• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 25.02-02.03.2019

Аналитика 0

Саркеч көргөзмө. Бишкекте өткөн жумада Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда мода жана текстилдин "Bishkek Fashion&Textile 2019" I эл аралык көргөзмөсү ачылды.

Уюштуруучулар билдиргендей, көргөзмөдө дүйнөлүк рынокто аты чыккан Түркиянын кийим, кездеме өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары коюлган.

Иш-чаранын ачылышына Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Фырат, соода боюнча башкы кеңешчи Бехзат Эртен, КР экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын башчысы Аскат Беков, КР Соода өнөр жай палатасынын вице президенти Рима Апасова, Базар, ишкана жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев катышты.

Кайтарылган акча. Бул жумада Бишкекте АКШ менен Кыргызстандын өкмөтү "Бакиевдин режими учурунда уурдалган активдерди кайтаруу" боюнча билдирүүгө кол коюшту.

Кол коюуга Кыргызстандын Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс катышты.

"Бул активдер Кыргызстандын элинен уурдалган. Аларды Америкадагы кесиптештерибиздин жардамы менен өлкөгө кайтарууну үмүттөнүп жатабыз. Алар кайтарылганда, ал каражаттар аймактык долбоорлорду каржылоого, маселен калкты таза суу менен камсыздоо жана медициналык жабдыктарды сатып алууга жумшалат", - деди Жээнбаева.

Ал эми Элис Уэллс мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоо менен тапкан активдерди өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткенин белгиледи. Ошондой эле ал, бул активдерди кайтаруу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн бири-бирин түшүнүшүүсүнүн далили болорун кошумчалады.

"Учурда 6 млн. доллардын буйруктун негизинде алынган 4,6 миллиону Кыргызстандын өкмөтүнө кайтарылат. Өкмөт бул каражатты сот тармагы үчүн кошумча жаздыруучу жабдыктарды, айыл жергеси үчүн сууну тазалоочу система жана медициналык жабдыктарды сатып алууга коротот экен. Бул акчалар жумшала турган долбоорлордун максаты бизди кубандырды. Андан тышкары, сот залдарында видеокамераларды орнотуу КРдагы сот системасы ачык болуп жатканын көрсөтүүдө", - деди Элис Уэллс.

Түз эле экспортко. КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция маалымдагандай, Нарын облусундагы “Адал-Азык” ЖЧКсы ЕАЭБдин Бирдиктүү ресстирине кирген, эми мындан ары чийки этти Россияга түз эле экспорт кыла алат.

“Адал-Азык” ЖЧКсы ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине кирип, майда жана чоң бодо малдын жана жылкынын этин экспорттоого мүмкүнчүлүк алды.

“Адал-Азык” ЖЧКсы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында жайгашкан.

Валюта базары. Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу бойдон калууда.

КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, күтүлбөгөн жагдай болбосо эле инфляция белгиленген чектен ашпайт.

"Улуттук банктын божомолдору боюнча, кескин өзгөрүүлөр болбосо орто мөөнөттүк мезгил ичинде инфляция акча-кредит саясатынын максат кылынган 5-7% көрсөткүчүнөн ашпайт”, - деди ал.

“Мындан улам эсептик ченди (4,5%га чейин) төмөндөтүү чечими кабыл алынган. Инфляциялык тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк акча-кредит саясатынын багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн", - деди ал.

Япониянын тажрыйбасы. КР экономика министрлигинде өткөн жумада Япониянын тажрыйбасынын негизинде ишкерлердин бизнес-тейлөө борборун уюштуруу жана башкаруу боюнча семинар болуп өттү.

Семинардын максаты жана күтүлгөн натыйжасы: Япониялык ишкерлердин мисалынын негизинде бизнес-тейлөө борборлорун түзүү жана алардын башкаруу тажрыйбасы менен таанышуу жана ушундан өңүттөгү борборлорду Кыргызстанда өнүктүрүүнүн оптималдуу жолдорун талкуулоо.

КР экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров жолугушууну ачып жатып эл аралык кызматташуу боюнча япон агенттигине (JICA) жана ОБСЕнин программалык офисине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ыктыярчы. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов банктан алган турак жай ссудасынын калган бөлүгүн толугу менен төлөп берет. Бул окуя боюнча Башкы прокуратура өз учурунда текшерүү жүргүзгөн.

УБнын төрагасы Т.Абдыгулов өзү билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

"Мен бул маселе боюнча бир нече фактыларга сиздердин көңүлүңүздөрдү бурайын дедим эле. Бул маселе үч ай бою коомчулукта кызуу талкууланып келди. Башкы прокуратура тарабынан бул боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында ссуданы кечирүү мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөндүгү тууралуу чечим кабыл алынды. Бирок, бул маселе коомчулукта кеңири талкууланып, Улуттук банктын төрагасы катары менин ишмердүүлүгүмө гана эмес жалпы банктын аброюна таасирин тийгизди", - деди Абдыгулов.

Ал билдиргендей, Улуттук банктын ишмердүүлүгү коомчулукта шек жаратпашы керек.

Банкты калыбына келтирүү. “Росинбанк” ААКты кайра жандандыруунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кабарлады.

Ал билдиргендей, Улуттук банк капитализацияны аяктады.

“Учурда банктын кийинки тагдыры каралып жатат. Банкты сатуу же дагы капитализациялаштыруу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин биз маалымат беребиз”, - деди ал.

Абдыгулов баса белгилегендей, кайра жандандыруунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Банк өзүнүн ишин 100% аткарып жатат.

“Росинбанктын” капиталы 1 млрд. 480 млн. сомду түзөт. Акыркы капитализация 617 млн.сомду түзгөн.

Сауд Арабиясына жол. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Эр-Рияд шаарында Сауд Өнүктүрүү Фондунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары, аткаруучу директору Халид бин Салим Аль-Худейри менен жолугушту.

Жолугушууда эки тарап КР менен Сауд Арабиясынын насыя жана гранттык кызматташуусу артып жатканын белгилешип, кыргыз тарап Фондго берген инфраструктуралык долбоорлор боюнча пикир алышкан.

Маселен, Х. Аль-Худейри, Фонд, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл-чарба, сугат тармагындагы 30 млн. долларлык долбоорлорду жактырганын билдирген. Ошондой эле, ал, 2019-жылы Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону арттыруу пландалып жатканын айткан.

Байлар байып жатат. Жалпы акча кирешелердин 45%ы калктын 20%ында топтолгон. Ал квинтилдик (калкты 5 топко 20%дан бөлүп эсептөө) эсептөөнүн негизинде аныкталып чыккан.

Бул маалымат "Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча КРнын маалымат бюллетенинде" жарыяланган.

Агай ылайык, үй чарбачылыгын тандалма изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын январь-сентябрь айларында калктын номиналдык акча кирешелери 304 млрд. 761 млн. сомду түзгөн. Ал мурунку жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 20%га көп болгон.

Калктын акча кирешесинин негизги булагы эмгек ишмердиги болуп, киреше түзүмүндө алардын үлүшү 71,5%ды түзгөн. Социалдык трансфертлерден алынган киреше - 14,6% жана жеке кошумча чарбада өндүрүлгөн айыл-чарба продукциясын сатуудан түшкөн каражат - 9,9%.

2018-жылдын январь-сентябрь айларындагы бир адамдын орточо, реалдуу акча кирешелери айына 5494,2 сомду түзгөн. Ал мурунку жылга караганда 16,3%га өскөн.

Кыргыз азык-түлүгүн Катарга чыгаруу. КРнын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Суети менен жолугушту.

Жолугушууда эки мамлекеттин айыл-чарба тармагындагы кызматташуусу талкууланган. Алсак, Кыргызстандын айыл-чарба продуктыларын Катарга өткөрүү боюнча сөз болгон.

Мурашев белгилегендей, КРнын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Катардын Муниципалитет жана айлана чөйрө министрлиги өсүмдүктөрдүн карантини багытында кызматташуу боюнча макулдашуусунун долбоорун иштеп чыгууда. Ошондой эле ал, Кыргызстан, өзүнөн чыккан продукцияларды, маселен, бал, кургатылган жемиш жана эт азыктарын Катарга экспорттоо боюнча кызматташууну карап чыгарын кошумчалаган.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий