• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын элчилиги Түштүк Кореянын Чхунчхон-Намдо провинциясы менен кызматташууну жандандырууда

Саясат 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-октябрында Йесан шаарында (Түштүк Корея) Чхунчхон-Намдо провинциясы тарабынан уюштурулган Сары деңиз боюнча жетинчи эл аралык форум болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, форумга Чхунчхон-Намдо провинциясынын губернатору, Түштүк Корея Улуттук Ассамблеясынын депутаттары, Корея мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле Кытай, Япония, Вьетнам жана Кыргызстандын элчилера катышкан.

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова форумда сөз сүйлөп, анда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы жана Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын келечеги жөнүндө айтылды.

Коронавирустук пандемияга каршы күрөшүү боюнча аймактар ​​аралык кызматташууга арналган атайын сессияда Кыргызстандын элчиси Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өлкөдөгү пандемияга каршы күрөшүүдөгү аракеттери тууралуу айтып, ооруканаларды куруу жана модернизациялоо, медициналык кадрларды даярдоо, Кыргыз Республикасынын аймактарында инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга жана потенциалды өнүктүрүү жаатында кеңири кызматташууга чакырды.

Кыргызстандын элчиси ошондой эле провинциясынын губернатору Янг Сын Жо жана Чхунчхон-Намдо администрациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү, анда туризм инфраструктурасын, айыл чарбаны, жашыл энергетиканы өнүктүрүү, соода-логистикалык борборлорду куруу, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы долбоорлорду илгерилетүү, “Акылдуу шаар” (Smart City) боюнча соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды.

Элчи Кемелова ошондой эле кыргызстандык жумушчулардын чоң эмгек потенциалын белгилеп, кыргыз жарандарды EPS системасы боюнча жана сезондук жумуштарга жалдоону сунуштады.

Динара Кемелова Ысык-Көл облусу менен Чхунчхон-Намдо провинциясынын ортосундагы боордоштук мамилелер боюнча келишим түзүү боюнча сунушту эске салды.

Өз кезегинде корей тарап Бишкек шаары, ошондой эле жаштар саясаты жана спорт боюнча мамлекеттик орган менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө элчилик бул провинцияда жашаган Кыргызстандын жарандары жана «Бишкек» кафесин ачкан Тен Валентина менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий