Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 3-8-июль 2017-жыл

Аналитика 0

Активизациялоо. Бул жума Өкмөттүн жана анын башчысы Сооронбай Жээнбековдун кыйла жигердүү ишмердиги менен коштолду. Министрлер кабинетинин жыйынында ал ушул күздө жалпы саны 373 мамлекеттик кызматтын 189ун электрондук түргө өткөрүүнү тапшырды. Өкмөт башчы электрондук башкаруу жана электрондук документ айлантууну киргизүү маселелери дүйнө жүзүндө артыкчылыктуу экенин, анын аркасында алдыңкы өлкөлөр коррупцияны жоюп, экономиканы өнүктүрүп жатышканын белгиледи.

Мындай милдет өлкөдө жарыяланган жогорку технологиялуу “Таза коом” долбоору менен толук түрдө байланышат. Жалпысынан Кыргызстанда акыркы жылдары өлкөнү санариптештирүү күчтөндүрүлдү. Май айында бардык телекомпаниялар аналогдук берүүдөн санариптик берүүгө өтүштү. Буга чейин бардык паспорттук маалыматтарды магниттик сактоочуга өткөрүү башталды, шайлоо процесстерин автоматташтырылган түргө өткөрүү долбоору ийгиликтүү ишке ашты. Мында добуш берүүнүн жыйынтыгы онлайн режиминде жана кийлигишүүнү кескин кыскартуу менен жүргүзүлөт. Андан соң, “Акылдуу шаар” долбоору башталып, “Таза коом” долбоорун ишкек ашыруу менен өлкөдө санариптик технологияларды колдонууну көбөйтүү милдеттери коюлган.

“Таза коом” санариптик экономикага өтүүнү тездетип, келечекте мобилдүү жана ийкемдүү, заманбап чакырыктарга ыкчам жооп кайтарууга жөндөмдүү мамлекетти түзүүгө шарт түзөт. Коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик, коомдук жана ишкер чөйрөдөгү кайра түзүү амбициялык программаларын ишке ашыруу зарыл. Модернизациялоо процесси мамлекеттин бардык маанилүү тармактарын камтыйт.

Кезек “Манаста”. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) жана “Манас” эл аралык аэропорту” ААК бул жумада Ош шаарындагы эл аралык аэропортту кайра курууга насыялык каражаттарды бөлүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Бөлүнгөн каражаттарга жарык-белги берүүчү жабдуулар сатып алынып, орнотулат, атайын аэродромдук өрт өчүрүүчү унаа сатып алынып, аэробекет комплексинде учуп келүү залы кеңейтилет.

Каржылоо стандарттык схема боюнча 5 жылдан 15 жылга чейин жылдык 4% менен жүргүзүлөт. Бүгүнкү күнү РКӨФ 740 долбоорду 234 млн долларга каржылаган. Транспорт жана логистика инфраструктурасын каржылоо Фонддун портфелинин 10% түзөт.

Өлкөнүн бийлиги бул жумада энергетика тармагынын стратегиялык маанилүүлүгүн түшүнүшөрүн билдирди. КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаковдун айтымында, энергетика тармагында Кыргызстан секирик жасашы керек. Ал ал Кыргызстан баа саясатын оптимизациялабастан энергетика тармагын өнүктүрө албагандыктан, баа маселесин чечүү зарылдыгын мойнуна алды. Учурда республикада технологиялык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Электр энергиясын өндүрүүнү 240 мегаваттка көбөйтүүгө жетишүү үчүн Токтогул ГЭСи кайра курулууда. «Камбарата ГЭС -2» экинчи агрегатынын курулушу башталды. Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун күчтөндүрөт.

Инвесторлор табылдыбы? Ушул эле жумада Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулуш долбоорун ишке ашыруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында жүрөрү белгилүү болду. Өлкөнүн расмий адамдарынын билдирүүсүндө, бул ГЭС каскадын курууга инвесторлор табылды. Ошондой эле, Кыргызстан CASA-1000 долбоорун колдой турганы айтылды.

Аптада Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугу 690 мегаваттка чейин өсө ала турганы белгилүү болду. Токтогул ГЭСин кайра куруудан кийин кубаттуулук 240 мегаваттка өсүшү, Бишкек шаарындагы ЖЭБде кайра куруудан кийин кубаттуулукту 30 мегаваттка жогорулатуу күтүлүүдө. «Камбарата ГЭС-2» экинчи агрегатын иштетүү дагы 240 мегаватт, “Ат-Башы ГЭСин” кайра куруу 4 мегаваттка өсүш берет. Эгерде энергетика тармагын модернизациялоонун бардыгы ишке ашса, анда Кыргызстан 2015-2016-жылдары 2 млрд 140 млн киловатт саатка жеткен электр энергиясынын таңкыстыгын жабуу мүмкүнчүлүгүн алат.

Электрдин бүгүнкү бааларында Кыргызстанда карыздар өлкө бойдон кала бериши жашыруун эмес. Бул жумада жарыяланган Улуттук энергетикалык холдингдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын энергетика тармагындагы тышкы карызы 92 млрд сомго же 1,3 млрд долларга жеткен. Адистердин айтымында, карыздардан кутулуу үчүн, жаңы рынокторго чыгып, электр энергиясын экспорттоо керек.

Карыздарды пландуу түрдө төлөө үчүн жылына аз болгондо 500 млн киловатт саат экспорттоо керек. Түштүк Азияга электр энергиясын ташуу CASA-1000 долбоорун ыкчам ишке киргизүү, ага Кыргызстандын жигердүү катышуусу карыздарды жабууну шарттайт.

Улуттук валюта эмне болот? Валюталык сатуулардын жайкы мезгили акыркы жарым жылда биринчи жолу валюталык рынокто 15,5 млн доллар жана экирнчи ирет 6,6 млн доллар интервенцияны саткан КР Улуттук банкынын активдешүүсү менен белгиленди. Жалпысынан Улуттук банк 22,1 млн доллар америкалык валютаны саткан. Бул АКШ долларына кызыгуунун жигердүүлүгүн көрсөтөт.

Буга чейин Улуттук банк 2017-жылы январдын ортосунда доллардын сомго карата курсун кармоо үчүн 17,6 млн доллар сатып, валюталык интервенция жасаган. Ушунда дагы америкалык валютанын курсу 70 сомго жакындап, 69,62 сомду түздү. Жыл башынан бери КР Улуттук банкы 6 валюталык интервенция жасады, үч ирет долларды алып сатты.

Өзбекстанга экспорттоо. Бул жумада Кыргызстан Өзбекстанга жайында электр энергиясын экспорттоо тууралуу макулдашканы белгилүү болду. Бардык көрсөткүчтөр боюнча коңшу өлкөнүн электр энергиясын сатып алуусу энергиянын жетишсиздигине эмес, сугат мезгилинде айыл чарбасына сууну керектөө зарылдыгына байланыштуу. 2017-жылдын 16-июнунан 4-июлга чейин Өзбекстанга 192,5 млн кВт/саат экспорттолгону белгилүү болду. Келишим боюнча коңшу өлкөгө октябрга чейин 1,25 млрд кВт/саат экспорттоо пландалууда. Экспорттун баасы киловаттына 2 цент, бул экспорттук баага ылайык келет.

Кыргызстанда кыш кардуу болгондугуна байланыштуу жер-жерлерде жазгы селдердин жүрүшү уланууда. Өлкөнүн башкы суу сактагычында жайдын башында суунун көлөмү 18,8 млрд метр кубду түзгөн. Суунун суткалык агып келиши орточо эсеп менен 50 млн метр кубду түзөт. Токтогул суу сактагычы 19,5 млрд метр куб сууну сактай алат, бул көлөмгө июлдун этегинде жетишилет. Бул ашык электр энергиясын коңшуларга сатууга толук шарт түзөт.

Немец жардамы. Бул аптада Берлинде 2017-2018-жылдары эки жактуу техникалык жана каржылык кызматташуулардын алкагында Кыргызстан менен Германиянын өкмөттөрүнүн ортосунда мамилелерди өнүктүрүү максатында сүйлөшүүлөр өттү. Аларда ГФР өкмөтүн КР өкмөтүнө эки тараптуу кызматташуунун алкагында 2017-2018-жылдары 40,1 млн евро берүүгө милдеттендирүү чечими кабыл алынды. Анын ичинен 19 млн евро каржылык кызматташуу, 21,1 млн евро - техникалык кызматташуу долбоорлоруна берилет.

Сүйлөшүүлөрдө герман тарап “Таза коом” жалпы улуттук жогорку технологиялык долбоорун ишке киргизүү демилгесин жана Кыргызстандын жогорку технологияларды колдонууну өнүктүрүү кадамдарын колдоду.

50 миллиондук жарыш. Кыргызстан CASA-1000 долбоору боюнча активдүү иштеп жаткан төрт өлкөнүн катарына кирет. Дүйшөмбүдө бул жумада долбоордун катышуучу өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммитине чогулушуп, долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү чечишти. КР премьер-министр С.Жээнбеков катышкан CASA-1000 саммити дүйно коомчулугуна төрт өлкө – Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан долбоорду ыкчам жүзөгө ашырууга кызыкдарлыгын көрсөттү.

Долбоор иштелген, эми аны катышуучуларынын аткаруусу калды. Бул үчүн тиешелүү документтер топтолуп, тендердик иш чаралар өткөрүлгөн. Жакын арада ар бир өлкө өз аймагында тендерлердин жеңүүчүлөрүн аныктап, 2018-жылы долбоорду ишке ашыруу башталат. Кыргызстандын маалыматтарга ылайык, CASA-1000 долбоору 1 млрд долларга бааланат. Кыргызстан менен Тажикстан жалпы суммадан 200-250 млн доллардан бөлүшү талап кылынат. Бирок CASA-1000 долбоору башталган соң, ал Кыргызстан үчүн киреше булагына айланып, жылына электр энергиясын Пакистан жана Афганистанга экспорттоодон 50 млн доллар киреше табуу күтүлүүдө.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы бул жумада 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү дээрлик 15 млрд сом болгонун билдирди. 2016-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырмалуу бажы төлөмдөрү 1,8 млрд сомго же 14,1%га өскөнүн МБК белгиледи.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий