• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экспортчуларында 1-июлдан тарта көйгөйлөр жаралат – Өскөнбаева президентке арызданды

Экономика 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын экспорт менен алектенген ишкерлеринде 1-июлдан тарта көйгөйлөр жаралат. Бул тууралуу Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкерчилик комитетинин биринчи отурумунда Өндүрүш продукцияларын жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Өскөнбаева билдирди.

Ал белгилегендей, ЕАЭБдеги экспортчулар үчүн 1-июлдан тарта электрондук-санарип кол тамгасы бар электрондук эсеп-кысабы киргизилүүдө. Бирок, "Инфоком" мамлекеттик ишканасында 90 сом турган кол тамганы алардын системасы Мамлекеттик салык кызматы менен интеграция болбогондуктан алууга мүмкүн эмес.

Өскөнбаеванын айтымында, аларды эки жеке компаниядан 1900 сомго жана кошумча кызмат акысына алууга болот.

"Продукцияларды экспорттогусу келген фермерлер кол тамга үчүн Бишкекке келиши керек болуп калууда", - деп айткан Өскөнбаева, президенттен бул маселеге көңүл буруусун суранды.

Мамлекет башчы бул маселени карап чыга тургандыгын убадалады.

Пикир

Оставить комментарий