• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 24-29.08.2020

Аналитика 0

Бул аптада Улуттук банк эсептик чен, инфляция, алтын-валюта резерви, пандемияга байланыштуу реструктуризация болгон насыялардын көлөмү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанда экспорттук-импорттук банк түзүлөрүн билдирди.

Эсептик чен жана инфляция. Улуттук банк эсептик ченди 5 пайыздык деңгээлде калтырды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим 24-август күнү Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан кабыл алынган.

"Бул чечим биздин ички рыноктогу жана тышкы рыноктогу абалды эске алуу менен кабыл алынды", - деди ал.

Ал белгилегендей, быйыл Кыргызстанда инфляциянын жогорку чеги апрель айында байкалган.

"Апрель айында байкалган инфляция көрсөткүчү жогорку чекке - 8,6%га чейин жетип, 14-августка карата инфляциянын жылдык көрсөткүчү 4,9%га чейин төмөндөгөн. Улуттук банктын божомолу боюнча жылдын аягына чейин инфляциянын орточо көрсөткүчү акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтөрүнүн алкагында 5-7% чегинде орун алат деп күтүлүүдө", - деди ал.

Балдын экспорту. Бүгүнкү күнгө карата 534 миң долларга 158 тонна бал экспорттолду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, картошка, бакча өсүмдүктөрү, сүт жана азыктарын экспорттоодо өсүштөр бар.

"Пандемиянын шартында болсо да бал, өрүк, жаңгак аз-аздан болсо дагы экспортко чыгууда. Быйыл 534 миң долларга 158 тонна бал эскпорттолгон. Ал эми Баткендин кургатылган өрүгүнүн экспорту 1,5 миң тоннаны түздү. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине карата 4 миң 945 тонна кургатылган өрүк экспорттолгон. Быйыл Ысык-Көлдүн өрүктөрү көп экспорттолду. Ал 25 миң тоннадан ашты", - деди ал.

Алтын-валюта резерви. Бул аптада өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын алтын-валюта резерви 3,1 млрд долларга жеткенин билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн валюта рыногундагы абал туруктуу.

"Улуттук банктын алтын-валюта резерви өзүнүн тарыхый максималдуу деңгээлине - 3,1 млрд долларга жеткен. Жөнөкөй тил менен айтканда, ал Улуттук банк түзүлгөндөн берки эң жогорку көрсөткүч болду. 3,1 млрд доллар өлкөбүздүн алты жарым айлык импортун жабууга жетет", - деди ал.

Келечектеги экспорттук-импорттук банк. "РСК Банкы" экспорттук-импорттук банк болуп өзгөртүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Учурда факторинг, консультациялык коштоо механизмдерин киргизүү үчүн мамлекеттик үлүшү бар банкты экспорттук-импорттук банк кылып түзүүнү пландап жатабыз. Биз мамлекеттик банктын бири - "РСК Банкын" кайра түзүп иштеп чыгууну пландаштыруудабыз. Анын максаты ата мекендик экспорттоочуларды, өзүбүздүн ишкерлерди колдоо үчүн каржы механизмдерин киргизүү болуп саналат", - деди ал.

Акча которуулар. Быйыл жарым жылда Кыргызстанга сырттан 763 млн доллар которулган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, быйыл жети айда өлкө ИДПсы 6,1%га төмөндөгөн. Кумтөрдү эске албаганда экономиканын төмөндөшү 7,7%ды түзгөн.

"2020-жылдын январь-июнь айларында өлкөгө акча которуулардын таза агылып кирүүсү 763 млн долларды түзүп, 13,1%га төмөндөгөн", - деди ал.

Мамлекеттик ипотека. 25-августка карата жеңилдетилген ипотека алууга арыз берген бюджеттик тармактын кызматкерлеринин саны 5 миңден ашкан.

Мамлекеттик ипотекалык компания билдиргендей, ипотекага каражат берүү үчүн алар 8 млрд сом сурап жатышат. Ал эми бюджеттен быйылкы жылга мамлекеттик ипотека үчүн 500 млн сом каралган. Ага байланыштуу учурда бардык кайрылгандар үчүн каражат жетишсиз. Мындан улам жана электрондук портал киргизилгендигине байланыштуу арыздар кезеги менен - арыздын түшкөн күнүн эске алуу менен каралат. Ошол эле учурда кайталанып берилген арыздарга артыкчылык берилет.

Арыз берген жарандардын ичинен 700гө жакыны арыздарын эки же андан ашык жолу калтырышкан. Себеби мурда берилген анкеталардын бир жылдык гана юридикалык күчү болгон. Ал убакыт өткөндөн кийин жарандар документтерин кайра чогултуп, кайра арыз жазууларына туура келчү. Ал норма өкмөттүн 2020-жылдын 22-апрелдеги токтому менен жокко чыгарылган.

Насыяларды реструктуризациялоо. Кыргызстанда банктар жана чакан каржы компаниялары тарабынан 200 миң насыя реструктуризацияланган.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, бардык банктардын жана чакан каржы компанияларынын кредиттик портфелинин 50%дан ашыгы реструктуризацияланган.

"Реструктуризация болгон насыянын жалпы суммасы 80 млрд сомду түзөт. Ал 200 миң насыяны түзөт. Бул иш улантылат", - деди ал.

Ал билдиргендей, биринчи жарым жылдыкта банктардын депозиттик базасы 9%га көбөйүп, 164,5 млрд сомду түзгөн.

"Банктардын кредиттик портфелинин алгылыктуу динамикасы да байкалган. Алардын жалпы көлөмү ушул жылдын январь-июнь айларында 4,7 пайызга өсүп, 153 млрд сомго чейин жеткен", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий