• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикасына 10 млн сом чегерген чет өлкөлүк жаран беш жылга виза алууга укуктуу болот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын экономикасына 10 млн сом чегерген чет өлкөлүк жаран беш жылга виза алууга укуктуу болот. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапты.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 11-январдагы жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга виза алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, мыйзам долбоору менен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн виза алуу жөнөкөйлөшөт. Ошондой эле аны колдонуу мөөнөтү көбөйөт жана өлкөнүн экономикасына салым кошуунун бир нече варианты берилет.

“Өлкөнүн экономикасына 10 млн сомдон кем эмес сумма чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам беш жылга виза алууга укуктуу болот жана 20 млн сомдон кем эмес сумманы чегергендер 10 жылга виза алууга укук алат”, - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, чет өлкөлүк жарандар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу бир кыйла узак мөөнөттү алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Пикир

Оставить комментарий