• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 20-25.11.17

Аналитика 0

Дээрлик жарым миллиард. 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтын” ААК Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө дээрлик 459,51 млн сом которгон. Маалыматка ылайык, анын ичинен 84,34 млн сом – КР Социалдык фонддго жана 375,17 млн сом – салыктар менен дивиденттер.

Ошондой эле учурда “Кыргызалтын” ААКнын өндүрүштүк-каржылык ишмердигинен 80,82 млн сом таза киреше түшкөн.

Учурда “Кыргызалтын” ААКнын бардык өндүрүштүк кеңселерин эске алганда иштеген кызматкерлердин саны 2 056 адамды түзөт.

Спирттин кымбаттоосу. Кыргызстандын Өкмөтү алкоголдук продукцияга болгон акциздик салыктын коюмун көтөрдү. Жогорулатуу ташылып келинген жана республикада өндүрүлгөн алкоголго тиешелүү.

Өкмөттүн токтому 17-ноябрда кол коюлуп, жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Бул жаштар үчүн аз алкоголдук ичимдиктердин жеткиликтүүлүк деңгээлин азайтуу жана бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында жасалууда.

Шарапка акциздик салык коюму 1 литри үчүн 9 сомдон 12 сомго, сыра 14төн 17 сомго, коньяк – 42 сомдон 52 сомго өстү. Шампан – 34төн 45 сомго.

Кытай трансформатору. Токтогул ГЭСин кайра куруу негизги багыты болгон “Энергетика тармагын кайра калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда Токтогул ГЭСине 425 МВА кубаттуулуктагы 260 тонналык тарнсформатор жеткирилди.

Ташуу техникасы менен бирге салмагы 320 тонна болгон трансформаторду ГЭСке жеткирүү Кыргызстандын тарыхында жалгыз жана өзгөчө окуя болду. Себеби мындай жүк Өтмөк, Ала-Бел, Көк-Бел ашуулары аркылуу өттү.

Бул трансформатор JOC Technical Engineering Co., Ltd (КЭР) компаниясы тарабынан Токтогул ГЭСиндеги №2 агрегатты алмаштыруу үчүн жеткирилди. №2 агрегат үчүн калган жабдуулардын бардыгы мурда алынып келинген.

Россия колдоду. Россиянын Өкмөтү Кыргызстан менен 240 млн доллар РФга болгон карызды кечүү тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин протоколун жактырды. Ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору Мамлекеттик думага жөнөтүлдү.

Бул келишимге 2017-жылдын июнунда Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапарынын жүрүшүндө кол коюлган.

Ноябрдын башында Жогорку Кеңеш 240 млн долларды кечүү каралган Кыргызстандын Россияга карыздарын жөнгө салуу тууралуу келишимдин протоколун ратификациялаган.

Алкоголго көзөмөл. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирт ичимдиктерин өндүрүүнү жана айлантууну жөнгө салуу башкармалыгы пландык текшерүү учурунда бузуулар менен 340 бөтөлкө алкоголдук продукцияны аныктаган.

Ведомство пландык текшерүү учурунда “Форестер” ЖЧКсынын кампаларынан мыйзам бузууларды аныктаган.

Россияга ташуулар болот. Москвада чекене соода компанияларынын ассоциациясынын президиумунун төрагасы Ломакин-Румянцев жана РФ ири соода түйүндөрүнүн жетекчилери Кыргызстанга өз продукцияларын Россиянын соода түйүндөрүнө ташууга көмөк көрсөтүүгө даярдык билдиришти. Бул тууралуу КР экономика министри А.Новиков менен болгон сүйлөшүүлөр учурунда айтылды.

А.Новиков иштин жүрүшүндө көп компаниялар тартыларын белгиледи. Бул долбоорго товардын сапатына толук жоопкерчилик ала алуучу, ошондой эле тараптар ортосундагы “ишкердик алакаларга” аракеттешүүчү компаниялар жана алардын продукциялары катыша алышат.

Кыргызстандын өндүрүш компаниялары үчүн кирүү төлөмдөрүнө жеңилдиктер, ретро бонустар маанилүү.

Аз болгондо 1%. Эгерде кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрбөсө өлкөнүн ИДПсынын жоготуулары 1%га жетиши мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин республикалык бюджет талкууланган жыйынында билдирди.

Премьер Казакстан менен чек арадагы кырдаалга байланыштуу учурда ИДП жоготуулары 0,3% экенин белгиледи.

“Эгерде абал өзгөрбөсө, жоготуулар 1%га жетиши мүмкүн. Бул пессимисттик божомол. Өлкөнүн экономикасына чоң таасир бербейт”, - деди Исаков.

Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында товар өткөрүү боюнча кырдаал 2017-жылдын октябрынын башында курчуган. Ошондон тарта абал өзгөргөн жок.

Өндүрүш кубаты. Жыл аягына чейин Кыргызстанда үч ири өндүрүш ачылат. Бул тууралуу парламенттин республикалык бюджет талкууланган жыйынында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, жыл аягына чейин Кара-Балтада арматура чыгарган завод, Токмокто макарон азыктарын өндүргөн жана Ташкөмүрдө металлургиялык кремний чыгаруучу заводдор ишке киришет.

Логистикалык борбор үчүн берилүүчү жер. Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылдык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу үчүн 200 га жер бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон.

Индустриалдык-соода-логистикалык борборун түзүүнүн негизги максаттары болуп өнөр-жай, кайра иштетүү жана агроазык-түлүк секторун жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны, айыл чарба жана өнөр-жай товарларын экспорттоону жогорулатуу аркылуу аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана жергиликтүү калктын бакубаттуулугун жогорулатуу саналат.

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун «Нарын» эркин экономикалык аймагындагы Индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу долбоорун ишке ашыруу кичи жана орто бизнес ишканаларын өнүктүрүүгө жана 3000 жаңы жумушчу орунду түзүүгө багытталат. Индустриалдык-соода-логистикалык борборун курууга инвесторлор тартылат.

Индустриалдык-соода-логистикалык борбору төмөнкү зоналардан турат: соода, логистикалык жана индустриалдык.

Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий