• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 25-30.05.2020

Аналитика 0

Бул аптада бир катар экономикалык жаңылыктар чыкты: чет жерде иштеген эмгек мигранттарынын акча которуулары быйылкы жылдын биринчи чейрегинде былтыркыга караганда 19%га кыскарган; быйыл Кыргызстан күз-кыш мезгилине карата сырттан 1 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алат; Кыргызстан эл аралык каржы институттардан алып жаткан каражаттар боюнча маалымат берилди ж.б.

Акча которуулар. 2020-жылдын биринчи чейрегинде эмгек мигранттарынын акча которуулары былтыркыга караганда 19%га кыскарды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2020-жылдын биринчи чейрегинде жеке жактардын акча которуулары 343 млн долларды түздү.

Насыяларды реструктуризациялоо. Кыргызстанда реструктуризацияланган насыя портфелинин суммасы 65 млрд 299 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

"Улуттук банктын насыяларды реструктуризациялоо боюнча иши тууралуу айтсак, бүгүнкү күнү реструктуризацияланган насыя портфелинин жалпы суммасы 65 млрд 299 млн сом болду. Ал 114 миңден ашык насыяны түзөт. Ал жогорку сумма эмес. Жакында бул маселе боюнча кайрылган жарандардын саны көбөйөт деп күтүп жатабыз. Себеби жарандардын сыртта жүрүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынып, алар өзүнүн банкына оңой эле бара алат", - деди ал.

Алтын-валюталык резервдер. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин депутаттарынын Улуттук банктын алтын-валюталык резервдерин өлкө экономикасын колдоо үчүн пайдалануу тууралуу айткандары боюнча өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, ал резервдерди колдонуу туура болбойт. Себеби, Кыргызстан импортко көз каранды мамлекет.

"Ал акча алмашуу курсуна таасирин тийгизет. Резервдерди колдонуу туура болбойт. Бирок парламент андай маселелерди карай алат. Биз өзүбүздүн позициябызда турабыз", - деди ал.

Улуттук банктын төрагасы билдиргендей, алтын-валюталык резервдер валюта рыногунун катышуучуларына психологиялык таасирин тийгизип турат.

Электр энергиясын сатып алуу. Кыргызстан быйылкы күз-кыш мезгилине карата сырттан 1 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алат.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдиргендей, ал маселе боюнча учурда Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ал белгилегендей, калк үчүн электр энергиясынын баасы өзгөрбөйт.

"Бул жылдын күз-кыш мезгилине карата, келерки жылдын апрель айына чейин 1 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алууну пландап жатабыз. Бирок анын баасы калк үчүн белгиленген тарифтен кымбат. Бирок тариф көтөрүлбөйт. Биз башка булактарды таап жатабыз. Башка керектөөчүлөрдүн эсебинен ал чыгашаларды жабабыз", - деди ал.

"Башкача айтканда, резервдер канчалык көп болсо, Улуттук банк ошончо көп интервенция жасай алат. Ал спекуляциялык иш-аракеттерге байланыштуу маселени чечет", - деди ал.

Валюта курсу. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун пикири боюнча, өлкөдө доллардын сомго карата курсунун түшүшү өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктүн басаңдашы менен байланыштуу болууда.

"Учурда дүйнөлүк экономика басаңдап, мунайдын баасы улам өзгөрүп жатат. Коңшу мамлекеттер менен кирип-чыгууга болгон чек арадагы чектөөлөр бар болгондуктан ички рыноктогу абал бир жаңсыл эмес", - деди ал.

Абдыгуловдун айтымында, учурда Улуттук банктын алтын-валюталык резервдери 2,5 млрд долларды түзөт же 5,2 айлык импортту камсыз кылууга жетет.

Өлкөгө коронавирус пандемиясы келген учурда доллардын курсу 83 сомго чейин көтөрүлгөн, учурда ал 73 сомго чейин түштү.

Камбар-Ата-1 ГЭСи. Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча долбоорго кызыгуусун билдирүүдө. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча долбоор өкмөттүн кароосунда турат.

"Жакын арада өкмөт ал долбоорду кабыл алат деп ойлойм. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бир нече вариант, инвесторлор бар. Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк тарабынан бул долбоорду каржылоо боюнча кызыгуусу бар", - деди ал.

Казакстандан электр энергиясын сатып алуу. Кыргызстан жыл аягына чейин Казакстандан 500 млн кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Ал, андан тышкары Кыргызстан менен Казакстан 300 кВт/саат электр энергиясын алмашарын билдирди.

"Товар алмашуу Казакстан менен жылда колдонулуп келе жаткан практика. Биз жайында аларга 300 млн киловатт электр энергиясын беребиз, алар аны күзүндө кайтарып берет. Ал эми 500 млн киловатт импорт болуп саналат", - деди ал.

Сырттан алынган каржы. Бул аптада республикалык штаб коронавируска каршы күрөшүү максатында эл аралык финансы институттарынан каржылык жардам тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Алсак, бүгүнкү күндө эл аралык донорлордон 462 миллион доллардан ашык суммадагы каражатты финансылык жардам катары алуу жөнүндө келишимдер бар.

Анын ичинен, Эл аралык валюта фондунан 2 транш менен насыяга болжол менен 242 млн доллар (241 948 003) келди. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга багытталды.

Азия өнүктүрүү банкынан каржылык жардам 3 транш менен келет. Биринчи транш боюнча, финансы мекемеси менен келишимге кол коюлду. Ага ылайык, июнь айынын башында 50 млн доллар келет, мунун жарымы гранттык негизде. Экинчи транш менен дагы 50 млн доллар келет. Эки транш тең бюджетти колдоого багытталат. Мындан тышкары, АӨБ 20 миллион доллар бөлөт. Бул коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык керектүү жабдуулар менен дары-дармек алууга жумшалат. Жалпысынан Азия өнүктүрүү банкы 120 млн доллар бөлөт.

Дүйнөлүк банк инвестициялык «COVID-19 боюнча ыкчам долбоор» жана "Кыргызстандагы табигий кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу" долбоорлоруна 21 млн 150 миң доллар бөлүп берет. Анын жарымы гранттык, теңи насыялык негизде. Бул саламаттык сактоо тармагы үчүн жабдууларды жана каражаттарды алууга багытталат.

Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек сатып алуу үчүн 15 миллион доллар насыя берет.

Евросоюз билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн 15 млн 300 миң евро бөлүп берет. Санариптештирүүгө байланыштуу иш-чаралар үчүн 6 млн евро, социалдык коргоо чөйрөсүнө 9 млн 500 миң евро. Жалпысынан Евробиримдик Кыргызстанга 33 млн 880 миң долларды гранттык негизде берет.

Германия өнүктүрүү банкынын 30 млн 352 миң 500 доллар өлчөмүндөгү каражаты азык-түлүк коопсуздугун мындан ары да камсыз кылуу максатында фермерлерди колдоого жумшалат.

Ички аба каттамдар жанданат. Кыргызстанда 8-июндан тарта ички аба каттамдар жанданат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, аба каттамын жүргүзүүдө Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан белгиленген тиешелүү талаптар аткарылышы керек.

"Жүргүнчүлөрдүн ортосундагы аралыкты сактоо менен авиакомпаниялар өз иштерин жүргүзүүсү зарыл. Саламаттык сактоо минстрлиги тарабынан да көрсөтмөлөр берилет. Анын негизинде авиакомпаниялар өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Коронавирус инфекциясы тез тарай турган жер жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор эсептелинет. Анын ичинде авиакаттамдар. Учакта да ошондой маселе жаралышы мүмкүн. Андыктан, тартиптерди так сактоо менен иштеш керек. Экономикалык тармактарды ишке киргизүү менен оорунун жугузуу коркунучу жогору болгонун түшүнүп жатабыз. Экономикалык тармакты токтотуп койсок, көптөгөн жарандар жумушсуз калганына күбө болдук", - деди ал.

Тышкы карыз. "Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады". Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын каржы министри Бактыгүл Жеенбаева бул аптада болуп өткөн "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форум тууралуу пикирин айтып жатып билдирди.

Министр билдиргендей, президент тарабынан тышкы карызды чечүүнүн 3 этабы сунушталган.

Биринчи кезекте, тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп же кийинки жылдарга жылдыруу гана эмес, аларды терең реструктуризациялоо зарыл.

Экинчи этап – саламаттык сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгуу.

Үчүнчү этап – экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу.

"Каржы министрлигинин алдында чоң милдеттер турат. Алар – программаларды иштеп чыгып, карызды алмашуу жана тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча ишти баштоо", - деди ал.

Кирешелүү "Нарын ГЭСи". 2020-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, "Нарын ГЭС" ААКсы 26 млн сом киреше тапкан, эмгек акыны өз убагында төлөө маселеси чечилип, жумушчу техниканын 30%ы калыбына келтирилген.

Мамлекттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча, 2019-жылы компания салыктык төлөмдөр катары 2,9 млн сом төлөгөн болсо, 2020-жылдын биринчи кварталында 14,2 млн сом төлөдү. 2019-жылы Социалдык фондго 1,4 млн сом төлөнгөн, 2020-жылдын биринчи кварталында 2,5 млн сом төлөндү. 2019-жылы эмгек акы 11,8 млн сом өлчөмүндө төлөнсө, быйыл I кварталда 19 млн сом төлөндү.

"Нарын ГЭС" ААКсы – мамлекеттин 90% үлүшү бар ГЭСтерди куруу менен алектенген Кыргызстандагы жалгыз ишкана.

Акыркы жылдары "Нарын ГЭСи" чыгым келтирүүчү ишкана болгону маалым. 2018-жылдын май айында жумушчулар митингге чыгууга аргасыз болушкан. Алардын айтымында, митинг төрт жылдан бери маяна төлөнбөй келгендигине байланыштуу уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий