• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 24-29.12.2018

Аналитика 0

Суу үчун каражат. Каракол шаары Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕАӨБ) 5,5 млн. евро насыя жана Швейцария өкмөтүнөн 5,7 млн. евро грант алат.

Бул каражаттар суу чарба системасын жакшыртуу боюнча муниципиалдык инвестициялык долбоорго сарпталат.

Караколдун “Сууканал” муниципиалдык ишканасы 15 жылга 5,5 млн. евро карызга жана Швейцария өкмөтүнөн 5,7 млн. евро грант алууда. Каражаттар дээрлик 50 жыл мурда орнотулган эскирип калган суу чарба инфраструктурасын жакшыртууга багытталат.

Социалдык каражат. Бул жылы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин 62,7 млрд. сому – социалдык чөйрөдөгү чыгымдар болгон.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылдын январь-ноябрь айларында функционалдык классификация боюнча республикалык бюджеттин чыгашасынын кассалык аткарылышы 125 млрд 479,5 млн сомду түзөт.

Анын ичинен социалдык чөйрөгө чыгымдар – 62,7 млрд. сом (жалпы чыгашанын 50%ы), жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар – 33,1 млрд. сом (26,3%), экономикалык маселелер – 12,1 млрд сом (9,7%), турак-жай жана коммуналдык тейлөөлөр – 1,6 млрд. сом (1,3%), айлана-чөйрөнү коргоо – 700,3 млн. сом (0,6%).

Кассалык чыгым кассалык планга салыштырмалуу 96,7%га аткарылды.

Бюджеттик киреше. 2018-жылдын 11 айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 11 айда 132,4 млрд сомго жакын каражат келип түштү.

Финансы министрлигинен кабарлашкандай, анын ичинде республикалык бюджеттин чыгашалары – 117 млрд. 987,4 млн сом (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын жана МИП гранттарын эсепке алганда), жергиликтүү бюджеттердин кирешелери – 18 млрд. 323,04 млн. сом.

Экспорттук программа. Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана дүйнөлүк рыноктогу атамекендик продукциянын атаандаштыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы №596 токтому аркылуу Кыргыз Республикасында 2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилди.

Программа экспорттук потенциалга ээ тармактардын: тигүү, кайра иштетилген жер-жемиш продукциясы, сүт тармагынын, жашыл жана инновациялык прибор куруу тармагынын продукциясын экспорттоо көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алууга багытталган. Программага ошондой эле үч кросс-тармактык багыт – финансыга жеткиликтүүлүк, экспорттуу стимулдаштыруу жана сапат инфраструктурасы киргизилген.

ИДПдагы туризмдин үлүшү. 2018-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын туризм чөйрөсүндө жагымдуу өсүү байкалууда.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабарлагандай, 2017-жылы өлкөнүн Ички дүң өндүрүшүндө туризмдин үлүшү 4,3%ды түзгөн. Өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жакшыртуу боюнча жургүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 2018-жылы бул көрсөткүч 4,7%ды түздү.

Номиналдык көлөмгө которгондо 0,4% 2 млрд. сомдон ашык болот. Эгер 2017-жылы туристтик мекемелерден келип түшкөн кирешенин көлөмү 15 млрд.197 млн. сомду түзсө, 2018-жылдын үч кварталынын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 17 млрд. 486 млн. сомду түзгөн.

Көрсөтүлгөн туристтик кызматтардын көлөмү 356 млн. долларды түзгөн. Ал эми 2017-жылы атамекендик мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 27 млн. долларды түзгөн.

Каражаттын агымы. 2018-жылы Кыргызстандан чыккан каражаттардын көлөмү 22%га өскөн. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, 2018-жылы каражат которуу системалары (444 млн. доллар) менен өлкөдөн чыккан акчалардын көлөмү 22%га өскөн.

“2017-жылы бул көрсөткүч 451 млн. долларды түзгөн”, - дейт ал.

КР УБнын төрагасынын айтуусунда, өлкөдөн чыккан каражаттын төмөндөшү унааларды алып келүүдө тарифтердин төмөндөшүнө байланыштуу.

“Учурда өлкөгө унааларды алып келүүнүн өсүүсү байкалууда”, - деп түшүндүрдү ал.

КРУБ жана финчалгындоо. КРнын Улуттук банкы Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы коммерциялык банкттардан массалык түрдө кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча маалыматты суроого укугу жок деп эсептейт.

КР УБнын төрагасы билдиргендей, Финчалгындоо акчаларды мыйзамсыз айлантуу же терроризм жана экстремизмге шектүү адамдардын эсептери тууралуу гана маалыматтарды коммерциялык бакттардан сурашы керек.

“Банктык купуя – бул банктык купуя бойдон калуусу керек. Банктык купуяга байланыштуу маселелер мыйзам чегинде гана жүргүзүлүшү керек. Акчаларды мыйзамсыз айлантуу менен күрөш жүрүшү керек, бирок булардын бардыгы мыйзам чегинде болушу абзел", - дейт Абдыгулов.

Ратификацияланган мунай. РФнын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мунай өндүрүмүн ташуу боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык келишимин ратификациялоо боюнча федералдык мыйзамга кол койду.

Анда “РФ менен Кыргыз Республикасынын өкмөттөрү ортосундагы мунай ташуу тармагында кызматташуу боюнча протоколго өзгөртүүлөрдүү киргизүүнү ратификациялоо”, - деп айтылат.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий