлөмүн төө буурчак жана пахтанын эсебинен 600 миң тоннага чейин көбөйтүү пландалууда.

Командировкага кетүүчү спортчуларга акча. КРнын Финансы министрлиги “2018-жылга республикалык бюджеттеги өзгөрүүлөр жөнүндө” мыйзам долбооруна республиканын спортчуларынын командировкага кетүүчү чыгашаларына акча салды. Буга чейин ал үчүн спортчулар өздөрү акча төлөшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабировдун билдирүүсүнө ылайык, Финансы министрлиги Кыргызстандын спортчуларына 62 миллион сом карыз болду. Ал спортчулардын карыздарын каржылоо процессин тездетүүнү суранды.

2018-жылга бекитилген республикалык бюджет боюнча Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигин каржылоо үчүн 860 миллион 3242 миң сом жумшалган. Анын ичинен 186 миллион 12,9 миң сому кызматтык сапарларга кеткен. Андан тышкары 2018-жылга республикалык бюджетке сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, 37 миллион сом суммасындагы каражатты спортчулардын командировкалык чыгашаларына жумшоо каралууда.

Экономисттер Францияда. Францияда 25-октябрда XII Сооданы алдыга жылдыруу боюнча уюмдардын дүйнөлүк конференциясы башталды.

Кыргызстандын инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин маалыматына караганда, кыргыз делегациясы өзүнүн аталган аянтчага катышуусунун алкагында кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн эл аралык өнөктөштөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.

“Аталган конференциянын алкагында кыргыз делегациясынын өкүлдөрү ITC аткаруучу директору Аранча Гонсалес менен бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты”, - деп билдиришти ведомстводон.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий