• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 24-29.06.2019

Аналитика 0

Эскертүү. Бул аптада Кыргызстандын экспорт менен алектенген ишкерлеринде 1-июлдан тарта көйгөйлөр жаралышы мүмкүн деп айтылды.

Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкерчилик комитетинин биринчи отурумунда Өндүрүш продукцияларын жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Өскөнбаева билдиргендей, ЕАЭБдеги экспортчулар үчүн 1-июлдан тарта электрондук-санарип кол тамгасы бар электрондук эсеп-кысабы киргизилүүдө. Бирок, "Инфоком" мамлекеттик ишканасында 90 сом турган кол тамганы алардын системасы Мамлекеттик салык кызматы менен интеграция болбогондуктан алууга мүмкүн эмес.

Өскөнбаеванын айтымында, аларды эки жеке компаниядан 1900 сомго жана кошумча кызмат акысына алууга болот.

Кой чарбасы. Кыргызстанда кой чарбасы боюнча долбоорлорду түзүү керек. Мындай пикирин агробизнесмендердин "Жер азыгы" ассоциациясынын башчысы Азиза Юлдашева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн жүн ишкана жана кол өнөрчүлөрдүн арасында чоң суроо-талапка ээ.

"Токмокто Vivatex компаниясы бар. Алар Өзбекстан, Россия жана Америкада жүн продукциялары менен ийгиликтүү соода кылып жатышат. Биз экологиялык таза продукция тууралуу айтып жатабыз", - деди ал.

Юлдашева айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевге кой чарбасы боюнча долбоорлорду түзүү сунушу менен кайрылды.

Арест коюлган акчалар. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) менен Финансы чалгындоосу мамлекеттик кызматы швейцариялык инвестордун каражаттарын арестке алды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкерчилик комитетинин биринчи отурумунда бизнес өкүлү Аскар Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, ага швейцариялык компания кайрылып, алар 12 млн. доллар каражат жумшоого ниет кылганын айтышкан.

"Бирок, Финансы полиция менен Финансылык чалгындоо кызматы ал каражаттарды арестке алган. Алар өлкөдөгү коммерциялык банктардын биринде болгон. Учурда алар иштей турганы же иштебей турганы белгисиз", - деп айтып, ал президентти бул маселеге көңүл бурууну суранды.

Декларативдик мыйзамдар керек эмес. 2019-жылдын 24-июнунан тарта "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылууда.

Маалымкат негиздемеге ылайык, "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) иштеп чыгуу зарылдыгы бир катар себептерден улам келип чыккан.

Учурдагы "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" мыйзамы 2002-жылы кабыл алынган. Укук колдонуу практикасы көрсөтүп жаткандай, мыйзамдын жоболорунун көпчүлүгү декларациялык мүнөздө болууда. Мыйзамдагы түшүнүктүк аппарат минималдык түрдө берилген. Ички соода секторунда колдонулуучу көптөгөн негизги терминдер мыйзамда жок же болбосо мыйзамдан кийинки ченемдик укуктук актыларда ачылып берилген. Ошондой эле мыйзамда ички сооданын структурасы, анын ичинде ички сооданын түрлөрү жана объекттери көрсөтүлгөн эмес.

Улуттук банктын эсептик чени. Улуттук банк башкармалыгы 24-июнда эсептик ченди (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 25-июнда тартып күчүнө кирди.

Кыргызстанда инфляция бир калыпта сакталууда. 14-июнга карата инфляция жылдык мааниде 0,9 пайыз деңгээлинде катталган. Мындай көрсөткүч сезондук факторлордун натыйжасында жашылча-жемиштерге баалардын бир аз калыбына келишинин эсебинен түптөлгөн.

Экономиканын алгылыктуу арымда өсүшү уланган. 2019-жылдын январь-май айлары ичинде реалдуу ИДӨ 5,6 пайызга, ал эми “Кумтөр” боюнча маалыматты эске албаганда – 1,5 пайызга өскөн. Реалдуу ИДӨнүн өсүшүнө негизги салымды өнөр жай сектору кошкон. Чогуу алгандагы ички суроо-талап өлкөгө акча которуулардын агымы жана реалдуу эмгек акынын өсүшү менен колдоого алынган.

Евразиялык экономикалык комиссиянын эсеби. 2020-жылы ЕАЭБ ичинде айыл чарба продукциясынын соодасы дээрлик 25%га, ал эми башка өлкөлөр менен экспорт 1,5 эсе өсөт. Мындай божомолдорду Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы соода, ички рыноктун иштеши, айыл чарба өнөр жай комплекси, Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн экономикаларынын санариптешүүсү маселелерин карашкан.

"ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2019-2020-жылдарга айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, булгаары чийки заты боюнча суроо-талап жана сунуш балансы, айыл чарба өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча биргелешкен божомолдор жөнүндө" Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин буйругунун долбоору жөнүндө" комиссиянын кеңешинин чечиминин долбоору жактырылган.

Жаңы авиа каттам. Бул аптада 5-июлдан тарта Шарджа-Бишкек-Шарджа аба каттамы ачылат. Аба каттамы Бириккен Араб Эмирлигинин "Air Arabia" авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

Анын учактары жумасына төрт ирет каттап турат: шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү.

Air Arabia компаниясы 2003-жылы түзүлгөн, 170 жакын ички жана эл аралык каттамдарды тейлейт.

Саммит үчүн төлөм. Кытай өкмөтү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынын уюштурууга кеткен 6 млн 760 миң доллар чыгымды өз мойнуна алат.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча Кытай менен Кыргызстан ортосунда тиешелүү катка кол коюлду.

Бул сумма чыгымдардын кайсы бөлүгүн жабары так айтылган жок.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны 14-июнда өткөн. Анын жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынган. Мындан тышкары саммиттин катышуучулары 20дан ашуун документке кол коюшкан.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий