• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаев Рим папасына ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Кыргызстандын ыйык тактыдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев Рим папасы Францискке ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Рим папасы Франциск менен болгон жолугушууда Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан саламын жана жакшы каалоо-тилектерин айтты. Өзүнүн кайрылуусунда Рим папасы Франциск эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын деңгээлине канааттануусун билдирди, ошондой эле Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Элчи Абдылдаев Ватиканга болгон иш сапарынын алкагында, ошондой эле Ватикандын мамлекеттик катчысы (премьер-министри) – кардинал Пьетро Паролин, мамлекеттик катчынын жалпы маселелер боюнча орун басары Эдгар Парра, мамлекеттер менен байланыштар боюнча катчы (Ватикандын тышкы иштери министри) Пол Галлахер жана Ватикандын протокол кызматынын башчысы Джозеф Мерфи менен жолугушту.

Жогорудагы жолугушуулардын жүрүшүндө Эрлан Абдылдаев маектештерди Кыргыз Республикасындагы болуп жаткан саясий жана экономикалык реформалардын негизги багыттары тууралуу маалымдады, Кыргыз Республикасы менен Ватикандын ортосундагы түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Ватикан ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын биргелешип белгилөө тууралуу пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий