• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-герман мамилелерин өнүктүрүү маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Луттенберг менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу учурунда кыргыз-герман мамилелерин өнүктүрүү, быйылкы жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында биргелешкен иш-чараларды жана өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Элчи Текебаев Бишкек шаарында ушул жылдын 13-14-июнунда боло турган Кыргыз-герман бизнес-форуму жана Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму тууралуу билдирди.

Эл аралык кырдаал, Кыргызстан менен Европалык Биримдиктин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү жана ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелер боюнча пикир жана маалымат алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий