• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 6-13.01.2018

Аналитика 0

Салык компаниясы. Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу компаниясынын башталышы тууралуу жарыялады.

Декларациялык кампания эки баскыч менен өтөт. Ага ылайык, 1-мартка чейин – юридикалык жактар жана 1-апрелге чейин физикалык жактар өткөн жылдагы кирешелери тууралуу салык органдарына отчет берүүлөрү керек. Ошондой эле экономикалык ишмердиги, мүлктөрү жана жер тилкелери жөнүндө маалыматтарды тапшыруулары зарыл.

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин дыйкан жана фермерлик чарбалардан баштап атамекендик уюмдар, КРнын аймагында туруктуу мекемеси бар чет элдик уюмдар БСД тапшырууга милдеттүү.

Тейлөө кызматтары, салык жана инвестициялар. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын басымдуу бөлүгү 2017-жылга карата болжолдуу жыйынтыктар боюнча тейлөө тармактарына туура келет. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, ИДП көлөмү өткөн жылдын 11 айында 493 млрд сомду түзүп, мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5%га өскөн.

Ошону менен бирге ИДПнын түзүмүндө басымдуу бөлүгү тейлөө кызматтарына туура келип, жалпы көлөмү 49%ды түзөт. Өнөр жайдын үлүшү 18%, айыл чарба - 13%, курулуш – 8%”,- деп билдирди Улуттук статкомдун төрагасы Акылбек Султанов.

2017-жылдын 11 айында Кыргызстандын негизги капиталына салынган инвестициялардын көлөмү 145 млрд сомду түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине караганда 6,2%га өскөн. КРнынУлуттук статистика комитети билдиргендей, ошону менен бирге эле ички каржылоо булактарынан капиталдык салымдардын суммасы өскөнү белгиленген.

“Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү ички булактарын эсебинен 10%га (6,2%), тышкылардан 1,5%га өскөн. Негизги көлөм – 72%га жакыны пайдалуу кендерди казуу, электр энегриясы, газ, буу жана конденцацияланган аба менен камсыздоо жана жабдуу объекттеринин курулушуна, транспорт жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган“, - деп түшүндүрдү Султанов.

ЕАЭБ менен соодалашуу. ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара сооданын көлөмү 2017-жылдын 11 айында 2 млн АКШ долларынан ашып, 2016-жылдын көрсөткүчүнөн 14,3%га көбөйгөн.

Ошону менен бирге товарлардын экпорту 25,7%га, ал эми импорт – 11,2% өскөн. ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ичинен көп бөлүгү Россия (59,4%) жана Казакстанга (36,6%) туура келет.

“Россияга товар экспорттоодо трикотаж кийим-кече, кургактылган жемиштерди, каймак май, пияз жана сарымсак ташуу көбөйгөн. Ошол эле учурда буурчактарды жана чыңалуу шамдарын ташуу азайган”, - деп билдирди КР УСК башчысы А.Султанов.

Россиядан товар импорттоодо канаттуулардын этин жана андан жасалган продуктуларды, унаа каражаттарынын шиналарын, ун азыктарын, шоколад жана башка азык-түлүк продуктуларын ташуу өскөн. Аны менен бирге комитеттин төрагасы белгилегендей, түтүктөрдү жана профилдерди, боекторду жана лактарды, дары каражаттарын ташуу азайган.

Баалар - тамеки кымбаттайт. 2017-жылдын 11 айында Кыргызстанда тамекинин баасы 24,1% жана тейлөө кызматтарына 6,9% кымбаттаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча бул тенденция мындан ары улана бермекчи.

Расмий адамдардын маалыматында тамекинин баасынын өсүшү төмөнкүдөй түшүндүрүлөт: “Тамекинин баасынын көтөрүлүшү 2016-жылдын 13-декабрында өкмөттүн фильтрлүү жана фильтрсиз чылымдарга төмөнкү чекене бааны белгилөө жөнүндө токтомунун чыгышы менен шартталат. Бул токтомдо 2017-жылы республика боюнча чылымдын баасы 40 сом болору белгиленген”.

2017-жылдын аягында чыккан жаңы токтомго ылайык, тамекинин төмөнкү чекене баасы 2018-жылдын 1-январынан тарта республика боюнча 50 сом болот. Ошондой эле жыл сайын товар 10 сомго кымбаттап турат.

Жашоо минимуму жөнүндө. Өлкөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жашоо минимуму орточо 4 миң 979 сомду түзөт. Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу ал 2,2% же 106,5 сомго өскөн.

“2010-жылдан 2016-жылга чейин жыл сайын жашоо минимумунун өсүшү байкалган. Болгону 2012 жана 2016-жылдары жашоо минимуму төмөндөгөн”,- деп маалымдайт КР УСК.

ошентип, жашоо минимуму суммасы эмгекке жарамдуу курактагылар үчүн 5 миң 479 сом, пенсионерлерге – 5 миң 392 сом, 7 жашка чейикнки балдарга – 3 миң 658 сом, 7-14 жаштагы балдарга – 4 миң 325 жана 14-17 жаштагылар үчүн – 4 миң 710 сом.

Жарандык бюджет. КР Финансы министрлиги 2018-жылдын Жарандык бюджетин негизги бюджеттик маалыматтык ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн кеңейтилген форматта иштеп чыкты. Документ “2018-жылга карата КРнын республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжол жөнүндө” КР Мыйзамынын жарандык версиясы болуп саналат. Ал КР Бюджет кодексинин 16-беренесине ылайык, жарандарды бюджет жана бюджеттик процесстер менен кеңири тааныштыруу максатында даярдалган.

2018-жылга жаңы Жарандык бюджетте документте колдонулган атоолордун жана түшүнүктөрдүн тизмеси кеңейтилип, бюджеттик процесстерди жөнгө салган негизги нормативдик укуктук актылар кеңири чагылдырылган. КР бюджеттик системасынын түзүлүшү, бюджеттик процесстердин башкы катышуучулары жана алардын негизги милдеттери тууралуу маалымат камтылган.

Алгачкы жолу республикалык бюджетти түзүү графиги, тагыраагы, бюджеттик календарь берилди.

Британиядагы кескин өсүш. 2017-жылы Улуу Британиядан Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды салуунун көлөмү 2016-жыла караганда 44 эсе өскөн. КРнын экономика министри А.Новиковдун айтымында, “Улуу Британия негизги инвестор-өлкөлөрдүн бири, Улуу Британиядан түз чет элдик инвестициялар 2017-жылдын 9 айында 27,6 млн доллардан ашып, 2016-жылдын бул мезгилине салыштырганда 44 эсе өскөн”, - деп билдирди Улуу Британиянын элчиси менен жолугушууда А.Новиков.

Бириккен Королдуктун Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит “өткөн жылы алакаларда позитивдүү кадамдар жасалганын жана биздин милдетибиз экономикалык тармактан тышкары башка жааттарда да аракеттешүүлөрдү өнүктүрүү экенин” белгиледи.

Дипломат өлкөлөр ортосунда соода жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү потенциалы бар экенин кошумчалады.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий