• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 30.09-05.10.2019

Аналитика 0

Бул апта Кыргызстан үчүн экономикалык жактан алып караганда бир катар эл аралык жаңылыктарга бай болду. Өлкөгө келип жаткан акча которуулардын азайгандыгы, валюта рыногундагы абал туруктуу экендиги маалым болду. Андан тышкары, электрондук түрдө отчет бергендердин саны өсүп жаткандыгы айтылды. Ошондой эле кезектеги BIF бизнес-форуму өтө тургандыгы маалымдалды.

Которуулар кыскарды. Үстүбүздөгү жылда чет жактан Кыргызстанга болгон акча которуулардын көлөмү кыскаргандыгы байкалгандыгын, - Кыргызстандан финансы органдары билдирет. 2019-жылдын январь-июль айлары аралыгында акча которуулар 13,4% кыскарып, 11,1 млрд. АКШ долларын гана түзгөн.

КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, ага нече фактор себеп болушу мүмкүн. Алсак, Россиядан жөнөтүлчү акчага чектөө киргизилгендиги.

Мындан мурдараак премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте өткөн "Евразия жумалыгында" билдиргендей, Россияда жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарга өз мекенине 100 миң рублдан ашуун каражат которууга чектөө киргизилген. Тажик мигранттары үчүн бул сумма 150 миң рублды түзсө, Армениялык мигранттар 1 млн. рублга чейин акча каражатын которо алышат. Өкмөт башчы ЕАЭБдин тиешелүү органдарын Биримдиктин бардык мүчөлөрүнө бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырган.

Валюта резерви. Бул аптада маалым болгондой, учурда Улуттук банктын резервинде 2,3 млрд АКШ доллары бар.

КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, бул деген 5 айга импортту жаба алган суммага барабар.

"Бул жакшы көрсөткүч, биз өзүбүздү жакшы сезип жатабыз", - деп билдирген Улуттук банктын төрагасы.

Мобилдик идентификация. Уюлдук операторлор бир жылдын ичинде өздөрүнүн электрондук капчыгын индентификациядан өткөрүү керек, - деп билдирди КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Анын айтуусунда, электрондук капчыктардын ишмердүүлүгү боюнча Мамфинчалгындоо менен мобилдик операторлор бир пикирге келишкен.

"Биз үч тараптуу макулдашууга кол койдук. 2020-жылдын 1-октябрына чейин бардык мобилдик капчыктарды идентификациядан өткөрүү керек. 2020-жылдын 1-октябрынан кийин идентификациядан өтпөгөн капчыктар өчүрүлөт", - деп билдирди Абдыгулов.

Улуттук банктын төрагасы кошумчалагандай, мурда бул КР Улуттук банктын талабы деген туура эмес маалыматтар кеткен, бирок, мыйзамда акча адалдоо боюнча так жазылган.

Электрондук отчет. Бул аптада маалым болгондой, өлкөдө 2019-жылдын 8 айында салык отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны жыл башына салыштырмалуу 44 миң 360ка көбөйгөн жана үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата 146 миң 71 колдонуучуну түздү.

КР Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, анын ичинде 136 миң 58 салык төлөөчү отчетторун жөнөкөй электрондук кол тамгасы менен, ал эми 3 миң 257 – МСКнын www.salyk.kg сайтынан “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервис аркылуу, квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен тапшырышат. Мындан тышкары, сервис операторлору аркылуу салык отчетторун 6 миң 656 адам тапшырууда.

Дагы бир форум. Жакында кезектеги Бишкек инвестициялык форуму BIF 2019 өтө тургандыгын JIA бизнес-ассоциациясы ушул жумада билдирди. Маалыматка ылайык, форум 10-11-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Уюштуруучулар билдиришкендей, аталган форум ишкерлер менен инвесторлор ар дайым күткөн иш-чарага айланган. Анткени, өлкө боюнча бардык ишкерлердин суроо-талаптарына эффективдүү түрдө жооп берген биринчи аянтча болуп калган.

Үч жылдын ичинде Кыргызстан боюнча 2500дөн ашуун ишкер аталган форумга келген, BIF аянтчасында 700 долбоор сунушталып, ишкерлер 9,5 млн. АКШ долларына инвестициялык келишимдерди түзө алышкан.

Бюджеттик чыгымдар. Республикалык бюджеттин кассалык чыгымдары 93,5 миллиард сомго чамалады, - деп билдирди КР финансы министрлигинин маалымат кызматы.

Министрликтин маалыматы боюнча, ушул жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгашасы 93 млрд. 483 млн. 566,4 миң сомду түздү.

Анын ичинен бюджеттик уюмдарда иштегендердин маянасына – 21 млрд. 871 млн. 387,4 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 7 млрд. 196 млн. 386,9 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 32 млн. 150,3 миң сом бөлүндү.

Carcheck кызматы. "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын "Carcheck" сервиси боюнча пилоттук долбоору 1-октябрдан тарта ишке киргендиги маалым болду.

Жаңы электрондук сервис аркылуу автоунаа күрөөдө же камакта эмеспи, жол эрежеси бузулганы үчүн төлөнбөгөн айыппулдар жокпу, буга чейинки ээлери ким болчу, техникалык мүнөздөмөлөрү кандай деген сыяктуу суроолорго жооп алса болот. Маалыматтарды текшерүү үчүн www.portal.srs.kg сайтындагы "Транспорт" деген бөлүмгө кирип, мамлекеттик номерди теришиңиз керек болот. Маалымат алуу бекер. Аталган кызмат «Megapay», «Мой О!». мобилдик тиркемелеринде да жеткиликтүү.

Бул электрондук кызмат автоунаа сатууну же сатып алууну пландап жаткандарга чоң жардам болот.

Долбоор «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясынын негизинде ишке ашырылууда.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий