• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 24-29.02.2020

Аналитика 0

Бул апта кызыктуу экономикалык маалыматтарга абдан бай болду. Алардын ичинде, кызматкерлердин орточо айлык маянасы, артыкчылыктар берилген калктуу конуштарда кайрадан түзүлгөн ишканалар бир катар салыктардан бошотулары, 24 жыл аралыгында Кыргызстан жол куруу жана оңдоого миллиарддаган доллар алгандыгы айтылды. Ошондой эле, Экономика министрлиги БУУнун Жашыл климаттык фондунда Улуттук ыйгарым укуктуу орган болуп белгиленгендиги маалым болду.

Мындан тышкары дагы маанилүү маалыматтар көп болду. Жалпысынан коомдун ишкер бөлүгүнө апта алгылыктуу болду десек жаңылышпайбыз.

Өзгөчө жеңилдиктер. Бул аптада артыкчылыктар берилген калктуу конуштарда кайрадан түзүлгөн ишканалар бир катар салыктардан бошотулары белгилүү болду.

Экономика министрлигинен белгилешкендей, КР өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги "КР Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330, 344-беренелерин аткаруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун алкагында, артыкчылык берилген калктуу конуштарда кайрадан түзүлгөн ишканаларды мүлк салыгы, жер салыгы, пайдадан алынуучу салыктан жана сатык салыгынан бошотуу каралган.

2019-жылдын 19-декабрында алгачкылардан болуп Токмок шаарынын мэриясы жана "Кыргыз Темир Групп" ЖЧКсы ортосунда инвестициялык келишим түзүлгөн. Ал келишимге ылайык, негизги шарттардын бири катары 5 жыл аралыгында 700 млн сом өлчөмүндө инвестиция салуу, 50дөн кем эмес иш орунун түзүү, өндүрүштүн көлөмүн 200 миң тонна кылуу жана киреше салыгын 387 миң сом өлчөмүндө төлөө каралган.

Жолдорду оңдоого кеткен каражаттар. 1996-2018-жылдар аралыгында жол куруу тармагына 1 млрд 956 млн доллар насыялык жана гранттык каражаттар алынган. Бул тууралуу ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинде транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов билдирди.

«Жогоруда аталган насыялык каражатка 2079 чакырым жол салынган жана оңдолгон, анын ичинде 310 чакырым жолду куруу жумуштары ишке ашырылып жатат. Андан тышкары, тоннелдер менен эстакадалык көпүрөлөр, дагы башка бир катар курулмалар курулду», - деди министр.

Жол курууда кредиттик жана гранттык каражаттарды Кытайдын Эксимбанк, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы сындуу эл аралык ири каржы мекемелери бөлгөн.

Жашыл фонд. Бул жумада Экономика министрлигинде БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен жашыл экономика жана климаттын өзгөрүүсү боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда министр билдиргендей, жашыл экономиканы алдыга жылдыруу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация жана митигация боюнча чараларды көрүү үчүн жашыл экономиканы өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшү боюнча Координациялык кеңеш түзүлгөн. Белгилүү болгондой, 2019-жылдын ноябрь айында Кыргызстан климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин ратификациялаган.

Министрликтен белгилешкендей, Экономика министрлиги стратегиялык пландоо, туруктуу өнүгүү жана жашыл экономиканы өстүрүүгө жооптуу мамлекет орган катары Жашыл климаттык фондунда Улуттук ыйгарым укуктуу орган деп белгиленген.

Ипотекага млрд. 2019-жылы мамлекеттик ипотека программасы боюнча 1 млрд сомго 694 ипотекалык насыя берилди.

Экономика министри Санжар Мукамбетов билдиргендей, мамлекеттик ипотекалык компаниясынын программасы боюнча жалпы 4 миң 566 ипотекалык насыя берилип, ал 5 млрд 335,46 млн сомду түзгөн. Анын ичинен 2019-жылы мамлекеттик ипотека программасы боюнча 1 млрд сомго 694 ипотекалык насыя берилди.

Министрликтин маалыматы боюнча, "Социалдык ипотека" программасы боюнча Керемет банкы аркылуу 1, 054 млрд сомго 723 насыя берилген. Учурда кезекте 4 миң үй-бүлө турат.

"Катып жүргөн" каражат канча? Расмий статистика боюнча 2018-жылы Кыргызстанда көмүскө экономика 23,6%ды түзгөн.

Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 23,6%ды түзө турганын айткан экономика министри, эксперттердин маалыматы боюнча, ишкерлер "катып жүргөн" каражат 1,5 млрд долларды түзөрүн билдирди.

"Өкмөт ал каражаттардын улуттук экономикага иштешине кызыкдар. Мындан улам капиталды мыйзамдаштыруу же башкача айтканда мунапыс берүү демилгеленген. Мыйзамдаштырылган каражаттардын бир бөлүгү экономиканын өсүшү үчүн жумшалат деп ишенебиз", - деди ал.

Ал белгилегендей, тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. "Ал мыйзам долбоору өтүп калса, капиталды мыйзамдаштыруунун жүрүшүндө ал каржы каражаты кайсы жактан келгенин эч ким иликтебейт, эч ким жазага тартылбайт", - деди Санжар Мукамбектов.

Коронавирус жана экономика. Аптада биринчи жолу дүйнөдө жайылып жаткан коронавирус өлкө экономикасына кандай таасирин тийгизери тууралуу айтылды. Экономика министри коронавируска байланыштуу Кытай менен чек ара жабылгандыктан Экономика министрлиги импорт алмаштыруу боюнча иш алып барып, жаңы рынокторду издеп жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, жыл башындагы Жаңы жыл майрамына байланыштуу жылдын биринчи чейреги экономикалык пландан алганда көрсөткүчтөр төмөн болот.

"Божомолдор боюнча, эгер бул көрүнүш уланса апрель айынан тарта жоготуулар айына 0,2%ды түзүшү мүмкүн. Эгер жалпы тышкы соода жүгүртүү 7 млрд доллар болсо, анын 5 млрд долларын импорт түзөт. Ал импорттун 35%ы Кытайдан келет. Ал сан менен алганда 1,7-1,8 млрд долларды түзөт. Мындай алганда биз Кытайдан ай сайын 140-150 млн долларга (болжол менен 10 млрд сом) импорт жасайбыз. Алардын 5 млрд сомуна келген импорт ички керектөөгө кетсе, 5 млрд сомго келген продукцияга кошумча нарк салыгы салынып экспортко кетет", - деди ал.

Ал белгилегендей, учурда импортту алмаштыруу иштери жасалып жатат. Негизинен ал импорт – кездеме, синтетикалык кездемелер, фурнитуралар.

Орточо айлык маяна. 2019-жылы номиналдык орточо айлык маяна 17 миң 166 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда).

Экономика министрлигинин маалыматында, керектөөчү баанын индексин эсепке алганда орточо айлык маянанын реалдуу өсүшү 4,7% болгон. Аны менен бирге быйыл экономикадагы өсүш 5%дын тегерегинде болору күтүлүүдө. ИДП 667 млрд сомду түзөт деп божомолдонууда.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий