• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 27-31.07.2020

Аналитика 0

Бул аптада бир катар экономикалык жаңылыктар болду. Экономика министрлиги алты айдын жыйынтыгы менен өлкөбүздүн ички дүң продукциясы канча болгону, пандемия маалында аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Айыл чарба министрлиги да айыл чарба азыктарынын өндүрүлүшү, фермерлерге берилип жаткан насыя тууралуу айтып берди.

Темир жол аркылуу ташуулар. Бул аптада Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы чарба субъекттеринин жүк ташуусун өз убагында жана толук түрдө камсыз кылып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл алты ай ичинде "Кыргыз темир жолу" ишканасы тарабынан ташылган жүктүн көлөмү 3 млн 183 миң 902,6 тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 330,2 миң тоннага көп болгон. Өсүш 111,6%ды түзгөн.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы гуманитардык жүктү ташууну ишкананын каражаттарынын эсебинен жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

ККМ боюнча талаптар. Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы токтому менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча бир катар талаптар бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Алсак, ККМди каттоо жана колдонуу, ККМге карата техникалык корутунду берүү жана ККМдин реестрин түзүү тартиптери, ККМге карата техникалык талаптар жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар, фискалдык маалыматтардын операторуна карата талаптар, ККМди пайдалануунун типтүү эрежелери, ошондой эле, ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмеги жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында субъекттердин ККМге өтүү жана колдонуу графиги бекитилген.

Токтомго ылайык, 2020-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарга ылайык келбеген ККМ каттоого алынбайт. Салык органдарында катталган, реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы жок эски үлгүдөгү ККМди пайдаланган субъекттер алар оң абалда болгон шартта гана 2020-жылдын 1-октябрына чейин колдонууга укуктуу.

Мындан тышкары, Салык кызматынын маалыматтык системасында катталган жана ККМ-онлайнды пайдаланган субъекттер аларды өткөрүү мөөнөтү аяктаганга чейин жана субъекттердин ККМге өтүү жана колдонуу графигинде белгиленген шарттарда колдонууга укуктуу.

Фермерлерге насыя. "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунун алкагында 8 миң 371 кишиге 4 млрд 206 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

"Лизинг маселеси да жолго коюлган. 2020-жылы 250 айыл чарба техникасын лизингге берүү пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 204 айыл чарба техникасы лизингге берилди", - деди ал.

Экономика министрлигинин иши. Бул аптада өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында экономика министри Санжар Муканбетов коронавирус пандемиясына байланыштуу Экономика министрлиги тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, өкмөттүн 3-февралдагы токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармек каражатарынын аныкталган түрлөрүн жана медициналык буюмдары ташып чыгаруга убактылуу тыюу салынган.

COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу боюнча төмөнкү чаралар бекитилген:

- 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөттөрүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартуу;
- салык карызынын суммасы боюнча мөөнөтүн 2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө;
- 2021-жылдын 1-январына чейин салык текшерүүлөрүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
- 2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларды банкроттук процедураларын жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынган.

Ишкердик субьекттерге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча 14 млрд сом өлчөмүндө кризиске каршы фонд түзүлгөн.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн импорттолуучу товарларды ташып кирүү бажы алымдарынан бошотуу чечимин кабыл алган: ал жеке коргоочу каражаттарына, дезинфекция каражаттарына, диагностикалык реагенттерге, медициналык жабдуулардын жана материалдардын айрым түрлөрүнө тиешелүү.

Ошондой эле ЕАЭБдин ички рыногунда тартыштыктарга жол бербөө максатында, ЕЭК Коллегиясынын чечими менен ЕАЭБ аймагынан азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга тыюу салынган.

Анын айтымында, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактурасынын маалыматтык системасы киргизилди. Ошондой эле 1-июлдан тартып май куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын колдонуу боюнча милдеттенмелер киргизилди.

Буудай айдоо. Буудайдын айдоо аянттарын 300 миң гектарга чейин көбөйтүү пландалууда.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевдин айтымында, быйыл өлкөдө буудай 247,5 миң гектар жерге айдалган.

"Бүгүнкү күндө оруп-жыюу иштери жакшы уюшкандыкта өтүп жатат", - деди ал.

Ал буудайдын айдоо аянттарын көбөйтүү пландалып жатканын билдирди.

"Буудайдын айдоо аянттарын 300 миң гектарга чейин көбөйтүүнү сунуштап жатабыз. Анын 220 миңи күздүк, 80 миң гектары жаздык буудай болот", - деди ал.

ИДП. Быйыл алты айда Кыргызстандын ИДПсы 228 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылга караганда ИДПнын көлөмү 5,3%га төмөндөдү.

"Өлкөнүн экономикасынын өсүшү -5,3%ды, башкача айтканда 94,7%ды түздү. Өнөр жайыбыз нейтралдуулукту сактап калды. Өсүш - 0,1%. Ал эми айыл чарба тармагы 1,6% өстү. Төмөнкү көрсөткүчтөр курулуш тармагында болду - дээрлик 10%га чейин төмөндөө. Кызмат көрсөтүү тармагында 9,2%га төмөндөө болду", - деди ал.

Айыл чарба продукциясын өндүрүү. Быйыл жарым жылда 64 млрд 646,4 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

"2020-жылдын январь-июнь айларында айыл чарба продукцияларынын дүң өндүрүлүшү 64 млрд 646,4 млн сомду түздү. Мал чарба продукциясы 50 млрд 642 млн сомго, өсүмдүк продукциялары 11 млрд 293 млн сомго өндүрүлдү",- деди ал.

Маркалоого өтүүнүн мөөнөттөрү. КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы токтому менен тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоого өтүүнүн мөөнөтү 1-октябрга чейин, алкоголдук продукцияныкы – 1-ноябрга чейин узартылды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мөөнөттөдү жылдыруу жөнүндө чечим салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары маркалоону натыйжалуу киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле өлкөдө коронавирустук инфекциясынын жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин тамеки продукциясын, 31-октябрга чейин алкоголдук продукцияны жана бут кийим товарларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жүргүзүлөт.

Дүйнөлүк банктан каражаттар. Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорлор кеңеши Кыргызстандагы медицина, экономика жана социалдык тармактары боюнча үч долбоорду каржылоону бекитти.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, "Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо" (50 млн доллар), "Социалдык жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдагы иш-аракеттер планы" (50 млн доллар) долбоорлорун каржылоо жана "CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо (COVID-19 шарттарында)" (21 млн доллар) долбоорун кошумча каржылоо Эл аралык өнүгүү ассоциациясы аркылуу жеңилдетилген шарттарда жүргүзүлөт.

Ар бир долбоор боюнча берилүүчү каражаттын жарымы грант болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий