• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 25-30.03.2019

Аналитика 0

"Кумтөрдүн" салымы. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2018-жылы Кыргызстандын аймагында жүргүзгөн баардык төлөмдөрү 301,938 млн доллардан ашкан.

Ишкананын сайтында маалымдалгандай, аталган төлөмдөрдүн ичине салык, аффинаж үчүн төлөмдөр, товарлар үчүн жергиликтүү алып келүүчүлөргө төлөп берүү, кызматтар, инфраструктура, кайрымдуулук жана башка төлөмдөр кирет.

Ал эми ишкана иштеп баштаган кезден тарта 1994-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанга 3 млдр. 774 млн. доллардан ашык каражат төлөп берген.

2018-жылы “Кумтөр” кенинде 534 563 унция же 16 тонна 627 кг алтын өндүрүлгөн. Ал эми сатылган алтындын көлөмү 530 448 унция же 16 тонна 499 кг түзгөн.

Жыл жыйынтыгы боюнча сатылган алтындан түшкөн киреше 660,1 млн. долларды түзгөн. Бир жыл ичинде 9,6 млрд. сомдон ашык салык төлөнгөн.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарына ылайык, Кумтөрдүн КРнын ИДПдагы үлүшү 8,6%ды түзгөн, ал эми жалпы өндүрүштө Кумтөр 18,4%ды түзгөн.

КР т.ж. жана Россия. "Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай" темир жолун куруу долбооруна Россиянын катышуусу каралууда.

Кыргызстандын президентинин аппаратынын стратегиялык өнүгүү, экономика жана каржы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдиргендей, Кыргызстанда темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Россия менен сүйлөшүүлөр башталып, жүргүзүлүүдө.

"Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай" темир жолунун курулушуна Россиянын катышуусу каралууда. Курулуш боюнча макулдашуу долбоорго катышып жаткан өлкөлөр ортосунда жүргүзүлөт", - деди ал.

Абайлаңыз. Кооперативдер. Улуттук банкы арзан үй сатып алууну сунуштаган коммерциялык эмес кооперативдердин активдешип баратканын билдирип, аларга кайрылууда этият болууга чакырды.

Мындай кооперативдер жарандарга турак жайдын баасынын 20-30% кооперативге салууну, андан кийин төмөн пайыздык чен: 2-3% менен (рынок баасына салыштырмалуу) төлөөнү, айрым учурларда нөл пайыздык чен менен төлөөнү сунуш кылышат.

"КамАЗ" чогултуу. Кыргызстанда "КамАЗ" компаниясы менен биргеликте ири долбоор ишке ашырылганы турат.

"Фельдман групп" инвестициялык компаниясынын башкаруучулугунун төрагасы Евгений Фельдман билдиргендей, Кыргызстандын рыногуна Россиянын ири "КамАЗ" компаниясы ыңгайлашып жатат. Бул тууралуу ал "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында билдирди.

"Үч айдан бери долбоорду талкуулап, аны ишке ашыруу иштери башталды. Азыр биз дилердик жана сервистик базаны даярдап жатабыз. Транспорт инфраструктурасына кирүү жагын да кароодобуз", — деди ал.

"Жерүйдөн" 0,5 млрд. ашык. Кыргызстан Талас облусундагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүдөн 535 млн. АКШ долларын табат.

Орус-кыргыз аймактар аралык "Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору жана интеграция" аттуу VIII конференциясында кенди иштеткен "Альянс Алтын" ЖЧКнын башкы директору Михаил Шубин билдиргендей, Кыргызстан кен иштеп баштагандан тарта 2043-жылга чейин 535 млн. доллардан кем эмес каражат алат.

Шубин билдиргендей, Талас облусунда фонд түзүлүп, акыркы үч жылда ал жакка жыл сайын 100 миллион сомдон которулуп турган.

РФ менен биргелешкен кумшекер. Кыргызстан менен Россия кумшекер иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды салууга ниеттенип жатат.

Орус-кыргыз аймактар аралык VIII конференциясында Россиянын төрттөн көп бөлүгүн кумшекер менен камсыз кылган ири россиялык "Продимекс" компаниясынын директорунун орун басары Дмитрий Пискунов билдиргендей, ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү базар түзүлгөн. Биримдиктин ичинде товарларды ташууда салык алынбайт.

"Кумшекер - бул дүйнө жүзү боюнча жогорку баадагы пошлинаны сактап калууга аракет кылган азык. Биздин максат - бул тармакты биргелешип өнүктүрүү. Бул биргелешкен россиия-кыргыз компаниясын түзүү түрүндө болушу ыктымал", - деп билдирдир ал.

Млрд. келишим түзүү. Россиянын "Росгелогия" акционердик коому менен Кыргызстандын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик

комитети 1,2 млрд. долларлык келишимге кол коюшту.

"Росгелогия" АКсынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Сергей Сучков билдиргендей, кол коюлган келишимдин максаты Кыргызстандын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү болууда.

"Русэлпром" жана КР. Кыргызстандын Инвестицияны коргоо жана илгерилетүү боюнча агенттиги россиялык "Русэлпром" концерни менен 1,5 млрд. долларлык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документке кол коюу РФ президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлгөн VIII кыргыз-россиялык Аймактар аралык конференциясынын жүрүшүндө болуп өттү.

"Меморандумда гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлор топтомун ишке ашыруу каралууда. Анын ичинде чакан да, ири да ГЭСтерди куруу болушу мүмкүн. Жакын арада Кыргызстанга Россиядан жумушчу топ келет. Меморандумду ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгууну баштайбыз. Так иш-аракетке өтөбүз", - деди агенттиктин директору Адылбек Шумкарбек уулу.

Калктын насыясы. Кыргызстандыктар 2018-жылы микрокредиттик компаниялардан 23 млрд. 116,2 млн. сом насыя алган.

КР Улуттук статистика комитетитин маалыматы боюнча, өткөн жылы насыя алгандардын саны 481,9 миң кишини түзүп, 2017-жылга караганда 56,5%га же 173,9 миң адамга көп болгон. Аны менен бирге берилген насыянын көлөмү да 5 млрд. 949,7 млн. сомго арткан.

"Чакан насыялардын көбү Бишкек (4 млрд. 661,2 млн. сом же жалпы көлөмдөн 20,2%), Ош облусу (4 млрд. 638,4 млн. сом же жалпы көлөмдөн 20,1%), Чүй облусу (3 млрд. 493,2 млн. сом же жалпы көлөмдөн 15,1%) жана Жалал-Абад облусунда (3 млрд. 89,1 млн. сом же жалпы көлөмдөн 13,4%) берилген", - деп билдирет Статистикалык комитет.

РФга көп эт. Россия Кыргызстандан жумасына 10 миң тонна уй этин импорттоону пландап жатат.

Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов билдиргендей, кечээ натыйжалуу иш жүргүзүлүп, жалпы суммасы 1,5 млрд. доллардан ашык каражатка бир катар келишимге кол коюлган.

"АРВИАЙ РАШЕН ВЕНЧУР ИНВЕСТМЕНТС" АКсынын башкы директору Максим Новиков Кыргызстандын ири экспорттук мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп өттү.

"Кыргызстандын ири экспорттук мүмкүнчүлүгү бар жана бизди өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба багыты кызыктырат. Жакын арада уй этин оболу аз көлөмдө - жумасына 10 тоннадан түз импорттун баштагыбыз келет. Кыргызстандын климаттык шарттары сапаттуу продукттарды чыгарууга өбөлгө түзүп, ал биздин өлкөдө суроо-талапка ээ болот", - деди ал.

60% газ менен камсыз кылуу. Кыргызстанды газдаштыруу планы 2030-жылга чейин 60%га дейре жеткирилет, - деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин КРга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы биргелешкен маалымат жыйынында.

Ал билдиргендей, 2030-жылга чейин Кыргызстанды газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы планды ишке ашыруу иштери жүрүүдө.

"Белгиленген 100 млрд. рублдын 16 млрд. рублы россиялык концерн тарабынан инвестиция кылынды. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн газ менен камсыз болуусу 25тен 30%га көбөйгөн. Ал көрсөткүчтү 60%га чейин жеткирген план жүзөгө ашат деп ишенем", - деди Путин.

Ошондой эле ал белгилегендей, 2011-жылдан бери Россия Кыргызстанга бажы төлөмсүз мунай жана мунайзаттарын экспорттоп келет жана анын көлөмү жылына 1,1 млн. тоннадан ашат.

АӨБ акчасы. Азия өнүктүрүү банкы Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого 100 млн. доллар жумшайт.

Ал банк 60 млн. долларды насыя түрүндө, 40 млн. долларды грант иретинде берип жатат. Ошондой эле, Азия өнүктүрүү банкы Евразиялык өнүктүрүү банкы аталган долбоорго берип жаткан 45 млн. доллар насыяны администрациялайт.

Жаңы техрегламенттер. Кыргызстанда 2021-жылга чейин Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) 7 техникалык регламенти иштеп баштайт.

Экономика министрлигинин техникалык тескөө жана метрология башкармалыгынын башчысы Бакыт Шабдановдун айтуусунда, ЕАЭБде жалпы 47 техникалык регламент бар. Алардын ичинен Кыргызстанда 40 регламент иштеп жатат.

Жети техникалык регламенттин сүт продукциясынан башкасы, азык-түлүк тармагындагы эмес. Алар өнөр-жай тармактарын камтыйт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий