• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын элчиси Катарда коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине арналган видеоконференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. 24-июнь күнү Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын Кризистерди жөнгө салуу боюнча жогорку комитетинин расмий өкүлү Лолва бинт Рашид Аль-Хатер жана Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын катышуусундагы видеоконференцияга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган иш-чара Катардын коронавирустун (COVID-19) жайылышын алдын алуу боюнча аракеттерине байланыштуу иш-чараларга арналган. Видеоконференциянын жүрүшүндө Кризистерди жөнгө салуу боюнча жогорку комитетинин расмий өкүлү Лолва бинт Рашид Аль-Хатер Катардын өкмөтүнүн бул багытта көрүлүп жаткан акыркы аракеттери жана чаралары, ошондой эле коронавирус пандемиясына байланыштуу Катарда киргизилген чектөөлөрдү алуу шарттарындагы иштөө тартиби жөнүндө маалымат берген.

Пикир

Оставить комментарий