• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 27-31.01.2020

Аналитика 0

Өсүү сакталып калды. Ички жана тышкы факторлорго карабастан, 2019-жылы улуттук экономика өсүүсүнүн алгылыктуу динамикасын сактап калды.

Ушул аптада өкмөттүн жыйынында экономика министри Санжар Муканбетов 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу жыйынтыктары жана 2020-жылдагы милдеттер жөнүндө баяндамасын айтты.

«2019-жылдын алдын ала жыйынтыктары боюнча ИДПнын көлөмү 590,0 млрд сомду түздү, ал эми өсүү темпи 4,5%ды түздү (2018-жылда 3,8%). Экономикалык өсүү экономиканын бардык тармактарында камсыздалды: айыл чарбада 2,6%, курулуш – 10,6%, өнөр жай – 6,9%, тейлөө чөйрөсү – 2,9%га өстү. Чакан жана орто ишкерликти колдоо максатында «Кепилдик фонду» жалпы суммасы 1,7 млрд сом болгон 1602 долбоорго кепилдиктерди берди. Натыйжада 5,7 млрд сом берилип, бул 2018-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эсе көп. Өз кезегинде Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан 379,0 млн долларлык 2 351 долбоор жактырылды», - деди ал.

Айыл чарба азыктарынын эскпорту. 2019-жылдын январь-ноябрь айларында айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү 17,1 пайызга жогорулап, 889,4 миллион АКШ долларын түздү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев билдиргендей, айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын азыктары жалпысынан 17 млрд 882 млн сомго экспорттолгон. Бул мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4% көп экендиги айтылды.

Фонддун каражаты. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2019-жылы жалпы суммасы 77,5 млн долларга долбоор бекитти. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 эсеге көп. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев маалымдагандай, фонд иштеп баштагандан тарта бардыгы болуп 379 млн долларга 2 миң 351 долбоор бекитилген.

«Ири долбоорлорду өзүбүз каржылайбыз, ал эми орто жана чакан бизнести өнөктөш-банктар аркылуу каржылап турабыз. Биз менен 15 банк жана 4 микрофинансылык уюм, кепилдик фонду иштешет. Биз 202 млн долларлык 57 долбоорду түздөн-түз каржылайбыз. Ал эми биздин өнөктөштөр аркылуу 2 миң 300 чакан жана орто субъектти каржылоодобуз», - деди ал.

Германиялыктарга чакырык. Бул аптада Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков гермния экономикасынын өкүлдөрүн өлкөгө инвестиция кылууга чакырды.

Министр Германияда герман экономикасынын Чыгыш-европалык бирикмесинин Аткаруучу директору Михаэл Хармс менен жолуккан.

М.Хармс эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеӊейтүүнүн жана биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Аны менен бирге 2019-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн кыргыз-герман бизнес-форумун жана анын жүрүшүндө экономиканын түрдүү чөйрөсүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын позитивдүү белгиледи.

Министр Ч.Айдарбеков Чыгыш-европалык бирикменин өкүлдөрүн ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Ошондой эле Чыңгыз Айдарбеков Германиянын экономика жана энергетика федералдык министри Петер Альтмайер менен дагы жолуккан.

Тараптар кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын учурдагы маселелерин кыска талкуулашты жана эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн кеңейишинин маанилүүлүгүн белгилешти.

"Министр Айдарбеков П.Альтмайерди 2020-жылдын экинчи жарымында өтүүсү пландалган ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Герман экономикасынын өкүлдөрүнүн аталган форумга катышуусу эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрү үчүн жаңы шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн баса белгиледи.

КР УБнын эсептик чен өлчөмү. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде сактап калды.

КРУБдан кабарлашкандай, өлкөдөгү инфляция Улуттук банк тарабынын күтүлгөн чектеги орточо жогорулаган динамиканы көрсөтүү менен төмөн деңгээлде сакталууда.

2020-жылдын январь айында (17-январга карата) инфляция жылдык мааниде 2,8 пайызды түзгөн. Азык-түлүк товарларына, анын ичинде, мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга, сүт азыктарына баалардын өсүшү өтүп жаткан жылдын башынан тартып жалпы баа деңгээлинин динамикасына кошумча салымын кошкон.

2020-жыл ичинде инфляциянын түптөлүшү көбүнчө дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы жагдайга жана Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндөгү экономикалык абалга көз каранды болушу күтүлөт. Мында глобалдык жана регионалдык азык-түлүк рынокторундагы тенденциялар жакынкы аралыкта акырындык менен жогорулоо улантышы болжолдонот.

Улуттук банктын акча-кредит саясаты 2020-жылы инфляция деңгээлин орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыздан ашпаган чекте кармап турууга багытталган.

МСКнын бирдиктүү терезеси. Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча калкка кызмат көрсөтүү боюнча “Бирдиктүү терезе” тармагын кеңейтүүдө.

Азыркы учурда 60 аймактык салык органдарынын ичинен 52си "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызмат көрсөтүүдө. Мындан тышкары, ири соода-базар комплекстеринде жана соода борборлорунда, ошондой эле "Сосновка" контролдук өткөрмө пунктунда түзүлгөн 13 сервистик борбор жана пункт иштеп жатат, ал жерден ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга болот.

Салык кызматы заманбап инфратүзүмдү жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө стандарттарын түзүү боюнча ырааттуу түрдө жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында калган бардык салык органдарында да "Бирдиктүү терезени" ачууну пландоодо.

Жарандар жана салык төлөөчүлөр “Бирдиктүү терезеден” кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин алууга, анын ичинде отчетторду берүүгө, маалымкат алууга, салыктык каттоодон өтүүгө, патентти жана камсыздандыруу полисин сатып алууга же узартууга жана башка кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал жерде төлөм терминалдары жана банктардын кассалары аркылуу салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөө мүмкүндүгү да бар.

Фонддун кепилдиктери. 2020-жылдын январь айы кепилдиктерге “жемиштүү” болду.

"Кепилдик фонду" ААКсынан кабарлашкандай, январь айында фонд жалпы суммасы 10,6 млн сом болгон 81 кепилдик бекиткен, ал кепилдиктин алдында өнөктөш-банктар ишкерлерге жалпы көлөмү 20,9 млн сом болгон насыяларды бекитти.

Кепилдиктер кайсы регионго жана кайсы долбоорго берилди?

Мисалы, Нарын районунун Жалгыз-Терек, Алай районунун Сары-Таш, Кадамжай районунун Сур айылдарынын ишкерлери кредитти сүт багытындагы малдарды алууга сурашкан. Башкаларга кредит жүгүртүү каражатын толуктоого керек болгон. Алардын арасында Араван районунун Чогом жана Араван, Алай районунун Орто-Суу айылдарындагы жана Бишкек менен Өзгөн шаарларындагы ишканалар бар.

УКМКнын салымы. Ушул жумада КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бирдиктүү депозиттик эсепке 67 млн 644 миң 674 сом которду.

УКМК тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке жалпысынан 371 млн 291миң 036 сом которулду.

Аялдарга насыялар.Кепилдик фонду аял ишкерлерге жалпы суммасы 400 млн сом болгон 538 кепилдик берген.

"Кепилдик фондунун" маалыматы боюнча, жалпы берилген кепилдиктердин 34%ы аял ишкерлерге туура келет.

"Аял ишкерлерге да көп көңүл бурабыз. 2017-жылы Кепилдик фонду Азия өнүктүрүү банкы менен бирге келечекте ишкер болчу 277 аялга окутуу өткөргөн. Алардын 20сы насыя алышты. Жыл сайын 1 миң 200 кишини окутуудан өткөрөбүз. Алардын арасында аялдар да бар. Фонд кепилдик алгандарды эркек ишкер же аял ишкер деп бөлбөйт", - деди ал.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий