• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын элчиси Латвия Сейминин вице-спикери менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кечээ, 11-октябрда резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргызстандын Латвиядагы элчиси Эрмек Ибраимовдун Латвия Сейминин вице-спикери Дагмара Бейтнере-Ле Галла менен онлайн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташуусунун алкагында, ошондой эле парламенттер аралык достук тобунун башчыларынын деңгээлинде өз ара визиттерди жана эки тараптуу күн тартибиндеги кызматташтыгынын бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

Кыргыз тарабы үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумга катышуу үчүн Латвиядан олуттуу расмий жана бизнес делегациясын күтүүдө.

Ушул жылдын 28-ноябрында КР Жогорку Кеңешине боло турган парламенттик шайлоолорго байланыштуу Латвия Сейминин вице-спикери тынч кырдаалда өтүүсүнө, андан ары КР ЖК жаңы курамы менен жемиштүү кызматташтыкка ишеним билдирди. Ошону менен бирге, 2022-жылы Латвияда да парламенттик шайлоо болот деп белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий