• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 29.07-03.08.2019

Аналитика 0

Кепилдик фонду. Улуттук банк "Кепилдик фонду" ААКсынын акционерлеринин катарына кошулгандан кийин фонддун уставдык капиталы 1,132 млрд. сомду түздү.

Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдиргендей, 19-июлда Улуттук банк "Кепилдик фонду" ААКсынын кошумча чыгарган 550 млн. сомдук акцияларын сатып алып, 49% үлүшкө ээ акционер болуп калды.

"Кепилдик фонду" ААКсы 2016-жылы 282 млн. сом уставдык капиталы менен түзүлгөн. 2018-жыл КР өкмөтү аны 582 млн. сомго көбөйткөн. 2019-жылы уставдык капитал 1,132 млрд. сомду түздү. Эгер "Кепилдик фонду" ААКсынын уставдык капиталын банктардын көрсөткүчү менен салыштырса фонд 8-орунда, ал эми өздүк капиталдын өлчөмү боюнча 12-орунда турат", - деди ал.

Максаттуу өткөрүп берүү. Бул аптада КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги Тышкы иштер министрлигине өтүшү мүмкүндүгү маалым болду.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү – Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдиргендей,

макулдашылган келишимдердин жана кол коюлган дкументтердин алкагында документтерди ишке ашыруу жана чет элдик инвестицияларды тартууда координацияланган жана дароо аракеттерди көрүү максатында КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигин ТИМ алдындагы инвестицияларды тартуу жана экспортторду жылдыруу агенттигине өзгөртүү боюнча маселе демилгеленип, тиешелүү документтер даярдалган.

Дыйканбаев баса белгилегендей, 2019-жылдын биринчи жарымында КРнын чет элдик мекемелери тарабынан Кыргызстандын туристтик потенциалы 19дан ашуун жолу тартууланган. Туризмди өнүктүрүү боюнча 30дан ашуун эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, КР тууралуу 10 улуттук стенд уюштурулган. ITB (Берлин), MITT (Москва), KITF (Алматы), Arabian travel market (Дубай) сыяктуу эл аралык иш-чара, көргөзмө жана жармакелерге катышуу уюштурулган.

Энергиянын кайра жаралуучу булактары көңүл чордонунда. «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү инвестициялык ишмердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү карайт, анткени инвесторлор үчүн айырмачылыгын толуктап берүү коэфициенттери кайрадан каралып чыкты», — деп белгиледи КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына комментарий берип жатып. Мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду жана ал күчүнө кирет.

Мыйзамдын максаты энергетика тармагында экономикалык жана уюштуруучулук укуктук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүнө түз инвестицияларды тартуу, бул тармакты мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Энергетика Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясында артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат.

Чакан ГЭСтер ассоциациясынын төрайымы Эльвира Боромбаева баса белгилегендей, аталган мыйзамдын үстүндө үч жылга жакын иш жүргүзүлгөн.

«Экономиканы өнүктүрүү үчүн чакан суу энергетикасы абдан маанилүү. Биз суу ресурстарынын көлөмү боюнча үчүнчү орунда турабыз. Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында биринчи кезекте биздин экспорттук мүмкүнчүлүгүбүздү өнүктүрүү зарыл, бул — кошумча өнөр-жай объектилери, жумуш орундары, элдин бакубатчылыгын жогорулатуу. Үзгүлтүксүз энергия кубаттуулугун ташып жеткирүү мүмкүн эмес», — деди ал.

Тамекиге акциздер. Эми ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилди.

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-июнундагы “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилди.

Жогоруда айтылган мыйзамдын ченемдерине ылайык, товарлардын акцизделчү тобунун тизмеси кеңейтилди. Ысытылган тамекиси бар буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылган капсула ж. б.), электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук акцизделчү товарлар болуп эсептелет.

Жогоруда аталган акцизделчү товарлардын жүгүртүлүшүнө мониторинг жүргүзүү мезгилинде (2019-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин) акциз салыгынын ставкасы 0 сом өлчөмүндө белгиленген.

Мындан ары акциздин базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

- 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдар – 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин – 610 сом, 2021-жылдын ичинде – 700 сом, 2022-жылдын 1-январынан тартып 800 сом;

- 1 миллилитр никотин камтыган суюктук – 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин – 1 сом, 2021-жылдын ичинде – 1,25 сом, ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып – 1,5 сом.

Казакстан менен макулдашуу. Нур-Султан шаарында КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков менен Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Марат Султангазиевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар:

- товарлардын импортунун көлөмүн башкаруунун бирдиктүү мамилелерин колдонуу боюнча;

- товарлардын транзитинде навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилотту өткөрүү боюнча макулдашышкан.

Тараптар өкмөт аралык кеңешинин кыргыз-казак 8-жыйынынын Протоколун жүзөгө ашыруу жыйынтыктары товарлардын транзитинин убактысын кыскартуу, ошондой эле өткөрүлүп жаткан жүктөрдүн көлөмүн көбөйтүү бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деген ишенимге келишкен.

Британия менен байланыш. Бул аптада маалым болгондой, 2019-жылдын ноябрь айында DFID (Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү департаменти) катышуусунда донордук конференция өтөт. Бул тууралуу экномика министри Санжар Муканбетов менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарреттин жолугушуусунда айтылды. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык боюнча сөз болгон.

Элчи билдиргендей, Улуу Британиянын кеңеши “Креативдүү экономика” демилгесин илгерилетет деп белгиледи. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ бул багыттагы иштерди жүргүзүп жатат. . Британ тарап Борбордук Азия өлкөлөрүндө бул тармакты өнүктүрүүгө кызыкдар. Тараптар бул багытты Кыргыз Республикасында алга жылдыруу тууралуу макулдашты.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам. «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жөнүндө Мыйзам жеке сектор үчүн тоскоолдуктарды кыскартат», — деп баса белгиледи КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына комментарий берип жатып.

Данияр Иманалиев өзгөртүүлөр жеке өнөктөштү тандоо процедурасы жана ошондой эле долбоорлорду кароо мөөнөттөрүн оптимизациялоого таандык болорун белгиледи.

«МЖӨ долбоорлорун түзүүдө ишин оптималдаштырууга көмөктөшчү ири жана кичине болуп бөлүнгөн. Мындан тышкары МЖӨ долбоорлорун колдонуу тармактарын кеңейтүү жаатында өзгөртүүлөр киргизилди», — деп айтты ал.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча көз карандысыз эксперт Гүлнара Каликова белгилегендей, 2012-жылы буга чейин кабыл алынган МЖӨ жөнүндө мыйзам бир катар кемчиликтерге ээ болгон.

«Каталары көп болуп, процедуралар татаал эле. Жаңы мыйзамды даярдоого эки жылдай убакыт кетти», — деп айтты ал.

Гүлнара Каликова МЖӨ мамлекеттин жеке ишкерлик менен аракеттенишүүсүнүн механизми катары баарынан мурда коомдук инфраструктураны: жолдорду, ооруканаларды, мектептерди, маданий объектилерди жакшыртууга багытталганын баса белгиледи.

Ал МЖӨ жөнүндө жаңы Мыйзамдын алкагында мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана ишкерликтин өкүлдөрүнүн билимин жогорулатуу жана окутуунун маанисин баса белгиледи.

План боюнча салык. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын июль айында 6 млрд. 747,1 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөрдү чогултуп, белгиленген план 102,2 %га аткарылды.

2018-жылдын июль айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 754,4 млн. сомго өстү.

Ушул эле мезгилде 2 млрд. 512,5 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 266,2 млн. сомго өстү.

Ошол эле учурда, 6 айдын жыйынтыгы боюнча толугу менен чогултулбай калган салыктардын (1 млрд. 517,4 млн сом) жана камсыздандыруу төгүмдөрдүн (750,1 млн. сом) суммасы июль айындагы пландын ашыгы менен аткаруунун эсебинен салык боюнча 147,1 млн сомго жана социалдык төгүмдөр боюнча 79,7 млн. сомго кыскарган.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий