• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 24-29.09.2018

Аналитика 0

ЭВФ менен салыштыруу. Кыргызстанда Кристиан Жос жетектеген Эл аралык валюталык фонддун миссиясы 2018-жылдын 3-октябрына чейин болот.

Сапардын максаты – Кыргызстан үчүн Эл аралык валюталык фонддун колдоосу астындагы жаңы мүмкүн болгон программанын шарттарын жана курамын талкуулоо. Сапардын учурунда КР өкмөтүнүн, Улуттук банктын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Бул жумада КРнын Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу Н.Жеңиш менен Эл аралык валюталык фонддун миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөн. Анын жүрүшүндө тараптар алдыдагы кызматташтыктын келечегин талкуулашкан.

Салыктар жана ӨБО. Кыргыз Республикасынын аймактык салык органдары 133 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү, анын ичинде мүлк салыгын, жер салыгын, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салыктарды жыйноо, ошондой эле салыктык көзөмөл жүргүзүү жана салык карызын өндүрүү боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө типтүү келишим түзүштү.

КР МСКнын маалыматы боюнча, келишим Бишкек, Талас, Жалал-Абад, Кочкор-Ата (Ноокен району), Кара-Суу шаардык мэриялары, ошондой эле, Түп, Жети-Өгүз, Нарын, Ак-Суу, Баткен, Лейлек, Бакай-Ата, Кара-Буура, Сокулук, Араван, Чоң-Алай, Базар-Коргон, Чаткал, Сузак жана Кадамжай райондорундагы айыл өкмөттөр менен түзүлгөн.

Туруктуу валюта. Кыргызстанда валюта базарындагы абал туруктуу бойдон калууда, - деп эсептейт КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.
Анын айтымында, август айынын орто ченинде ички валюта рыногунда сунушка караганда чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын өсүшү байкалган.

“Өлкөдө доллардын кескин көтөрүлүп кетишине эки себеп бар. Биринчиси – бул доллардын дүйнөлүк базардагы баасынын өсүп жатышы, экинчиси – бул экономикасынын өсүшүнүн ички фактору. Биз аны мезгилдик фактор деп айтабыз, жай бүттү, өлкөдөгү туристтердин саны азайды. Бүгүнкү күндө Улуттук банктын резервинде 2 млрд. 122 млн. доллар бар, бул деген 4 айга импортту жаба алган суммага барабар. Бул чындыгында жакшы көрсөткүч”, - деп билдирди Абдыгулов.

“Кумтөрсүз” өсүү. Ички дүң продукциясынын реалдуу өсүшү 2018-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча 0,3% кыскарган. “Кумтөр” алтын кен ишканаларын эске албаганда, экономикалык өсүш 2,1% түзгөн.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, экономиканын алгылыктуу өсүшү айыл-чарба, курулуш, соода жана транспорт тармактарында байкалат.

Көп алынып келинүүдө. Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2018-жылдын январь-июль айларынын аралыгында 3,79 млрд. АКШ долларын түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14% өскөн. Импорттун көлөмү – 2,88 млрд. АКШ долларына, экспорт 917,8 млн. АКШ долларын түзгөн.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кыргызстандын өз ара соодасынын көлөмү 1,29 млрд. АКШ долларын түздү, 2017-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 0,3% жогорулаган. Аны менен алынып келинген товарлардын көлөмү 2,8% төмөндөгөн, суммалык эсепте 956,1 млн. АКШ долларын түзгөн. Экспорт 339,3 млн. АКШ долларын түзүп, 10,4 пайызга жогорулады.

ЕРӨБдүн эрежеси боюнча. КР финансы министри Адылбек Касымалиев өлкө экономикасы жана саясаты бөлүмүнүн директору Артур Радзивиллдин башчылыгы алдындагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) миссиясы менен жолугушту.

КР финансы министри 1993-жылдан берки түшүмдүү кызматташтыкты орнотуу учурунан берки Кыргызстандын ЕРӨБ менен биргелешкен ишинин позитивдүү тажрыйбасын белгиледи.

Келечекке болгон бюджеттин долбоору. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анда 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору талкууланды.

КР финансы министри Адылбек Касымалиев КРнын 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолу боюнча баяндама жасап, өлкөнүн 2019-2021-жылдарга карата негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн атады. Анын маалыматы боюнча, 2019-жылы ички дүң продуктунун өсүшү – 4,0%ды (же номиналдык көрсөткүчтө 604 млрд 707,4 млн сом), 2020-жылы ИДП өсүшү – 4,4% деңгээлди (же 667 млрд 78,8 млн сом), 2021-жылы 4,2%ды (736 млрд 239 млн сом) түзө тургандыгын билдирди.

Ошондой эле ал 2019-жылга болгон бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн да айтып өттү.

“Республикалык бюджеттин киреше өлчөмү 2019-жылы – 168 млрд 308 млн сомду, 2020-жылы – 175 млрд 881 млн сомду жана 2021-жылы 182 млрд сомду түзөт. Буга катар бюджетти пландаштырууну жакшыртуу, бюджеттик тартипти күчтөндүрүү үчүн республикалыкбюджеттин пайдасына сатуудан салык чегерүүнүн ченемдерин 2019-жылы – 50%га, 2020-жылы – 75%га, 2021-жылы – 100%га жогорулатуу сыяктуу сунуштар каралган. Мындан тышкары, 2019-жылы жергиликтүү бюджет пайдасына сатуудан салык чегерүүнүнченемдерин – 50% дан 70%га, 2020-жылдан тарта – 85%га, 2021-жылдан тарта – 100%га жогорулатуу сунушталууда”, - деди министр.

Ишкерлердин түйүнү. Кыргызстанда “Бизнес-Караван” долбоору ишке киришип жатат, анын алкагында борбордун ишкерлеринин аймактын өкүлдөрү менен жолугушуусу жана тажрыйба алмашуусу үчүн аянтча пайда болот. Долбоор JIA ишкерлер ассоциациясынын ишкерлери тарабынан ишки кирип жатат.


300дөн ашуун катышуучуга В2В форматында жолугушуу өткөрүүгө, көргөзмөлөргө, талкууларга, тренингдерге катышууга жана пайдалуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ЖИАнын аткаруучу директору Фархад Пакыровдун айтымында, мындай иш-чаралар аймактык ишкердикке мотивация берип, старт-аптарга өзүнүн ишин баштоого жардам берип же өзүнүн бар болгон бизнесин жакшыртууга жардам бериши керек.

МСКнын текшерүүлөрү. КР Мамлекеттик салык кызматы (МСК) ишмердигинде жалган ишкердиктин белгилери бар же мурда жалган ишкер деп табылган, ошондой эле ишмердигинде жалган ишкердиктин белгилери болжолдонгон же салыкты төлөбөй коюу тобокелдиги бар субъектилер менен өз ара экономикалык мамилеси бар субъекттерде туруктуу негизде текшерүүлөрдү жүргүзүп келет.

МСКнын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрына карата абал боюнча, МСК 51 салыктык текшерүү жүргүздү, алардын ичинен 39 – кайра текшерүү, 4 – көчмө текшерүү, 1 – утурлама текшерүү жана 7 – камералдык текшерүү.

Улуттук банктар Бишкекте. Бул жумада Бишкекте Беларусь, Россия, Казакстан жана Кыргызстандын улуттук/борбордук банктарынын адистеринин жолугушуусу болду.

КР Улуттук банктын маалыматы боюнча, жолугушуунун темасы ISO 20022 стандарттарына өтүү жана аны улуттук деңгээлде киргизүү үчүн методологиялык базаны иштеп чыгуу зарылдыгын талкуулашты.

“Сөз болуп жаткан стандартка өтүү – өлкө ичинде жана чет өлкө төлөмдөрүн ишке ашырууда финансы маалыматтары менен алмашуу боюнча бирдейлештирилген моделдердин эсебинен рыноктун катышуучуларына чыгымдарды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле ISO 20022 базасында ишке ашырылып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөргө финансы рыногунун катышуучуларын туташтырууну камсыз кылат”, - деп билдиришти КР Улуттук банктан.

Кыргызстан жана ЭСО. Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов менен Эл аралык соода уюмунун (ЭСО) башкы директору Роберто Азеведо соода системасындагы глобалдуу көйгөйлөрдү талкуулашкан.

Жолугушуу Астанада соода жана инвестицияны илгерлетүү боюнча жогорку деңгээлдеги “Евразия келечеги” форумунун алкагында болгон.

Жолугушуунун алкагында тараптар соода системасындагы көйгөйлүү болгон маселелер боюнча пикир алышкан. Министр баса белгилегендей, Кыргыз Республикасына 2018-жылдын декабрь айында өлкө Эл аралык соода уюмуна мүчө болгондугуна 20 жыл болот.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий